Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Россия – биздин жакын, ишенимдүү шериктешибиз жана стратегиялык өнөктөшүбүз»

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына барган эки күндүк иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн жетекчилери тарабынан мурда макулдашылгандай Кыргыз-Россия эриш-аркак жылы расмий ачылды. Өлкөбүздүн эгемендик тарыхындагы бурулуш окуяларга кирген бул иш-чаранын мааниси өзгөчө. Бул –Кыргызстан менен Россиянын эзелтен келаткан тарыхый-маданий байланышын жаңы бийиктиктерге көтөрсө, экинчи жагынан бүгүнкү заман чакырыктарында үзөңгүлөш бараткан стратегиялык өнөктөш эки өлкөнүн бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган бирдиктүү саясаты болуп саналат. Айта кетсек Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен гана эриш-аркак жылын биринчи жолу өткөрүп отурат. Ушунун өзү да көп нерсени туюнтуп турганын баамдасак болот.

Эки тараптуу кызматташтык артууда

27-февралда башталган Президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага болгон иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Мамлекет башчы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты. Ушул эле күнү Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-россия мамилелеринин өнүгүүсүнүн актуалдуу багыттары менен келечегин талкуулашты. Россия Президенти Владимир Путин эриш-аркак жылынын алкагында мерчемделген 200дөн ашуун иш-чаралар дээрлик бардык багыттар боюнча өнүгүп келе жаткан эки тараптуу мамилелерге пайда алып келерине ишенимин билдирди. Владимир Путин товар жүгүртүүнүн көлөмү, инвестициялар боюнча Россия Кыргызстандын маанилүү соода экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин билдирип, өлкөлөр ортосундагы ырааттуу жолугушуулар жогорку деңгээлде экендигин өзгөчө белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу кыйла активдешкенине токтолду. Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жана региондор ортосундагы түз байланыштардын жакшырганын канааттануу менен белгиледи. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык маселелери боюнча Владимир Путиндин жеке колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, Кыргызстан кылымдардан бери келаткан тарыхый достук мамилелерди жогору баалай тургандыгын айтты. Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков эриш-аркак жылынын алкагында өз ара мамилелердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрүндө бир топ иш-чаралар ишке ашырыла турганын билдирип, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоонун алкагында биргелешкен ири иш-чараларды өткөрүүгө чоң көңүл бурула тургандыгын белгиледи. Тараптар эки өлкөнүн биргеликте кызматташуусун мындан ары дагы арбытууга жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти. Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдө өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, ошондой эле соода-экономикалык, регионалдык коопсуздук, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жалпы жеңишибизди жакшылап белгилейбиз

Белгилүү болгондой быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет. Президент Жогорку Кеңешке кайрылуусунда: “2020-жыл союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия менен эришаркак мамилелердин жылы деп жарыяланды. Башка бир катар иш-чаралар менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын биргеликте белгилейбиз. Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда жалпы элибиз тарабынан эң жогорку деңгээлде майрамдалат. Биз ата-бабаларыбыздын баатырдыгын жана ка- армандыгын эстен чыгарбайбыз. Тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз. Биздин келечегибиз үчүн жанын кыйып, өз өмүрүн арнаган аталарыбыздын элесине терең урмат менен таазим этип, дайыма эскерүүгө милдеттүүбүз”,- деп белгилеген. Президенттин иш сапарынын алкагында, мамлекеттик расмий делегациянын мүчөсү, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Россия Федерациясынын Тверь облусундагы Ржев шаарына иш сапары менен барып, Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликтин курулушу менен таанышты. Ал Кыргыз Республикасынын жетекчилиги бул эстеликтин курулушуна өзгөчө маани берээрин жана согуш жылдарында советтик солдаттар менен кыргызстандык жоокерлердин көрсөткөн эрдиги менен каармандыктарын сактоо жана түбөлүккө калтыруу боюнча мындан ары дагы иш-аракеттерди көрүү ниети бар экенин, ошондой эле кыргызстандык жоокерлерге арналган эстеликти курууга көрсөткөн колдоосу үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирерин белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 14-мартында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Анда Улуу Жеңиштин бүткүл дүйнөлүк-тарыхый маанисин эске алуу менен согуш жылдарындагы кыргызстандык жоокерлердин эрдиги менен каармандыгын түбөлүккө калтыруу зарылдыгы белгиленген жана Россия Федерациясынын Тверь облусундагы Ржев шаарына Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик куруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылган. Бүгүнкү күндө эстеликтин жалпы эскизи КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан жанындагы эстеликтердин архитектуралык композицияларын эске алуу менен иштелип чыккан. Анын негизги концепциясын Ала-Тоо түзөт. Эстеликтин ачылышы 2020-жылдын май айына болжолдонууда.

Кыргыз эли Россия менен тагдырлаш болууну тандап алган

Эриш-аркак жылынын салтанаттуу расмий ачылышы Мамлекеттик Кремль сарайында болуп өттү. Аны президенттер Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков биргелешип ачышты. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын ачылышы биздин элдердин мындан да жакын болууга умтулуусу экендигин жана Кыргызстан менен Россия жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылаарын өзгөчө белгиледи. «Кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун ичинен Россия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алган. Тарых көрсөткөндөй, бул туура кадам болгон. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз. Кыргызстандын Советтер Союзунун курамында болгон жетимиш жыл ичиндеги мезгилде билим берүү, илим, маданият жана өнөр жай тармактары болуп көрбөгөндөй өнүккөнү талашсыз факт»,- деди Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет болгонуна дээрлик отуз жыл толгонуна, бирок эки элдин маданий, руханий, боордоштук мамилелери ажырагыс бойдон кал-ганын белгиледи. «Постсоветтик тарыхтан кийин ар кандай оош-кыйыштар болгонуна карабастан, биз Россия менен бир тууган, достук мамиледеги өлкө боюнча калдык. Эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз карым-катнаштар мамлекеттер аралык гана мамилелерде болбостон, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жакындык, достук жана боордоштук мамилелери абдан кубандырат. Биз кылымдардан бери келаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбызды биргеликте сактай алдык», — деди Президент.

Россия КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен гана эриш-аркак жылын биринчи жолу өткөрүп отурат. Ушунун өзү да көп нерсени туюнтуп турганын баамдасак болот.

Чындыкты урпактарга өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда орус тили расмий тил гана эмес, улуттар ортосундагы баарлашуунун тили экенин, бул эки элди мындан да жакындатканын баса көрсөтүп, үстүбүздөгү жылы жалпы орток тарыхыбыздын даңктуу барагы -Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракеси белгилене тургандыгына токтолду. «Адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу согуш тууралуу чындыкты кылдат сактап, урпактарга өткөрүп берүү — биздин ыйык милдетибиз. Биз ата-бабаларыбыздын эрдиги менен каармандыгын унутпайбыз. Советтик жоокердин улуу эрдиги эч качан унутулбайт», — деп белгиледи мамлекет башчы. Согуш жөнүндөгү чындыкты сактап калууда Россиянын ролу зор экенин билдирген Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоого жол бербөөгө багытталган Россиянын Президенти Владимир Путиндин аракетин толугу менен колдой тургандыгын айтты.

ЕАЭБ – Кыргызстандын артыкчылыктуу багыты

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россия өз элдеринин эркин билдирүү аркылуу бирдиктүү көз караш менен КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу интеграциялык жана аскердик-саясий бирикмелердин курамына кошулаарын кошумчалады. Ал Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын маанилүү артыкчылыгы болуп саналаарын, ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБдин шарттарына кирүү жана адаптация процессинде Россия Федерациясынын зор ролун баса белгиледи. «Биз мындан ары дагы элдерибиздин достугун бекемдейбиз, узак мөөнөттүү шериктеш мамилелерди өнүктүрөбүз. Кыргызстан эли Россиянын жана анын лидери Владимир Владимирович Путиндин бараандуу колдоосун баалайт жана ар дайым эстеп жүрөт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Россиядагы мекендештердин турмуш-шартын жакшыртуу улантылат

Россиядагы мекендештерге кайрылган мамлекет башчы Россиянын жана ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге алардын турмуш шарттарын жакшыртуу иштери улана тургандыгын баса белгиледи. «Россиянын жалпы элинин жана жетекчилеринин кыргызстандыктарга болгон жылуу мамилесин жогору баалайбыз. Мекендештер өлкөбүздү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келишүүдө. Чет өлкөлөрдөгүмекендештерибиз менен байланышты бекемдөөнү артыкчылыктуу багыт катары карайбыз», — деп белгиледи ал. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын элинин атынан Россия Федерациясынын жалпы элине терең сый-урмат жана ыраазычылык билдирип, эки өлкөгө тынчтык, өсүп-өнүгүү жана байгер турмуш каалады.

Маанай көтөргөн маданий иш-чаралар

Тарыхыбызда Кыргызстандын Россияда, өзгөчө дүйнөлүк маданият борборлорунун бири Москва шаарында өткөн маданий күндөрү дайыма чоң кызыгууларды, ошол эле учурда жалпы улуттук сыймыктануу жаратып келгени белгилүү. Артка кылчайсак, 1939-жылы кыргыз искусство-сунун жана адабиятынын I Декадасы өтүп, “Айчүрөк” операсы, “Ажал ордуна музыкалык драмасы москквалыктардын сынынан зор ийгиликтер менен өткөн. Ал эми 1958-жылы II Декада өткөрүлүп, ага Опера жана балет жана Орус драм театрынын жана Улуттук филорманиянын залкар өкүлдөрү катышкан. Биз бүгүн сыймыктануу менен айтып жүргөндөй Муратбек Рыскулов, Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаева ошондо СССРдин эл артисттери болушкан. Декаданын 9 катышуучусу “Ленин” орденин алса, ондогон жүздөгөн таланттар “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак белгиси”, “Эмгектеги каармандыгы” орден-медалдары менен сыйланышкан. Бул жолу эриш-аркак жылынын Москва Кремлинде өткөн салтанаттуу ачылышын Россия менен Кыргызстандын таланттары көрккө бөлөштү. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мурда билдиргендей, Кыргызстандан 200дөн ашуун өнөрпоздор, анын ичинде Бишкек шаарынын элдик кол аспаптар оркестри, “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Ак Марал” мамлекеттик бий ансамбли, “Акак” комузчулар ансамбли жана Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын таланттары,С.Садыкова, К.Турапов өңдүү залкар ырчыларыбыз катышты. Эриш-аркак жылына жараша Россиянын да искусство өкүлдөрү да чогуу катышып, бул жолку концерт кыргыз-орус маданиятынын чыныгы майрамына айланды. Айрыкча таланттуу комузчубуз, бир нече эл аралык сынактардын лауреаты Закирбек Дүйшөнбек уулу менен Россиянын Н. П. Осипов атындагы Эл аспаптар улуттук академиялык оркестринин солисти Александр Николайчук комуз мененбалалайкада өнөрлөрүн көрсөтүп, күү жарышка түшкөнү маданий жаңылык болуп калды десек жаңылышпайбыз. Ошондой эле Россиянын эмгек сиңирген артисти Анна Большованын Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен Толгонайдын монологун окуп бериши көрүүчүлөрдү да, көптөгөн интернет пайдалануучуларды да катуу толкутту. Айта кетүүчү нерсе Москва шаарында жашаган эмгек мигранттарыбыз, айрыкча улуттук кийим кийген кыз-келиндер залдын көркүн ачып, эки элдин өнөрпоздорун колдоого алып турушту. Ошону менен Кыргыз-Россия эриш-аркак жылы расмий башталды. Жемиштүү, өсүп-өнүгүүнүн жылы болсун!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”, Сүрөттөр С.Досалиевдики