Балдар адабиятынын багбаны

Балдар адабияты — көркөм сөз өнөрүнүн ажырагыс бөлүгү. Тоо койнуна мөлтүр кашка булак кандай жандуу жарашык тартууласа, балдар адабияты деле жалпы адабий турмуштун көркүн көйкөлтүп ачат, тамырына күлүк кан жүгүртөт. Биз бул макалада Кыргыз Республикасынын Эл акыны, А.Осмонов жана Т.Молдо атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты Токтосун Самудиновдун чыгармачылыгына токтолуп өтөбүз.

Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын башында Т.Самудинов «Тоолор гана көрүшпөйт» ыр китеби менен адабият майданына кирип келди («Кыргызстан», 1971, 34б). Ошондон бери далай суулар акты. Токтосун Самудинов өзүнүн жарым кылымды чапчыган чыгармачылык жолунда «Салам кат», «Ат чабыш», «Бешик ыры», «Кол чатыр», «Чаң баспасын сөздөрдү», «Ар бакчадан бирден гүл» ж. б. китептерди жаратты. Кыргыз балдар поэзиясынын профессионалдык деңгээлин жогорулатууга опол тоодой салым кошту. Балдарга көркөм-эстетикалык дил азык, адабий ырахат тартуулоо акындан ары терең, ары бийик даярдыкты талап кылат эмеспи. Бул багытта Т.Самудинов катуу изденди, дүйнөлүк балдар адабиятын казып окуду. Эң эле маанилүүсү: котормо өнөрү менен машыгып көрдү. Атап айтсак, В.Инбер, А.Куприн, К.Симонов, М.Кильчичаков ж.б. авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине оодарды.

Индиянын улуу ойчулу Махатма Гандинин нускоосуна таянгандай, Токтосун Самудинов тээ башынан бала менен теңата сүйлөшүп, өнө боюн, айтар оюн бирдей кылып, өз ара эркин пикир алмашып, жайдары маанайда ыр жазууга көнүктү.1977-жылдын январында кыргыз балдарынын «Байчечекей» журналы эрте жаздын эрке жытын буркуратып, ак Шооласын жылтыратып, көз жарды! Көөнө орус жазуучуларынын «Биз Гоголдун шинелинен чыкканбыз» деген уламышка, аңызга айланган учкул сөзү бар. Дал ошонун сыңарындай, Токтосун Самудинов жетектеген «Байчечекей» журналы балдардын баёо сезимин ойготуп, көптөгөн кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармачылык өнөрканасына, адабий лабораториясына айланды. Биздин ушул улуу устатыбыз өтө кыйын өткөөл учурда, мамлекет басма сөздүн эмес, карапайым калктын кардын элдир-селдир тойгуза албай калган кезде да, «Байчечекей» басылмасын таштабады. Ошентип, самудиновдук байчечекейлер кырк жылдан ашуун убакытты артта калтырып, баягыдай бажырайган бойдон турат! Т.Самудинов дээрлик бардык ырларында баланын жаш өзгөчөлүгүнө карата сөз табат, көз табат. Мотурайган кичинекей досторубузга баланын тили менен кайрылат. Жөпжөнөкөй, күнүмдүк жашоо-турмушта колдонулуучу сөздөр менен ырайы, чырайы ысык ырдын сүрөтүн тартат. Акындын «Жаңы жыл» деген ырын окуп көрөлү.Күндөй жылуу үй ичи, Сыртта бороон, сыртта кар.Саймалаган, түрлөгөн Аяз деген уста бар.Ырдап жана бийлесек, Балатыны айланып, Оюнчуктар жарданып, Бизди карайт таңданып. Кары дебей, жаш дебей, Куттуктаган бир-бирин Жымың этип жылдыздай, Жыл жаңыртан күн бүгүн. Сүрөткер акын бул ырында терезеге сайма сайган Аяз устанын образын баланын сезим-туюму менен ачат. Оюнчуктарга жан киргизип, «бизди карайт таңданып» деп айтат. Кандай сонун метафоралар! Куттуктайбыз» деген ырда сары алтындай сайкашка саптар бар:

Гүл болсо да кагаздан,

Гүл болсо да сүрөттөн,

Апабызды кубантып,

Куттуктайбыз жүрөктөн.

Бул саптардан кош эгиз маани-маңыз көрүнөт. Биринчиден, апаларды, ак элечек энелерди сыйлоо, урматтоо эскертилет. Экинчиден, кандайдыр бир үнсүз чакырыктын ичинде «Жаратылышты жабыркатпагыла! Гүлдөрдү үзбөгүлө! Андан көрө апаңарга кагаздан гүл жасап, же гүлдүн сүрөтүн тартып берсеңер да болот» деген аста насыйкат айтылгансыйт. Акындын «Тайталаш» аттуу ырында «чү!» деген жерден тентек, өжөр, кежир баланын мүнөзү көз алдыбызга тартылат: «Эртең десем — бүгүн дейт, Токто десем – жүгүр дейт. Ысык десем – муздак дейт. Шаар десем – кыштак дейт». Ошондой эле акын ушул ырдын өзүндө «ойгон-укта», «бүттү-бүтпөйт», «узун-кыска» деген антоним сөздөргө басым жасайт. Балдарга полемикалуу көрүнүштү, кызыктуу сөз оюнун көрсөтүп, алардын ой өрүшүн өстүрөт.Тилдик көндүмдү эртерээк калыптандырууга бел байлайт. Бөбөктөрдүн сөздүк корун, лексиконун байытуунун ар башка жолдорун издейт. Ал эми «Таарынчаак тамга» деген ырында балдардын тапкычтыгын арттырууну көздөйт.

Үй үстүндө… атырда

Жазга дейре кар жатат.

Апам… айды кастарлап,

Ак… айнекке кайнатат.

Зээндүү, зирек кенже окурмандар жогорудагы ырда «ч» тамгасы таарынчаак, кежир баладай тетири басып, катардан түшүп калгандыгын издеп табышат.Макаланын көлөмүнө карап, биз төрт ырга гана токтолдук. Айтор, кыргыз балдар поэзиясынын падышасы жаш муундарга табышмактарды, жаңылмачтарды, шарадаларды, куудул-куунак айтымдарды, оюн ырларды, ж.б. көркөм баалуулуктарды ак пейил чын дилинен талбай тартуулап келет.Т.Самудиновдун чыгармаларында кургак сөздөр, супсак ойлор, жасалмалуулук, чийки образдар жок! Биз Токтосун агайдын балдар поэзиясында ээлеген бараандуу караанына көңүл бурдук. Албетте, акындын пародия жазуу багытындагы орду деле абдан чоң. Демек, Токтосун Самудиновдун кара кылды как жарган кашкайган калыстыгы боюнча кыргыз адабий айдыңындагы үлкөн пародиячы экендиги – талашсыз чындык. (Бул – өзүнчө кылдат иликтөөнү талап кылган олуттуу тема – Т.А.).Совет доорундагы орус адабиятында Корней Чуковский, Агния Барто, Самуил Маршак өңдүү дөө-шаалар бар эле. Алар өздөрүнүн бардык күч-кубатын, өмүр-күнүн, жашоо-саатын бүт бойдон балдар адабиятына сарпташты. Ошондой өрнөктүн биздин адабиятыбызда да пайда болгондугун Токтосун агабыздын өмүр жолунан, чыгармачылык дасмиясынан азыр даана көрүп олтурабыз. Дүйнөлүк адабиятты терең өздөштүргөндүгү, балдарга жагымдуу адабий чөйрөнү түзгөндүгү, келечекке кенен карап, бир топ шакирттердин башын бириктирип тарбиялагандыгы боюнча Токтосун Самудиновду мен Корней Чуковскийге көбүрөөк окшоштурам. Ии, баса, немис ага-ини Гриммдер, итальян Жанни Родари, чех Ладислав Кухта, орус Николай Носов, азербайжан Ильяс Тапдыг, белорус Василь Витка, молдован Спиридон Вангели, казак Музафар Алимбаев, өзбек Хаким Назир жана биздин макалабыздын каарманы ак жүрөгүн БАЛДАРГА арнашты. Сөзүмдүн аягында алпакын Токтосун Самудиновдун Х.К.Андерсен атындагы Эл аралык адабий сыйлыкка жана поляк балдарына таандык «Жылмаюу» орденине эң татыктуу талапкер экендигин айткым келет. Бар болуңуз, кыргыз элинин Корней Чуковскийи!

Тайир АШИРБАЙ, мугалим, Лейлек району