«Согуштун баласынын» эскерүүсү

Улуу Ата Мекендик согуш убагында төрөлгөн, балалыгы өткөн балдарды жалпысынан “согуштун балдары” деп да атап жүрүшөт. Мен ошолордун биримин. 1941-жылы согуш башталганда чоң атам Казакбайдын үч уулу болгон экен. Эң улуусу -Жаатбек, ортончусу – Тобокел, кичүү баласы Жүзү. Мен Жаатбектин улуу баласымын, менин атымды Жүзү агамдын атына уйкаштырып Жүзүбай деп ат коюшуптур. Совет мезгилиндеги орусча жазуу өнөкөтүнөн улам документтерге Жусупбай болуп жазылып калган.

Аттанганда эле жаман жорук болгон экен…

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ошол согуштун катышуучусу жана курмандыгы Жүзү агам жөнүндө эскерип коюуну туура көрдүм. Согуш башталган учурда ал колхоздо эсепчи болуп иштеп жүргөнү эсимде. Мен анда 5-6 жаштагы эс тартып калган бала элем. Колхоздун сары тору жоргосун “кызматтык ат” катарында минип жүрчү. Ал кезде кат тааныган билимдүү адам аз болгондуктан, эртелеп “актив” болгонуна караганда, агам алардын катарында окшойт.

Апамдын айтуусунда, ал ошол кездеги Мекенди коргоого чакырык үгүттөн улам, 1942-жылы 17 жашында бир жаш коштуруп жаздырып алып (ал учурда адамдардын туулган датасы так деле жазылчу эмес экен), ыктыярдуу түрдө аскерге чакырууну суранган. Мындайлар ал учурда көп эле болуптур. Агамдын аскерге жөнөтүлүшүнө байланыштуу дагы бир окуяны чоң атам кийин айтып берген.

Ошентип, 1942-жылы сентябрда Талас шаарынан чоң атам Казакбай уулу Жүзүнү армияга узатканы кулундуу боз бээсин минип, Жүзү байкем кызматтык сары торусун минип, аскер комиссариатына келишет. Аттарды байлашып комиссариаттын короосуна кирип кетишет. Антип-минтип, аскерге кетчүлөр такталып, жөнөтүлгөнчө бир топ убакыт өтүп, чоң атам анан сыртка чыкса, жоргону бирөө уурдап кеткен болот. Издеп, таппай, колхозго ат төлөмөр болуп калганын айтып берсе, чоң энем Атыкан ууруну каргап-шилейт. Бир жагынан уулунун согушка кеткенине кайгырса, экинчи жагынан чарбанын жылкысын уурдап төлөмөр болгонуна абдан кейишет.

Алгач Жүзү агамдан аскердик үч бурчтук каттар үзбөй келип турат. 1943-жылдын июлунан баштап кат келбей калат. Көрсө, 1943-жылдын 23-июлунда 18 жашында салгылаш учурунда офицери жана катардагы жоокери болуп 19 адам курчоодо калып, салгылашып жатып каза болушуптур. Бирок, убагында ал билинген эмес жана Жүзү агам дайынсыз болгондордун катарында жүргөн.

Баатырларды барктагандарга ыраазы болдум

Андан кийин убакыт зымырап учуп, чоң атам Казакбай 1952-жылы 72 жаш курагында, чоң энем Атыкан 1968-жылы 82 жаш курагында оо дүйнө салышты. Бирок, ушунча жыл уулунан кабар күтүп жүрүп өтүштү.

Кийинки жылдары Россиянын бийлиги жана жарандары Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун сөөктөрүн казып, сакталып калган ар кайсы буюмдарынан алардын аты-жөндөрүн такташып, интернет аркылуу урук туугандарын издеп табышып, чоң соопчулук иш кылышууда.

Менда ушундан улам, агам Жүзүнүн дарегин издеп, Бишкектеги неберелерим Талгат, Урмат жана Улуктан сурандым. Алар 2-3 күн издеп таба алышпады. Анан Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин сайтынан сурап билүүгө боло турганын билдик. Сайтта өлгөн жоокерлердин армияга кайсыл аскер комиссариатынан качан, кайсыл жерден чакырылганы, кайсыл жерде каза тапканы сыяктуу маалыматтар бар экен.

Ошентип, ал жакка кайрылып, төмөнкүдөй маалыматты таптык: “Казакбаев Джузо (орусча жазылганы), кызыл аскерчи, автоматчы, партияда жок, 1923-жылы туулган, Кыргыз ССРинен, Фрунзе областынын Буденный районунун, “Коминтерн” колхозунан аскерге чакырылган. 23.07.1943-ж. өлгөн, сөөгү Смоленск областынын Духовшин районунун Дмитровка кыштагында коюлган. Атасы Супатаев Казакбай, Кыргыз ССРинен, Фрунзе областынын Буденный районунун, Кара-Суу айылдык совети, “Коминтерн” колхозу”.

Неберем Урмат Духовшин райондук комиссариатына кат жазып, барсак кантип барарыбызды сураса мындай жооп келди: “Духовшин районунун архивдик документтерин териштирип, “Мемориал” Интернет сайтына чыккан аныктамалар боюнча 185-аткычтар дивизиясынын кызыл армиячысы Казакбаев Джузо 23.07.1943-ж. ок жеп каза болуп, сөөгү Дмитровка кыштагында коюлган. Кийин курман болгон жоокерлердин сөөктөрү казып алынып, алар №4 боордоштук көрүстөнүнө кайра жерге берилген. Казакбаев Джузо №3330 номер менен кайра көмүлгөндөрдүн тизмесине киргизилгендиги белгилүү болду. Ал көрүстөндө баатырдык менен курман болушкан 3500 жоокердин сөөгү бар. Бул эстеликти карап, гүл тигип жашылдандырып туруу ошол кыштактын Пречистен орто мектебине жүктөлүп, айылдык бийликтин көзөмөлүндө”.

2018-жылы байкемдин арбагы ыраазы болсун деп 81 жаш курагымда кызым Кадыр, келиним Айгүл, неберелерим Улукбек, Кубанычбек болуп көрүстөнгө барып, айылдан чүпүрөккө түйө барган топуракты салып, куран окудук.

Өзүм да ошондон кийин жеңилдеп, жүрөгүмдү өйүгөн нерседен арылгандай болдум. Анан көкүрөктү өйүгөн төмөнкү саптарды жаздым.

Жол жээгинде ак кайың,

Арасында жаш кайың.

Жаш кайың сынып калгандай,

Дүйнөдөн өттү жаш чагың.

Арбагың эстеп агатай,

Мүрзөңдү издеп жол тарттым…

***

…Туулуп өскөн жериңден,

Топурак салдым мүрзөңө.

Куран окуп өзүңө,

Бата кылдым арбакка,

Сөөгүң сенин коюлган,

Темир тосмо чарбакка.

***

Жоокерге салган эстелик,

Жанында турам эскерип.

Ата-энең өткөн дүйнөдөн,

Жол карап күн-түн өткөрүп.

***

Түйшөлтүп жүргөн көп

жылдар,

Ыймандай сырым

арнадым.

Жаткан жериң жай болуп,

Ыраазы болсун арбагың.

 

Жусупбай КАЗАКБАЕВ, эмгек ардагери,

Ардак белгиси орденинин, бир нече медалдардын кавалери,

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасынын ээси.