«Аялзат коомдун тиреги»

4-мартта А. Осмонов атындагы  Улуттук китепканада Кыргыз аялдар комитетинин 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чара өтөт. Комитеттин төрайымы  Чинара Майтикова бизге төмөнкүлөрдү айтып берди

– Кыргызстандагы аялдар комитетине быйыл 95 жыл болот экен, жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсеңиз?

–  Кыргызстан  аялдар  комитетинин башаты  ХХ  кылымдын  1925-жылынан башталат.  1925-жылы  5-мартта  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аялдарынын биринчи съезди болгон. Дал ушул  съездде  элибиздин  тарыхында биринчи  жолу  бийлик  өкүлдөрү  менен бирге аялдардын абалын жакшыртуу, билимге ээ болуусу, укуктарынын корголушу  сыяктуу  олуттуу  маселелер  талкууланып,  кийинки  аткарылчу иш-чаралар  белгиленет.  Съездге  105 делегат  катышкан,  алардын  85и  кыргыз  аялдары  болгон.  Бул  съезд  аялдардын эмгектик жана коомдук-саясий активдүүлүгүнө чоң түрткү берген. Ошол мезгилден  тарта  жер-жерлерде  аялдар  кеңештери  иш  алып  бара  башташкан.  Аялдар  кеңеши  дээрлик  союз тараганга чейин жигердүүлүк менен иш  жүргүзүп  келишти.  Мамлекетибиз эгемендүүлүккө  ээ  болгондон  кийин ушул аялдар кеңешинин алпарган ишин улантып, жолун улап кеткен Кыргызстан аялдар комитети болуп саналат.

– Комитеттин эң алгачкы жетекчиси ким болгон?

–  Кыргызстан  аялдар  комитетин Шаткүл  Исалиевна  Кудабаева  түзгөн жана Юстиция министрлигинен каттоодон өткөргөн. Бул комитет түзүлгөндөн тарта көп балалуу аялдардын, жалгыз бой энелердин, кары-картаңдардын жана майып балдардын укуктарын коргоого, мамлекеттик гендердик теңчиликти колдоого жана аларды ишке ашырууга аракет кылып келет.

– Мисалы…

–  Аялдар  комитетинин  акыркы  эле жылдардагы жасаган иштери жөнүндө айтсам, Бишкектеги онкология ооруканасында рак оорусу менен дарыланган 45 балага тамак-аш,оюнчук жеткирилип жана оорукананын эсебине акча каражаты  которулуп  берилди.  2010-жылы 7-апрелдеги элдик революциядан кийин жаракат алган атуулдарга жана милиция кызматкерлерине аялдар комите-тинин президиумунун мүчөлөрү ооруканада дарыланып жаткан жерине чейин барып, ар биринин колуна акчалай каражат тапшырышкан. Аялдар комитети Кыргызстанда  болуп  жаткан  табигый кырсыктарда да четте калган жок. Жер көчкүдө, Сузактагы суу ташкынында ко-митеттин мүчөлөрү кийим-кече, бут кийим, тамак-аш жеткирип кайтышкан. 200 кыз-келинди Окуу борборунан бухгал-тердик, компьютердик курстардан окутуп, сертификат тапшырылды. Көптөгөн ишкер айымдарга  колдоо  көрсөтүлүп, бизнес-пландарын  түзүүгө  жардам берилип,  Айыл  банктан  жеңилдетилген  кредиттерди  алууга  жардам көрсөтүлдү.

– Бул иштер сиздин убагыңызга чейин жасалса керек, сиз жетектеген учурдан тартып кандай иш-чаралар жасалды?

–  Ооба,  мен  2019-жылдан  баштап комитетти  жетектей  баштадым.  Мен өз имилдетимди солгундап калган иштерди кайра жандантуудан баштадым. Бишкек шаарынын мэриясына, Кызыл жарым ай коомуна каттар менен кайрылып, аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 16 оорукчан  балдарга  кышкы  курткаларды,  жоокер  энелер  комитетинин  каттоосунда турган 30 балага, Бишкектеги аялдар  борборунан  25  балага  кийим-кечек,  белектери  менен  жана  жаңы жылдык  балатыга  акысыз  катышуусуна мүмкүндүк түзүп бердик. 650 балага «Сейтекте» жаңы жылдык балаты уюш-туруп, жаңы жылдык белектер таратылды. Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды  “Аймактарды  өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялады. Биз бул демилгени кубаттайбыз. “Балдарды колдоо жылында” бир топ алгылыктуу иштерди аткарабыз деп турабыз.

–  Алдыда  кандай  иш  план-дарыңыздар бар?

– Учурда комитеттин аймактарда ишмердигин  арттыруунун  үстүндө  иштеп жатабыз.  Башкача  айтканда,  аялдар комитетинин  аймактык  өкүлчүлүктөрү ачылат.  Гендер,  аялдардын  укугу  ма-селесинин  үстүндө  иштейбиз. Өзүңүздөр билесиздер, бул маселелер маанилүү маселелерден болуп саналгандыктан, ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга катышабыз. Аймактарда гендердик  саясатты  ишке  ашыруу  боюнча аялдар жана жаштар менен иш  алып  барган  өнөктөштөрдү, айыл  өкмөттөрүнүн  өкүлдөрүн, мекемелердин жетекчилерин чакырып,  “Аймакта  гендер  маселесин  ишке  ашыруу  боюнча  өз ара  аракеттенүү”  деген  темада тегерек  үстөл  өткөрүүнү  пландаштырып  жатабыз.  Ошондой эле  “Гендердик  стереотиптердин таасирин төмөндөтүү” деген темада семинар өткөрүү планыбызда бар. Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарабыз бар. Ошондой эле Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган кайрымдуулук акциясын өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз. Бул биз өткөрчү иш-чаралардын айрымдары гана

Анара Арзыбай кызы «Кыргыз Туусу»