Ислам САТАРОВ: “Ыр менен кыргыз тилин дүйнөгө таанытса болот”

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


«Gamma Media» группасынын башкы директору, музыкант, продюсер, режиссер, эл аралык концерттердин уюштуруучусу Ислам САТАРОВ менен маек.

– Ислам, биз сени шоу дүйнөнүн атактуу адамдары Филипп Киркоров, Максим Галкин, мына эми келе жаткан Сами Юсуф сыяктуу ырчылар менен аралашып жүргөн, алардын концертин Бишкекте уюштурган шоу-менеджер катары билебиз. Бирок ата мекендик шоу чөйрөнүн өкүлдөрү менен мындай кызматташууң байкалбайт?

Иран-Швед ырчысы, композитор, продюсер Араш Лабаф менен

– Биздин ырчылар менен чындыгында иштеше элекмин. Албетте, менин ырларымды аткарып жүрүшкөн жана менеджер болуп берүүмдү каалаган ырчылар бар. Бирок, эмнегедир мага дүйнөлүк ырчылар менен чыгармачылык ымала түзүүгө жол түшкөндөй, алар менен кызматташуу, тил табышуу оңой сезилет. Бирок кандай болгон күндө дагы алардын арасында мен кыргыз экенимди баса белгилеп тургум келет. Мисалы, француздардын арасында болобу, америкалыктардын, орусиялыктардын арасында болобу, алардын тилинде сүйлөө менен бирге эле, өзүбүздүн чыгармаларды аткарып берсем, абдан кызыгуу менен муюп угушат. Бул аркылуу – кыргыздын профессионалдуу, классикалык ырларынын, обондорунун керемети канчалык күчтүү экенин, бизде кыргыздын маданиятын, тилин, музыкасын дүйнөлүк денгээлге алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткым келет. Болгону, биздин азыркы ырчылар, жаштар базар экономикасы деп эле тойго ык алып кетишти. Кандай сонун чыгарма болбосун, тойго ылайыктап, тойдун деңгээлинде ойлонуп калышты. Менимче, бул деле убактылуу, коомдук-социалдык абалдан, муктаждыктан улам болуп жаткан көрүнүш.

– Шоу-бизнестеги негизги максатың?

– Өткөндө, айтылуу “Бони М” группасынын миллиарддаган күйөрмандары бар Лиз Митчелл деген солисти менен жолугушууда: “Досуңуздун ыры”, – деп бир кезде “Бони Мде” чогуу ырдап жүргөн, көзү өтүп кеткен кесиптешинин ырын ырдап берсем ушунчалык кубанып, таң калып, көзүнө жаш тегеренип укту. Ошондон кийин “Ала-Тоонун кыздарын” кыргызча аткарып берсем, абдан жактырып, кайра-кайра кайталап: “кыздар…” деген сөздүн котормосун сурап алды. Муну менен айткым келгени, биздин максат – шоу бизнесте жеке өзүңө гана аброй табуу менен чектелбейт. Башкаларды канчалык билип, тааныган сайын өз элиңдин маданиятын да аларга ошончолук таанытууга аракет кылууң керек. Беш кыргыз, бир орус отурса, орусча сүйлөгөнгө аракет кылабыз го. Бир жагынан карасаң, бул жаман көрүнүш эмес. Бул– биздин маданиятыбыз, сыйыбыз, башкаларга болгон мамилебиз. Башкаларда жок маданият, чынында, башкалар өз тилинде сүйлөп отура беришет. Өткөндө Максим Галкин, дагы башка дүйнөгө таанымал, атактуу адамдар менен сүйлөшүп туруп калдык. Мага сөз кезеги келгенде алар менин тост айтуумду суранып калышты. Өзүм ичкиликке жокмун, анын үстүнө аларга таасир калтырып, таң калтыра турган кандай өзгөчө сөз айтууга болот? “Анда мен кыргызча ырдап берейин”, – деп, Рыспай агабыздын “Алмашымын” аткарып берсем, бардыгы жандана тушүп, дуулдап коштоп кетишти. Эмнеге болбосун, түрк ырчысы Таркан ырлары аркылуу өз тилин дүйнөгө таанытып албадыбы. Корейче эле “Гангам Стайл” деп ырдаган Псай өз тилин даңазалап, башкаларга ырдатып жатпайбы. Буга чейи

Филип Киркоров менен

н корей тили дүйнөлүк деңгээлге чыккан эмес. Өз тили, өз обону, өз маданияты менен эле дүйнөлүк денгээлге чыккан атактуу ырчылар көп. Ошол сыяктуу, биздин маданиятыбыз дагы дүйнөлүк деңгээлде чыкса деген тилегим бар.

– Тилегиң кабыл болсун, Ислам. Сенин аракетиң менен Кыргызстанда дагы бир өзгөчө концерт күтүлүүдө?

– Бул концерт тууралуу жети жыл мурун сүйлөшүп, бир жакшы тилек кылган болчубуз. Кудай буюрса, ошол күн мына жакындап калды. Сами Юсуф менен кошо Өзбекстандан, Сингапурдан, Түкмөнстандан, Азербайжандан келчү коноктор бар.

– Камылга кандай жана кабатыр кылган да жагдайлар болуп жаткандыр?

– Камылга жакшы, бирок бизди кабатыр кылганы нерсе – концерт өтө турган спорт ордобуздун абалы. Ар бир жолу, коноктор келген сайын, эскилиги жеткен, кебетеси келишкен тактайларга кантип отургузабыз деп кыжалат болчу болдук. “Качан биз башка мамлекеттердегидей заманбап, заңгыраган, жок дегенде беш миң орундуу маданий аянтча курабыз?” – деген нерсе жүрөктү өйүгөн маселе болуп калууда.

– Кыргызстандын өсүпөнүгүүсү үчүн ушунчалык күйүп-бышкан мекенчил жандүйнөндөн улам сурагым келди – балким, саясатка барсаң, бул максаттарды ишке ашырууңа мүмкүнчүлүктөр табылат беле?

– Жок, антип ойлобойм. Саясатка барбай туруп деле мамлекеттин өнүгүшүнө салымыңды кошсоң болот. Бизден кыйындар, бизден да мүмкүнчүлүгү чондор саясатта жүрүшпөйбү. Албетте, “беш кол тең эмес”, ошентсе да айрым депутат агаларыбыз: “Кантип особняк салсам? Акчаны кайдан тапсам?” – деп өзүнүн жеке керт башынан, чөнтөгүнөн башканы ойлоно албайт. Мен аларга: “Жок, шайлоодо Арзымат ырчы болуп, акча үчүн силердин артыңардан жүргүбүз келбейт. Биз демөөрчүбүз жок болсо дагы элге таза абийир менен кызмат кылган, эл аралык деңгээлдеги компаниябыз”, – деп келем.

– Дүйнөлүк деңгээлдеги концерттерди уюштурууда демөөрчүлөрүңөр бардыр?

– Жок. Мисалы, Филипп Киркоровдун концерттик программасын түзүү жана Кыргызстанда уюштуруу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги режиссёр Франко Драгоне менен он үч жылга жакын бирге иштешүүгө туура келди. Натыйжада, сиздер күбө болгондой, 90 тонналык музыкалык кымбат жабдыктары, жүздөгөн бийчилери, декорация жана жарык берүү боюнча канадалык мыкты адистери менен келип, концерт берип кетти. Бирок эч кимден, эч жактан демөөрчүлүк, жардам алган жокпуз. Алардын келиши менен коңшу мамлекеттердин дагы кызыгуусун ойготуп, жакшы жагыбыздан да көңүлүн бурдура алдык деп ойлойм. Бардыгын өз күчүбүз менен өткөрдүк. Гонорарын да төлөп бердик, ыраазы болуп кайтышты. Буга чейинки 100 концертинин жүз уюштуруучусу болсо, ошолордунарасынан жалгыз мени жакында боло турган 50 жылдык мааракесине чакырды. Бул – жеке биздин жетишкендигибиз эмес, жалпы кыргыз элинин ийгилиги, жалпы кыргыз элине болгон урмат деп билебиз.

– Буларды, албетте, өлкөгө материалдык да, руханий-эстетикалык да салым кошкон иш-чара катары баалайбыз. Ал эми концерттен кийинки маанай, коомчулуктун мамилеси кандай болду?

Италия ырчысы, композитор, оранжировщик Ин-Грид менен

– Даярдык убагында: “Эмне болуп жатасыңар? Кем-карч жокпу?” – деген эч ким болгон жок. Келген конокторго, болгондо да атактуу адамдарга уят болбойлу деп, спорт ордосуна эки жарым миң кишиге гардероб жасаттык, ажаткана жыттанбасын деп, көчмө ажатканаларды койдурдук. Гриммдене турган бөлмөлөргө да жеңил оңдоо иштерин жасап, терезе пардаларынан бери тактык. Эми, мени капа кылганы – ушунун баарын жасагандан кийин башкы прокуратура, финансы полициясы: “Киркоровдон түшкөн акчаны кайда жумшадыңар? Кана акча?” – деп кеңсебизге чейин кууп келип, текшерип келишкени болду. Биз мыйзамды бузбай, салыкты да төлөп койгонбуз. Ушундай учурда: “Эмнеге ушундай мамиле кылышат? Эмнеге бирөө-жарым бир ыраазычылык баракчасын жиберип, жакшы пикир айтып койбойт?” – деп кичине көңүл ооруйт экен. Бир азга шалпыйып отурдук да, бирок ишибизди улантып кеттик. Ошондон киийн эле Максим Галкин бир тууганыбыздай мамиле жасап, бизди колдоп, жакшынакай концертин тартуулап кетти.

– Галкинден кийин текшерүүчүлөр болгон жокпу?

– Жок. Болгон жок. Биз кат аркылуу кайрылган учурларыбызда атайын убактысын бөлүп, көңүл бурган мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаевге жана Президенттин аппарат башчысы Сапар Исаковго терең ыраазычылык билдиргибиз келет. Мамлекеттик иштеринин арбын экенине карабай, биздин уюштуруу иштерибиздеги визаларды ачуу, чакырууларды ишке ашыруу, эл аралык деңгээлдеги ишчараны уюштурууга уруксат берүү сыяктуу иштерге колдоо көрсөтүп беришти.

– Айтмакчы, бу саам Сами Юсуфту чакырууңардын себеби эмнеде?

– Быйыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы” болгондуктан, ушул ырчыны чакырууну туура көрдүк. Себеби, сиздер билгендей, британиялык композитор, аткаруучу Сами Юсуф ыйман ырларын ырдоо менен дүйнөгө таанымал ырчылардын бири. Ушул концертте атамекендик ырчылар ырдашат жана өзүмдүн «Бир дүйнө» аттуу жаңы ырымды аткарайын деп турам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *