Сапарали уулу Кайратбек, Ютуб каналынын ди-джейи, акын: «Мен – акынмын, дикторлук – хоббим»

Кайратбек МАМАЕВ 1998-жылы Ош облусуна караштуу Кара -Кулжа районунун  Жаңы-Талап айылында туулган. Учурда Ютуб каналынын ди-джейи, акын, аккордеончу.

Кайрат, сени интернет колдонуучулардын көбү добушуңдан тааныйт. Чыгармачылыкка кызыгууң жана алгачкы кадамың качан башталган?

– Менин чыгармачылыкка болгон кызыгуум мектептин жогорку класстарында окуп калганымда ойгонду. Мага кеп-кеңешин берип, поэзия, андагы уйкаштыктар деген эмне экенин жана анын керемет сырларын айтып, жазган ырларымдын ар бирин текшерип, кемчилигин айтып турган кыргыз тили мугалими Салиева Диларам эжей болгон.

Көбүнчө кайсы темага басым жасайсың?

– Балким, жаштыктын шарапатыбы, көбүнчө мага сүйүү темасында, анын армандуу, муңдуу сезимдери тууралуу кайрыктар келет. Лирикалык ырларды окуудан, жазуудан ырахат алам. Азыркы учурда “Өрнөк-Башат” адабий бирикмесине мүчөмүн.

Ал эми ди-джейлик талантың бар экенин качан билдиң?

– Адегенде өзүмдүн ырларымды видео-текст кылып чыгарып жүрдүм. Добушумду жактыргандардан жакшы каалоо-пикирлерди уга баштадым. Бул менин дикторлукка болгон кызыгуумду арттырды. Бирок диктор деген ким, эмне кызмат аткарат, диктор кандай болушу керек, үн аркылуу теманы кантип ачыш керек, элге кандай учурда тема жеткиликтүү болот? Мына ушулардын баарын мага үйрөткөн устатым – Ютуб диктору Асел Үсөн кызы болду. Ошентип, Асел Үсөн кызынын “Талант ээлери” деген ютуб дикторлору үчүн вотсаптайпасындагы онлайн-сабагынан көптү үйрөндүм.

Ошондо сага кайсы өнөр көбүрөөк жакын, акындыкпы же ди-джейликпи?

– Мага акындык өнөр көбүрөөк жакын. Анткени, акындык өнөр – окуп үйрөнүүгө мүмкүн болбогон, адам баласы жашоого жаралганда кан-жаны менен кошо берилген өнөр, талант. Дикторлук болсо, менин поэзия аркылуу тапкан хоббим.

Сени тойлордун да көркү деп айтышат?

– Ата-энем мен 9-класста окуп жатканымда Өзгөн районундагы Сыдык Маматов атындагы музыкалык мектептин аккордеон боюнча сырттан окуу бөлүмүнө киргизишкен. Ошондуктан, 11-класстан эле тойлорго кызмат кыла баштагам. Азыр болсо, ди-джейлик кызматтан сырткары, элибиздин жакшылыктарында иштеп жүрөбүз.

Ата-эне демекчи, алар жана бир туугандарың тууралуу да айтпасаң болбойт го?

– Алты бир туугандын эң кенжесимин. Үч эжем, эки агам бар. Атам, тилекке каршы, узак оорудан улам өтүп кеткен. Анда мен 10-класста окучумун. Мына ошол жылдары аябай кыйналдым, бул мага катуу сокку болду. Аска-тооң кулап түшүп калганы – сөз менен айта алгыс чоң жоготуу экенин билдим. Бирок мезгил баарын дарылайт экен. Апам, Кудайга шүгүр, учурда неберелерин эркелетип, бактылуу чоң эне, таене болуп, төрүбүздүн көркү. Биздин жакшылыктарыбызды көрүп, узак жашаса экен деп тилейм. Менин эң чоң кубанычым– апамдын күлкүсүн угуу, кубанганын көрүү. Экинчи кубанычым – ырларым, чыгармачылыгым.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”