Массалык катталуу көрүнүшүн коомчулук четке какты

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата айрым жерлерде массалык катталуу көрүнүшү калкыбыздын катуу сынына кабылды. Мамлекеттик тиешелүү органдар чукул аракеттерди көрүп, буга жол бергендер кызматтарынан убактылуу четтелип, кээ бир жерлерде кылмыш иши да козголду. Ошол эле учурда элибиз, айрыкча жарандык коом мындай маселелерге кайдыгер карабастыгын, өздөрүнүн саясий жетиктигин көрсөттү десек да болот. Бул тууралуу коомчулукка калыс пикири, олуттуу ойлору менен таанымал, эксперт Алмаз Акматалиев мындай дейт:

Массалык катталуу көрүнүшүн – кылмышка даярдык деп эле түшүнүш керек. Муну өтө опурталдуу маселе деп эсептейм. Бул маселени казып чыгып, чуу көтөргөн жарандык активисттерге рахмат айтыш керек. Чынында,  мен  прокуратура  органдарынан, өзгөчө ЖМК кызматкерлеринен мындай оперативдүүлүктү жана чечкиндүүлүктү күткөн эмесмин! Алар бул нерсеге катуу мыйзам чегинде карап, ким катталган, качан катталган деген суроолордун артынан түшүп, бул фактылар боюнча кылмыш ишин козгогону кубандырат. Бул жөн гана шайлоо мыйзамын бузуу деп саналбаш керек, мындай кылмыштар мамлекеттин конституциялык түзүмүнө сокку уруу аракети, саясий терроризм деп бааланыш керек деп эсептейм. Себеби бул бийликти түзүүгө, бийлик өкүлдөрүн шайлоо жөнүндө болуп жатат! Бул нерсе чындык жана калыстык жолдон чыгып кетсе, анда мамлекеттин өзүнө доо кетет, шек пайда болот, саясий туруктуулук бузулат. Эми, ушул кылмышка катышы барлардын баарын, биринчиден бул шайлоо тизмесине киргизбеш керек! Экинчиден, добушту ушундай алдын ала саткандарды мыйзам чегинде 5жылга шайлоо укугунан ажыратыш керек деп ойлойм. Ушундай кескин кадамдар гана бул чөйрөдө тартип орнотконго өбөлгө түзөт.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”