«Кулк мүнөзүмдүн 95%ы атамдыкы»

Манас АЛЫКУЛОВ, тамада, куудул:

 Белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун көзү тирүү болгондо, быйыл 60 жашка чыкмак. Коомчулукка “Шорпо” каймана аты менен таанымал болгон пародист, мындан 6 жыл мурун, тактап айтканда, 2014-жылы 20-июлда оорудан улам көз жумган. 3-мартта Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониядат Ж. Алыкуловдун жаркын элесине арналган куудулдардын кечеси өтмөкчү. Ага “Шорпонун” курбалдаштары, замандаштары катышмакчы. Иш-чаранын уюштуруучусу, куудулдун уулу Манас Алыкулов менен ат жалында маек курдук

Эскерүү кечесин өткөргөнү жатыпсыз, даярдыктарыңыз кандай?

– Кудай буюрса жакшы. Иш-чара тууралуу угуп, кызыгуулары артып, телефон чалып сурагандар аябай көп болууда. Билеттерибиз да жакшы сатылып жатат. Концертке атамды жакындан тааныган жакшы санаалаштары, чогуу иштеген кесиптештери ж.б. катышат. Концерт жогорку деңгээлде өтөт деген ишеничтемин.

– Жаныбек агайдын кант диабети менен ооруганын билчүбүз бул дарт менен канча убакыт күрөштү?

– Оору менен 5-6 жылдай күрөштү.

– Негизи атаңыз ден соолугуна кандай кам көрчү эле?

– Ушул сурооңузга жооп берүүдөн баш тартсам болобу?

– Каалооңуз болсун. Куудулдун артында 4 уул, 2 кызы калган. Сизди жана иниңиз Гүлжигитти кыргыз эли жазбай тааныйт. Башка балдары эмне менен алек? Бир туугандарыңыз тууралуу айтып бериңизчи?

– Ооба, биз алты бир тууганбыз. Кудайга шүгүр, баарыбыз турмушта өз жолубузду, өз ордубузду таптык. Иштеген ишибиз, кыларга жумушубуз бар дегендей. Эжелерим Айжан, Нуржамал экөөи тең мамлекеттик кызматкерлер. Агаларым Алмаз, Жанар. Бири аскер кызматында, бири милицияда иштейт. Мен болсо атамдын изи менен сахна жолун тандадым. Иним Гүлжигит футбол талаасында аздыр-көптүр ийгиликтерди жаратып келатат.

– Атаңыз көзү тирүү кезинде берген маектеринин биринде: “Манасымдан үмүтүм зор”, – деп сизге болгон ишеничи чоң экенин айтыптыр?

– Атам баарыбызга тең дем берип, шыктандырып турганга аракет кылчу. Бал дарына бирдей, тегиз караганга тырышты. Мага эле эмес, Гүлжигитке дагы чоң ишенич артар эле. Учурда колубуздан келишинче, ата-энебиздин ак сүтүн, тилегин, үмүтүн актаганга далалат кылып келатабыз.

– Атанын атын алып жүрүү сиз үчүн канчалык сыймык же канчалык оор?

– Мени көпчүлүк учурда Жаныбек Алыкуловдун баласы деп таанышат жана сыйлашат. “Атаң өлсө дагы, атаңды көргөн өлбөсүн” дегендей атамды билгендердин айтып отурганын угуп, атамдын атына кир жугузбаганга аракет кылам. Ал эми оор болгондо кандай. Мектепте окуп жүргөндө кээде “2” алып калчумун. Ошондо: “Жаныбектин баласы сабакты окубай келиптир, эки алыптыр”, – деген сөздү угуу мен үчүн кыйын болчу.

– Сизде атаңыздын кайсы мүнөздөрү калыптанган?

– Апамдын айтуусу боюнча, менин кулк мүнөзүмдүн 95 пайызы атамдыкы. Атам жарыктык киши ушунчалык боорукер, ак көңүл, кең пейил, колу ачык,берешен киши болгон. Жолдо кетип баратып, үшүгөн кишини көрсө, үстүндөгү курткасын, ал тургай бутундагы батинкесинен бери чечип берип койгон адам эле.Атамдын боорукерлиги менде да бар. Ак көңүлмүн, көпкө таарына албайм, бат эле жазылып кетем. Анан дагы атама окшоп аябай ишенчээкмин

 – Жаныбек Алыкулов тууралуу китеп даярдалып жатканы тууралуу угуп калдык эле, ошол туурасында айтып берсеңиз?

– Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин, китебин чыгаралы деп апам аябай чуркады. 60 жылдыгына карата басып чыгарсакпы деген тилегибиз болгон.Бирок, тилекке каршы, үлгүргөн жокпуз.Кудай насип кылса кийинки жылга пландап жатабыз. Азыр акындар, жазуучулар менен акылдашып, кеңешип жатабыз. Китепти быйыл деле чыгарып салсак болмок. Бирок, нарыдан-бери, шашылыш чыккан китеп чийки болуп калмак. Ошондуктан, убакыт сааты чыкканда, жакшы бир эмгек жаралат деп ойлойм. Китепке атамды эң жакшы билген инсандардын эскерүүлөрү, диалогдору, монологдору топтолот.

– Үйлөнүү тоюңузда: “Ушул жакшылыгымды атам көрсө болот эле”,– деп өкүндүңүз эле, атаңызды кайсы учурда жоктойсуз?

– Ата менен эненин ордун эч ким толуктай албаган сыяктуу, атамдын жоктугу ар дайым билинип турат, ар убак жоктойм. Атам баласаак болчу. Тирүү турса неберелери менен кудум жаш баладай ойномок, эркелетмек, алардын ою менен болмок. Балдарынын чайын ичип, жакшылыгын көрүп, небере жыттай турган учурда, өмүрдөн өтүп кеткени өкүткө салат. Тагдыр экен, айла жок…

Анара Арзыбай кызы «Кыргыз Туусу»