Жолдошбековдун көзүнө операция талап кылынбайт

Индиядагы Азия чемпионатында көзүнөн жаракат алган балбан Улукбек Жолдошбековго дарыгерлер «каректи сыртынан каптап турган айнектей тунук челдин эки каты айрылып кеткен» деген диагноз коюшту. Бактыга жараша жаракаты оор эмес экен. Эч кандай опперация талап кылынбайт

“У.Жолдошбековдун көзү 7-10 күн аралыгында өзүнүн калыбына келет. Аз убакыттын кийин машыгуусун улантып, мелдештерге катыша берсе болот”, – дешет дарыгерлер. Улукбек Жолдошбеков учурда спорттук медициналык борбордо дарыланууда. Ал эми анын дарылануусуна кеткен чыгымды Спорт агенттиги каржыламакчы. Эске салсак, балбан Бишкекке 24-февралда келген.Ал аэропортто, чейрек финалда иран балбаны менен күрөшүп жатканда, көзүнө атаандашынын колу кирип кеткенин, ошондон улам жакшы көрбөй жатканын айтып берген. Спортчунун айтымында, аны экинчи айлампада эле оюндан чыгаралы дешкен. Бирок, беттегенин бербей, индус балбанын утуп, финалга жолдомо алган. Саламаттыгынан улам финалдык беттештерден баш тартууга туура келген. Деген менен, белин бекем бууган балбан тажикстандык Мухамад Икромовду утуп, Азия чемпиону болду.Улукбек Жолдошбеков Индиядагы Азия чемпионатында алтын байге алгандан кийин өз салмагында (61 кг) 40-орундан 8-орунга көтөрүлдү. Улукбек эркин күрөштү аркалаган балбандын сап башы болуп келет. Ал былтыр 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана Дүйнө чемпионатын багындырган. Ошон- дой эле бир катар эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон.

А. АКИМБАЕВА «Кыргыз Туусу»