Жергиликтүү өндүрүүчүлөр колдоого алынат

Жергиликтүү продукция өзүбүздүн дүкөндөрүбүздө атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Премьер-министр М. Абылгазиев көчмө жыйында билдирди

Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы алдыңкы чекене соода супермаркеттердин бирине барып, анда коюлган продукциялардын номенклатурасы жана көзөмөл-кассалык машинанын иши, сатыктагы ликер-арак ичимдиктеринин акциздик маркаларынын болушу менен таанышты. Мен ата мекендик продукциялар дүкөндөрдө кандай сатылары тууралуу жеке таанышуу максатында борбор калаанын көптөгөн супермаркеттерин атайын кыдырууну чечтим. Сунушталган алкоголдук продукциялардын жарымы импорттук экендигине көзүбүз жетти. Кондитердик азык-түлүктөр боюнча биз коңшулардан артта калып жатабыз. Мындай товарлардын дээрлик бардыгы тыштан ташылып келген. Биздин продукциялар импорттук товарлардан эч кем калышпайт. Алар экологиялык жактан таза, курамында генетикалык модификацияланган органикалык заттар камтылган эмес. Эң башкысы – бул биздин, жергиликтүү товар. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо керек. Бул үчүн аларды колдоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыгат. Айыл чарба продукцияларынын дээрлик 50%ы импорттук. Агрардык өлкө экендигибизди эске алганда бул жагымсыз көрсөткүч. Дүкөндөрдү жергиликтүү дыйкандар өстүргөн продукциялар менен толтуруу үчүн шарттарды түзүү керек, — деди М.Абылгазиев. Өкмөт башчы дүкөндү көрүп чыккандан кийин ата мекендик продукцияларды илгерилетүү жана импортту алмаштыруу маселелерин талкуулаган кеңешме өткөрдү. Ага Бишкек шаарынын ири чекене соода түйүндөрүнүн дүкөндөрүнүн жетекчилери катышышты. Премьер-министр сооданын уюшулган түрүнө өтүү зарылдыгын белгиледи. — 2010-жылы чекене соода көлөмү 136 млрд. сомду түзсө, 2019-жылы 405 млрд. сом болгон. Уюшулган сооданын үлүшү 60%дан ашкан. Бул көчө соодасы акырындык менен цивилизациялуу болуп бара жатканын айтып турат. Биз «Made in KG» брендинин алдындагы товарлардын саны дүкөндөрүбүздө көбөйүшүнө жетишишибиз керек, — деп билдирди М. Абылгазиев кеңешмеде

С Орозов «Кыргыз Туусу»