“Чопиевдин чоңко мүнөз сатираларына пикирлер”

Китептин аталышы эле айтып тургандай, жыйнакка белгилүү акын, сатирачы Алишер уулу Эсенгул Чопиевдин чыгармачылыгы жөнүндө калкка кадырлуу акын-жазуучулардын жана эл арасындагы айрым окурмандардын ар кайсы жылдарда ар түрдүү басылмаларга жарыяланган ой-пикирлери топтоштурулган экен.

Китепке баш сөз жазган журналист Теңиз Төлөмүшев: “…Анын сыр билги, тил билги мүнөзү суктанарлык. Тилине май төшөп, калемпир… мурч кошулган кермек, укумчул сөздөрдү жандантып сүйлөйт. Тамашага, азилге, күлкүгө ынак. Э.Чопиевдин сатиралары кыргыз сатирасынын жетишкендиги катары бааланып, улуттук сатира жанрына кошкон жаңылыктары жөнүндө адилеттүү сын пикирлер айтылып жана жазылып жүрөт” деп калыс сөзүн айткандай, Э.Чопиев тууралуу Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков: “Сиз жөн сатирик эмес, философ сатириксиз. Ушундай кооптуу заманда коркпой сатира жазып, ушул жанрды сактап калышыңыз менен анык баатырдын баатыры экенсиз”, сынчы Санарбек Карымшаков: “К.Мамбеталиев деген жигит “Сатиранын тарыхы” боюнча докторлук ишин жактады. Ошондо 20-кылымда сатира жанрынын деңгээлин көтөргөндөрдүн арасында сиз жүрөсүз. Студенттерге сиздин сатираларды окутуп жатабыз”, Кыргыз эл акыны Омор Султанов: “Сенде чыгармачыл натура, нарк, насип, мүнөз бар экен. Дайым бир калыпта жүргөнүңдү байкайм. Кыргыз адабиятында сага окшогон жыйырма эле адам болсо, адабиятыбыз эч качан өлбөйт” дешсе, жазуучу Сейит Жетимишов аны “адабияттын жолборсу” атаган.

Кыргыз билим берүү академиясына, КРнын УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна кат жолдогон О.Султанов, К.Ашымбаев, А.Жакшылыков, А.Рыскулов, Ш.Абдылдаев баштаган акын-жазуучулардын жоон тобу “Э.Чопиевдин сатираларын мектеп программасына коркпой-үркпөй эле киргизүү зарылдыгы бар деп эсептейбиз” деген сунуш менен кайрылышса, айтылуу Эсенбай Нурушев акын сатирик Эсенгул Чопиевди “Укумчул сөздүн устаты” катары баалап: “Мындан бир топ жыл илгери аттуу-баштуу жоон топ акындар, жазуучулар Эсенгул Чопиевдин чыгармаларын, айрыкча тамсилдерин окуу программаларына киргизсе болорун атайы айтышкан экен. Бирок, сатириктер, Ежи Ленц айткандай, мындай конкурста жеңе албайт, анткени алардын каармандары ушундай маселени чече турган мекемелерде же жюриде отурушат”, – деп так кесер чындыкты айтыптыр.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”