«Мактанууга, сыймыктанууга мүмкүндүк болду»

Айнаш КОЗУБАЕВА, Москвадагы “Аян” театрынын негиздөөчүсү, жетекчиси

Кыргызстан – Россия кайчылаш жылына арналган концерт ушунчалык сонун өттү. Бизге билеттер күн мурун бекер таратылып берилген эле. Билетке жетпей, кире албай арманда калган мекендештерибиз көп болду. Мени кубандырган нерсе, биздин маданий топ абдан жакшы даярдыкта келишиптир. Опера жана балетке өзгөчө басым жасашыптыр. Орус эли таң калгыдай, суктангыдай чеберчилик менен аткарышты.

Биз өзүбүз менен бирге Москвадагы Вячеслав Семенович жетектеген “Яблоко” аттуу жаштар театрынын артисттерин кошо алып барганбыз. Аларды өзүбүздүн маданиятыбыз менен тааныштырууга, мактанууга аябай жакшы мүмкүнчүлүк болду. Биз эле эмес, бизден башка дагы мекендештерибиз ошентип, башка улуттагы досторун ээрчитип барып мактанып жүрүштү. Кыргызстан – Россия кайчылаш эриш-аркак жылы жемиштүү болот деп ойлойм жана үмүттөнөм.