Бакубат өлкөнүн бактылуу адамдары

Дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү элине салык салган капиталисттик-монополисттик өлкөлөр. Элдери салык жана коммуналдык төлөмдөрдү төлөбөгөн чанда гана өлкөлөр бар.

Биз кеп кыла турган өлкө 25  жыл  мурда  Ирактын талоончулугуна кабылып, талкаланса да Жараткандын мээрими менен кайрадан өнүккөн өлкөлөрдүн эң башкы сабында турган Кувейт өлкөсү тууралуу болмокчу. Бул өлкөнүн территориясы абдан чакан, башкача айтканда, Баткен облусунун аймагынан 3 эсеге кичине. Калкынын саны 4,5 миллион, ислам динин тутунушат. Аталган  өлкөнүн  жашоочуларынын  ар  бири  Жараткандын  мээрими  түшкөн  бакубат өлкөдө  жашаарын  айтышат. Анткени  алар  салык,  коммуналдык төлөмдөрдү төлөшпөйт жана  дарылануу,  билим  алуу, бала бакчага балдарын берүү да акысыз. Эгер кувейттик бейтап жаран чет өлкөдөн дарылана турган болсо, анын операциясынан тартып, аны коштоп барган жакындарынын жол ки-ресинен өйдө мамлекет төлөп берет. Ошондой эле башка өлкөдөн билим  алган  жаштардын  билим алуудагы төлөмдөрүн жана жолго кеткен чыгымын кошо төлөйт. Бала бакчадан жогорку окуу жайларга чейин билим алууда төлөм алынбайт. Мындан  сырткары  мамлекет  ар бир  төрөлгөн  бала  26  жашка чыкканга  чейин  ай  сайын  200доллардан  жөлөк  пул  төлөйт. Дүйнө жүзүндө бир дагы өлкө өзүнүн элдерине мындай шартты түзүп бере алган эмес. Бул өлкөдөгү эң төмөнкү айлык  3,5  миң  долларды  түзөт, башкача айтканда 245 миң сом. Жарандары  оор  жумуштарды таптакыр жасашпайт. Курулуш, нефть иштерине байланышкан оор жумуштарды чет өлкөдөн жумуш издеп баргандар аткарышат.  Кара  жумуштарды  ат-каргандардын  80  пайызы  чет элдиктер жана алардын эмгек маяналары  кувейттик  жаран-дардын  айлыгына  салыштырмалуу өтө эле төмөн.Элинин 80 пайызын мамлекет жумуш менен камсыздайт. Ал эми калган 20 пайызы жеке менчик компаниялар. Өмүр бою  айлык  менен  жашаган адам байый албайт деген сөз айтылат.  Бирок  бул  айтылган сөздүн  Кувейт  өлкөсүнө  таптакыр тиешеси жоктой. Мугалимдердин эмгек акысы 15 миң доллар, буга кошумча 50 пайыз бонус  төлөнөт. Алардын  бир айда иштеп тапкан айлыгы миллион  сомдон  ашат.  Кыргызстанда иштеген мугалим мындай каражатты 5 жыл бою иштесе да таба албасы анык.Адамды таңкалтырганы бул өлкөнүн  жарандары  үйүндө жатып  деле  айлык  алышып, мамлекет  өзү  жарандарына маянаңарды  алып,  кол  коюп кеткиле деп чакырганы болду. Ал эми жеке менчик компаниялардын  жетекчилери  өлкөнүн талабына  ылайык  кувейттик жаран  гана  боло  алат.  Алардын ишмердигине чет өлкөнүн жарандары кийлигише албайт. Бул  өлкөдө  жалаң  мусул-мандар жашап, шариятка туура келбегендиктен кредит дээрлик берилбейт.  Бирок,  2007-жы-лы  Ирак  өлкөсү  согуш  ачып, талкалангандан  кийин  жарандарына  1  миллион  долларга чейин  үстөксүз  кредит  берген.  Мусулмандарда  кредит берүү  шарият  жолуна  каршы келгендиктен мамлекет кайра жарандарына  берген  кредитти кечкен. Жарандарга берилген кредиттин жалпы суммасы 1  миллиард   доллардан  ашкан. Мындан сырткары Кувейт жарандары 1 жыл бою акысыз тамакаш  продуктыларын  ала алышат. Кувейттин 50 жылдыгында мамлекет ар бир жаранга 3,500 доллардан төлөп берген. Дагы  бир  кызык  жагдай аталган  өлкөдө  жаңыдан үйлөнгөндөргө  мамлекет  15 миң  доллардан  төлөп  берет. Ал  эми  ажырашып  кеткендер болсо,  аял  жумуш  тапкыча 1,400  доллардан  төлөп  турат. Ошондой  эле  башка  мусулман өлкөлөрүнө салыштырмалуу эркектер менен аялдардын укугу бирдей.Кыргызстанда чет элдик жа-рандарга паспорттор жөн эле акчага сатылса, эң кызыгы бир дагы башка элдин жараны бул өлкөнүн паспортун ала албайт. Ал  эми  иштегени  барган  чет элдиктерге өзүлөрүнө салыштырмалуу өтө эле төмөн айлык коюп иштетишет. Жадагалса үй кызматчылары да чет өлкөнүн жарандары.  Кувейттиктер  көп элдерге караганда жалкоо келишет,  алардын  кыймылы  аз болгондуктан  дүйнө  элдеринин арасында семиздик боюнча  7-орунда  турушат.  Жалаң мусулмандар  жашагандыктан спирттик  ичимдиктерди  саткан  дүкөндөр  жок  жана  аларды  ичүүгө  да  тыюу  салынган. Суунун жетишсиздигинен анын баасы бензиндин наркынан жогору  турат.  Бирок  иче  турган суу менен элди мамлекет өзү камсыздайт. Мамлекет экономикалык жактан жетишкендиктен ар бир жаран үй, автоунаа менен камсыз болгон.Дүйнө  жүзү  боюнча  нефтинин  10  пайызы  ушул  өлкөдө болгондуктан,  казынасына  90 пайыз  киреше  нефть  аркылуу  келип  турат.  25  жыл  мурда  Ирактын  кол  салуусунан шаарлары,  ири  ишканалары талкаланып  бүлгүнгө учураса да,  азыркы  учурда  дүйнөдөгү эң  бай  өлкөлөрдүн  алдыңкы сабында турат

Вера Беделбек «Кыргыз Туусу»