Өзүнө өзү ыраазы «Өнүгүү-Прогресс», орусча айтмайынча ишенбеген «Кыргызстан»…

Акыркы  мезгилде  24.kg. сайтындагы  калемдештер саясий партиялар 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында кандай убадаларды бергенин, 2020-жылы ал убадалардын  канчасы  аткарылып, канчасы  аткарылбай калганын эске салып, жакшы  салт  баштады. Эгер, сайттын санап өткөн маалыматтарына таянсак, “Өнүгүү-Прогресс”саясий партиясы берген убадаларынын ондон бир бөлүгүн да аткарбаптыр. Арийне, ошентсе “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров партиялаштарынын парламенттеги ишмердигин “4” кө баалайт экен (https://24.kg/vlast/144777_chlenyi_fraktsii_onuguu progress_otsenili_svoyu_rabotu_vparlamente_nachetverku/).Кыргызда: “жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” деген кеп бар. Элге берилген убадалар аткарылбаганы үчүн жок дегенде элден кечирим сурап коюуну ойлобогон парламентарийдин сөзүнө комментарий берүү кыйын. Өзү жашоодо эң жөнөкөй эрежелер бар: убада бербе, убада бердиңби аткар. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башкаруучу коалициянын катарында болбой калганы аларды жоопкерчиликтен эч качан бошотпойт. Парламентте болгону беш манжа менен саналган фракция болсо, анан “Өнүгүү-Прогресстин” алар менен тил табыша албай, “борттун” сыртында кала бергени үчүн, аларга добуш берген шайлоочулар эч качан күнөөлүү эмес. “Өнүгүү-Прогресс” 2015-жылы 134 убада берип, анын 4,48 пайызын гана араң аткарганы уят эле нерсе. Анын өзү фракция лидери Б.Төрөбаевге, анын орун басарлары З.Жамалдиновго, Жунус уулу Алтынбекке, мүчөлөрү Г.Асылбаевага, М.Бакировго, И.Масалиевге, А.Султановго, А.Узакбаевге, Т.Шайназаровго, А.Юсуровго ж.б.ларга абийир апкелбейт деген ойдобуз. Өткөндө “Кыргызстан” партиясы берген убадалар тууралуу жазып койсок, парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын айрым мүчөлөрү катуу чычалап, тимеле кызаңдаганын укканбыз. Эсил кайран Салижан Жигитов кыргызга орус-ча айтмайынча ишенбейт дечү эле, 24.kg. сайтындагы коллегаларыбыз: “В 2015-м в Жогорку Кенеш партия «Кыргызстан» пришла в копилке с 62 обещаниями,  из  которых выполнила  только 6,45 процента”  (https://24.kg/vlast/144526_myipartiyu_sozdavali_vspeshke_lider_fraktsii_kyirgyizstan_orozdannyih_obeschaniyah/) деп жазып чыкты. Демек, “Кыргыз Туусу” убадасын аткарбаган “Кыргызстан” тууралуу кызылдай чындыкты айткан. Ага чычалоонун ордуна, уялып калыш керек эле. Урматтуу окурман, урматтуу шайлоочулар, эми өзүңөр деле калыс болгула, убадага “сараң” “Кыргызстан” партиясы болгону 65 убада берип, анын да 6,45 пайызын аткарбаган болсо, эгер кокус “Өнүгүү-Прогресстей” 134 убада бергенде, анда анын канчасы аткарылбай калмак, элестете бериңиз?!!2015-жылдагы парламенттик шайлоодо берилип, 6,45 пайызы аткарылбаган 65 убаданын арты менен парламентке келип, 18 мандатка ээ болгон фракция Жогорку Кеңештеги беш жылдагы ишмердигине кандай баа бергени да кызык. “Кыргызстан” фракциясынын  лидери  Алмазбек Баатырбеков саясий партия шашылыш түзүлүп, программасы да шашылыш жазылып калганын айтып келип, “мындан да  жакшы  иштесек болмок” деп өз кылган иштерине ичи чыкпай калганын билдириптир. Ушуга да шүгүр.Эмне дейбиз, Жогорку Кеңеш шашылыш түзүлүп, шашылыш программасы жазылып, дайыма шашылып жүрө тургандардын чогула турган жери эмес. Эгер, саясий партиялар жана анын лидерлери Кыргызстанды жана анын элин сыйлаган болсо, мамлекет тагдырына кайдыгер карабаса, анда парламентке жети өлчөп бир кескен терең даярдык менен келсе жакшы болоор беле деген ой кетет. Биз келечек муунга татыктуу мурас калтырышыбыз керек? “Биз өткөндү тапанча менен атсак, келечек бизди замбирек менен атат” деген кеп бар. Анысы кандай, биз келечек муунга “Кыргызстан жана Маяне” деген ылакап менен калбашыбыз керек.

Болотбек Таштаналиев «Кырыгз Туусу»