Кыздарыбызды, неберелерибизди кайтарууга жардам бериңиздер

Өткөн жумада “Akipress” маалымат агенттигинде Сирияга жакындары кеткен120дан ашык ата-эненин атынан айрым ата-энелер элге, өлкө башчысына, Жогорку Кеңешке, кыргыз Өкмөтүнө кайрылышты. Алар бизге төмөндөгүлөрдү айтып беришти

Марипа АЛЫЙКУЛОВА,  “Элет көйгөйү” коомдук уюмунун төрайымы:

– Бизге 2019-жылдын 1-майында жакындары Сирияга кетип кайтпай калган ата-энелер  кайрылган.  Ошол  күндөн тартып Сириядагы 137 аял менен 5 жашка чейинки балдарды кайтаруу боюнча кыркка жакын катты тиешелүү жактарга жолдодук. 3 жолу маалымат жыйын кылып, 3 жолу тегерек үстөл өткөрдүк. Ошол тегерек үстөлдөрдүн негизинде резолюция  кабыл  алып  мамлекеттик органдарга жибердик. УКМК, ИИМдин 10-бөлүмү менен тыгыз иштешип, биздеги  маалыматтарды  бергенбиз.  Бир жылдан бери биз WatsApp аркылуу Сирия менен Түркиянын ортосундагы “Ал-холь”  лагериндеги  кыргыз  келиндер менен байланышып жатабыз. Азыр ал жерде  кырдаал  аябай  начар.  Балдар ысык, сууктан, тамак-аштын жетишсиз-дигинен  ооруп  өлүп  жатышат.  Президентибиз Сооронбай Шарипович бый-ылкы жылды “Балдарды коргоо жылы” деп  жарыялагандыктан  президенттен, өкмөттөн,  парламенттен,  элибизден ошол боордошторубузду сактап калууну суранат элем. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан ал жактагы жарандарын кайтарып алышып, учурда алар мамлекетке зыянын тийгизбей эле жашап жатышат. Биз да мекендештерибизди кайтарып алсак  алардын  өлкөбүзгө  зыяны  тийбейт деп айта алам. Анткени, алардын көбү балдар. Менде Кыргызстандан 15, 16 жаштагы кыздар ата-энесинин уруксатысыз мамлекеттен кантип чыгып кеткен деген  суроо  турат.  Сирияга  кеткен  жа-шы жете элек кыздар Түркиядан өтүп жатканда  Кыргызстандын  паспортто-ру  (ички  паспорт)  менен  өтүшүптүр. Мындай паспорттор Германия, Россия,Өзбекстандан  чыгып  жатканы  социалдык тармактарда да талкууланууда. Президентибиз  Сооронбай  Шарипович  2018-жылдан  бери  коррупцияга каршы  катуу  күрөшүп,  көп  тапшырмаларды  берип  келатат.  Коопсуздук кеңешинин жыйынында да жемкорлукка катышы барлар катуу жазалансын деп айтты.  Менимче  Сирияга  адамдарды жөнөтүүдө  да  өтө  чоң  коррупция  жатат. Буга тиешеси бар адамдар кыргызстандыктардын Сириядан келишин каалабай турушат окшойт. Балким, ошол жактагы кыз-келиндерибиздин келиши менен  бир  топ  чиновниктердин  бети да ачылышы ыктымал. Ошон үчүн бизде айрым мамлекеттик кызматкерлер алардын келишине тоскоолдук кылып жатышабы  деген  шектенүүлөр  пайда болду.  Ушуну  да  урматтуу  Президент эске алып койсо дейбиз.

Салтанат УРУЛДАЕВА, “Эне-баланы укугун коргоо” комитетинин төрайымы, “Элет көйгөйү” коомдук уюмунун теңтөрайымы:

– Биздин коом майдан бери аталган лагерде  137  аял  жана  400дөн  ашык  1 жаштан  8  жашка  чейинки  балдар  бар  экенин тактады. Ошондон бери көп жактарга кайрылдык, негедир алар жоопсуз калып  жатат.  Ошол  себептен  24-февралда да тиешелүү органдарга кайрылуу жолдодук. Кыйын кезде карапайым элдин бир гана ишенгени бийлик болот экен. Өзгөчө Президенттен көп нерсени суранып, талап кыла алат экен. Биздин президентибиз дин эркиндигин чектебеген, ыймандуу, эл үчүн иштеген өлкө башчы экенин көргөзүп келатат. Ошону эске алып ажобуздан Сириядагы балдарыбызды, кызкелиндерибизди алып келүүгө  көмөктөшүүсүн  суранат  элем. Кыргыз мамлекети азыр ошол балдарга кол сунуп сактап калса эртең өлкөгө болгон ишеним дагы бекемделет. Айрымдар аларды азыр алып келүү Кыргызстанга коркунуч жаратат деп жатышат.  Тескерисинче,  аларды  кеч  болуп кала электе алып келип тарбиялап алганыбыз  жакшы.  Азыр  алып  келбесек аман  калгандары  эртебикечпи  канча бир  жылдардан  кийин  Кыргызстанга келет.  Так  ошондо  алар  мамлекетке кооптуу болуп калышы мүмкүн. Себеби алар азыркы зордук-зомбулукту көрүп жашап, кийин аны мекенине, адамдарга жасашы мүмкүн. А азыр жаш энелерди балдары менен Кыргызстанга алып келсек буга чекит коюлат. Алар Кыргызстандын жарандары болгондуктан мамлекет аларга жардам берүүгө милдеттүү. Бул жердеги сүрөттөрдү карасаңыздар көбү  балдар.  Буларды  кантип  террорист дейбиз.

Рамаз САРЫЕВ, эки кызы, жубайы Сирияга кеткен ата:

–  Азыр  кыргызстандыктар  “Роуд”,  “Хол”  деген  эки  лагерде.  Жакында ал жерге кар жаап аябай суук болду. Биз кыргыз өкмөтүнө, президентке бир  топ  кайрылууларды  жолдогонбуз. өкмөттөгүлөр  алып  келебиз,  жардам беребиз деп жатышат. Анысына ыраазыбыз, бирок бул ишти тездетпесек кеч болуп калат. Албетте,  ал  жакка  кеткен  кыздарыбыз  чек  араны  мыйзамсыз  бузгандыгы  үчүн  күнөөлүү.  Ал  үчүн  бул  жакта жооп беришсин. Бирок, наристелерде эмне  күнөө?  Биз  өзүбүздүн  өкмөткө кайрылбаганда  кимге  кайрылабыз? Өзбекстан, Россия же Америкага кай-рылабызбы? Чын-чынына келгенде ал жакка кеткендердин көбү алданып кал-гандар.  Эгер  менин  кыздарым  ошол жактын  идеясын  колдосо  мен  минтип чырылдап чуркабайт да болчумун. Алар “ата, биз алданып калдык” деп ыйламсырап  отурушат.  Алар  эч  кандай  террористтик  актыларга  катышкан  эмес. Экөө, апасы менен 18 чакырымды басып,  бомбаланган  шаарларды  аралап отуруп азыркы лагерге жетишкен. Жок дегенде  аларды  Түркиянын  лагерине котортуп беришсе биз эптеп туугандарыбызды алып келип алат элек. Менин эки кызым 17 жашында Египетке окууга барабыз деп кетип Сирияга түшүп калган. Кыздарымдын артынан энеси кетип аны да ал жактан чыгарбай коюшту. Кыздарымдын күйөөлөрү өлгөндөн кийин  гана  алар  азыркы  лагерге  келишти. Бала деген кыйын экен. Менин жубайым деле кыздары үчүн кетип чыга албай калды. Күрддөр “силерди эмнеге  алып  кетпей  жатышат,  бизге  запрос кылышса чыгарып берет элек” деп жатышыптыр.

Аккөкүл МУРАТАЛИЕВА, кызы Сирияга кеткен эне:

– Биздин кыздарыбыз күйөөлөрүнүн мажбурлоосу менен Сирияга кетип, азыр балдары менен адам чыдагыс, оор акыбалда  турушат.  Бир  жылдан  бери  палаткада жашап жатышат. Уулдарыбыз, кыздарыбыз ар кандай алдануу жолдору менен кетип калышты. Менин кызым эки баласы менен азыр лагерде. Эртең менен эле неберем менен сүйлөштүм. “Эне, бизди  Кыргызстан  алып  кетет  бекен?” дейт. Урматтуу Сооронбай Шарипович, биздин кыздарыбызды кор кылбай алып келип берүүңүздү суранабыз. Интернетте  ар  кандай  комментарийлерди  жазып жатышат. Адам баласынын башына кыйынчылык түшмөйүн бирөөнү бирөө түшүнбөйт тура. Биздин үнүбүздү Сооронбай Шарипович укпаганда ким угат?

Нурила ДөөЛөТЖАНОВА, жакыны Сирияга кеткен аял:

Адамда үмүт өчпөйт экен. Кызым йткандай  какпаган  эшигибиз,  кир-беген  тешигибиз  калган  жок.  Биздин үнүбүз  жеткен  үчүн  президентибиз быйыл балдарды коргоо жылы деп жарыялады окшойт. Ажобуз да кандайдыр бир  себептер  менен  балдарыбызды алып келе албай жатканын ички туюмумда сезип жатам. Бул жерге келе албай калган  ата-энелердин  атынан  быйылкы жылды балдарды коргоо жылы кылып  жарыялаганыңызга  ыраазычылык билдирем. Кыргыз эли уюткулуу, руху бийик, биримдиктүү эл. Башка элге уят болбой  балдарыбызды  коргоп  алалы. Биз эле эмес Сирияга 82 мамлекеттен барышты. Бул Американын саясаты экенин, ал жакка баргандар идеологиялык жактан  адаштырылганын  дүйнө  жүзү деле түшүнбөдүбү. Анан эмне үчүн биз кыз, келиндерибизди, балдарыбызды ал жакта кароосуз калтырышыбыз керек.

Амангелди САДЫГАЛИЕВ, Панфилов районунун тургуну:

– Менин карындашым Асель Садыга-лиева алдануу жолу менен кетип учурда Сириянын  “Алхоль”  лагеринде  жатат. Буга чейин мен карындашыма көп маани  берчү  эмесмин.  Январь  айында  ал мага байланышып, суук чатырчада ачка жатканын айтканда туугандын канчалык кымбат  экенин  сездим.  Ошол  күндөнтарта менде уйку жок. Бир бооруң ти-гил жакта кыйналып жатса тынч жашаш кыйын экен. Урматтуу Сооронбай Шарипович,  биз  кыргыз  эли  бир  тууган элбиз  го.  Күйөөлөрүн  ээрчип  кеткен жапжаш  кыздарыбызда,  балдарыбызда эмне күнөө? Менин карындашымды бизнесмен кайын атасы күйөөсү менен кошо  Дубайга  чакырган.  Күйөө  балам менен карындашымды баарыбыз жакшынакай эле узатканбыз. Экөө Сирияга барарын да билишкен эмес. Биз азыр даанышман Чыңгыз Айтматовдун Акбарасындай болуп турабыз. Бала үчүн эне эмнеге барарын тасмадан деле көрдүк го. Эгер кыздарыбыз террорист болсо ушул  күнгө  чейин  тирүү  болмок  эмес. Баласы бир күн ооруп калган эне кандай азапка батарын билесиздер. А тигил  жактан  кыздары  «биз  ачкачылыктан, сууктан кыйналып жатабыз, ооруп жатабыз”  деген  кыздардын  энелеринин  акыбалы  кандай  болот?  Урматтуу Президент, биздин ар бир мүнөтүбүз, күнүбүз  эсептелүү.  Суранам,  жардам бериңиз!  Сиздин  балдарды  коргоо боюнча программаңызды колдойбуз.

Өкмөт көзөмөлүндө

Кыргыз  өкмөтү  Сириядагы  аялдар менен  балдар  маселесин  ар  дайым көңүл  борборунда  кармап  турганын Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. “Өкмөттүн тапшырмасы менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, ар тараптуу жана комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ар түрдүү террористтик топтордун катышуусундагы согуштук аракеттердин күч алышы Сириядагы  кырдаалды  курчутуп  койду.  Ошол себептен  ал  жактагы  кыргызстандыктарды алып келүү иши бир аз кечеңдеп жатат”,  –  делет  Өкмөт  аппаратынын билдирүүсүндө

Мелис Совет Уулу «Кыргыз Туусу»