Шарт түзсө да кемитпей, дарыгер дале жетишпей…

Ысык-Көл

Өткөн жыл жыйынтыгы менен Көл өрөөнүндө 152 дарыгердин, анын ичинен үй-бүлөлүк 82 кесип ээсинин жетишсиздиги белгиленген.

Ак-Суу жана Түп райондоруна – 26дан, Жети-Өгүзгө – 20, Ысык-Көлгө – 17, Тоңго – 15, ал эми Балыкчы менен Каракол шаарларына 25-23төн дарыгерлер белгиленгенден кем болуп чыккан. Ошондон улам, жер-жерлерде кесиптик тажрыйбасы мол, бирок, эмгектик эс алуу курагынан эбак өткөн дарыгерлер баягы иш орундарында баягысындай эле бейтаптарды кабыл алып, дарылап жүрүшкөнү азыр эч кимге деле жаңылык эмес. Дарылоо мекемелерине келген жогорку билимдүү жаш кадрларды турмуш-тиричилик жагынан камкордукка алууда “Медицина кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Жети-Өгүз районунда – “Ысык-Көл” фондунан 3,5 млн. сомго 8 орундук жатакана, “Кумтөр” ишканасынын 562 миң сом колдоосу менен Тоң, өз каражат эсебинен Түп аймактык ооруканасына экиден батир даярдап берип, Ак-Суу районунда – 8, Балыкчы шаарында 13 дарыгерге 1000 сомдон, Караколдогу 4 жаш дарыгердин айлыктарына 7000 сомдон кошумча акча төлөшкөн.

Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”