Уйкуң канбаса, акыл-эстен эрте ажырашың мүмкүн

АКШнын Жон Хопкинс университетинин окумуштуулары уйкусун кандырбаган адамдарда Альцгеймер оорусуна чалдыгуу тобокелчилиги үч эсе көп экенин аныкташты.

Окумуштуулар мындай жыйынтыкка 16 жыл бою маал-маалы менен башын томографияга тарттырып, өз ден соолугу тууралуу маалымат берип турган 123 адамды иликтегенден кийин келишкен.

«Күндүз уйкусу келе берген адамдардын көпчүлүгүнүн мээсинде Альцгеймер илдетин чакырган бетаамилоид заты көбүрөөк экени аныкталган. Мындан улам дарыгерлер аталган оору менен жетишсиз уйкунун түздөн-түз байланышы бар деген бүтүмгө келишти», — деп жазылат макалда. Андыктан адистер бул илдетти алдын алуу үчүн уйкуну кандырууну, эгер уйку качуу көйгөйү бар болсо, аны дарылоону сунуштайт. Альцгеймер оорусу — эс тутумунун бузулушу, жүрүм-турумунун өзгөрүшү жана интеллектинин прогрессивдүү түрдө төмөндөшү менен мүнөздөлгөн борбордук нерв системасынын дегенеративдүү илдети.

Даярдаган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”