Чемпионго сый көрсөтүлдү

Эркин күрөш боюнча Азиянын 2020-жылдагы чемпиону Улукбек Жолдошбековду Нарын шаарында салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

Нарын шаарында туулуп өскөн Улукбек жаштар арасында өткөн жылы дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Эми жыл башында бардыгыбызды кубандырып алган жаракатына карабастан Азиянын чемпиондугун жеңди, — деди Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров. Шаар  бийлиги  Улукбекке калпак кийгизип, кементай жаап, 100 миң сомдук, машыктыруучусуна 50 миң сомдук сертификатты тапшырды. Ал эми облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Улукбектин ийгилигин куттуктап, алдыда дагы далай дабандар тургандыгын белгилеп, дүйнөнүн, олимпиаданын чем-пиону болушуна тилектештигин билдирип,Нарын облусунун “Ардактуу атуулунун” күбөлүгүн тапшырып, төш белгисин такты. Улукбек облустун “Ардактуу атуулу” наа мын алган эң жаш жарандардын бирден бири болуп калды. Бир катар жердештери топтолуп чемпионго  400  миң  сомдук,  тарбиялаган С.Бекмамбетов атындагы спорт мектебинин жамааты 70 миң сомдук сертификаттарды тапшырышты. У.Жолдошбеков 1996-жылы 9-февралда Нарын шаарында туулган. Шаардагы Ар-станбек Буйлаш уулу атындагы орто мектепте билим алган.

P.S. ММА федерациясынын Нарын облусундагы президенти Нурлан Омукеев Улукбек Жолдошбековго баасы 12 миң долларлык «BMW X5» үлгүсүндөгү унааны белек кылды.«Улук инимдин ден соолугу чың болуп, көп ийгиликтерди жарата берсин. Спортчуларыбызды колдоп турсак, дагы көп ийгиликтерди багындырат. Алардын эмгегин баалоо стимул берет деп ишенем. Бул темир тулпар нарындыктардын аты-нан Улукбекке белек», — деди Омукеев.