Берлинге чейин жеткен И.Кочкорбаевдин тулпарлары

Быйыл кыргыз коомчулугу – Социалисттик Эмгектин Баатыры, кооператив өндүрүшүнүн көрүнүктүү уюштуруучусу, Кыргызстандын таза кандуу күлүктөрүн өстүрүүгө эбегейсиз зор салым кошкон Исак Кочкорбаевдин 130 жылдыгын белгилешет.

 Суу төгүлгүс жоргого алмашып алган англис айгыры

Тарыхый документтерге кайрылсак, Исак Кочкорбаев жетекчилик кылган легендарлуу “Кеңеш” колхозу, кезегинде Россия менен Кытайды байланыштырып турган Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашыптыр. Ары-бери каттаган соодегерлер ушул жердеги кудукка токтоп, мал-жанын эс алдырып, соодасын жүргүзүп, тоого-түзгө бирдей жүргөн, чыдамкай кыргыз аттарына товарларын алмашып, анан жолдорун улашчу экен. Ушул жерден, мындан туура жүз жыл мурда (1920) Исак Кочкорбаев суу төгүлгүс жоргосунун үстүнө буудай кошуп берип жатып, англис тукумундагы айгырга алмашып алат. Ушул тарыхый алмашуудан баштап, кийин “Кеңеш” колхозу болгон бул чарбада асыл тукум жылкылардын тукуму негизделет.

1938-жылы И.Кочкорбаев жетектеген “Кеңеш” колхозу өндүрүштүк пландарын ашык аткаргандыгы үчүн республикалык кеңешмеде таза кандуу айгырлар менен сыйланат. 1939-жылы чарбанын жылкы фермасы үчүн англис, орус-америкалык күлүк жана таскактуу асыл тукум жылкылар сатылып алынат. Ошентип, жылкы дегенде түн уйкудан калган Исак Кочкорбаевдин тынымсыз аракети менен 1939-жылы республикада алгачкы жолу асыл тукум жылкы фермасы түзүлөт. Жылкы фермасынын башчысы Сыдык Кочкорбаевдин жетекчилиги астында кыргыз бээлерин англис тукумундагы айгырларга аргындаштыруу жолу менен сөөк-саактуу, чыдамкай кыргыз-англис тукумундагы жылкылар өстүрүлө баштайт.

Кочкорбаевден кеңеш сураган И.Раззаков

Согуштан кийин Исхак Раззаков “Кеңеш” колхозуна көп каттап, талаачылык жана мал чарбачылыгы боюнча мол тажрыйбасы бар Исак Кочкорбаев менен мындай асыл тукум жылкыларды бийик тоолуу шарттарда өстүрүү тууралуу акылдашып, кеп-кеңешин угат. Англис тукумундагы таза кандуу жылкыларды өстүрүү боюнча “Кеңеш” колхозунун тажрыйбасын үйрөнүп чыккандан кийин 40-50-жылдарда окумуштуу Н.Чашкин жетекчилик кылган Кыргыз илим-изилдөө мал чарбачылык институту Кыргызстанда Ысык-Көл-53, Нарын-54, Ош, Жерге-Тал жылкы заводдорун түзүүнү сунуштайт.

Панфилов дивизиясын ат менен камсыздаган…

Айта кетүүчү нерсе согуштун алдындагы жана согуш учурундагы оор мезгилдерде И.Кочкорбаевдин жетекчилиги астында миллионер болууга жетишкен “Кеңеш” колхозу, азык-түлүк менен бир гана чарбанын жашоочуларына эмес, борборду да камсыз кылып турган. Ошондой эле майданга азык-түлүк, жылуу кийим жана мингич аттардан зор көмөк көрсөткөн.

Белгилей кетсек генерал, республиканын аскер комиссары И.В.Панфилов атчандар кавалериясы үчүн жылкыларды ушул “Кеңеш” колхозунан алып турган. Ошол кан күйгөн 1941-жылы “Кеңеш” колхозунун клубунда И.В.Панфиловдункомандасы астында 386-аткычтар дивизиясынын айрым бөлүктөрү түзүлүп, “Кеңеш” колхозунан 500 адам майданга аттанган.

Советтер Союзунун Баатыры Хамид Гадальшин, панфиловчу Апас Туңгучбаев, жоокерлер Сагынбек Керимкулов, бир туугандар Апек жана Батырбек Абылгазиевдер, Арпачы Коонбаев, Кайкы Сейдакматов, Жумакмат Байзаков, Сатыгул Рыспаев ж.б. ондогон-жүздөгөн жоокерлер майданда каармандык көрсөтүшкөн, көбү кайтпай да калышкан. Алардын сүрөттөрү И.Кочкорбаевдин музейинде сакталып турат.

Ашырбай Коёнкөзов менен майданда жолуккан

1942-жылы Исак Кочкорбаев жетекчилик кылган Кыргызстандын делегациясы бир эшелон жүктү майданга жеткирет. Ал легендарлуу чалгынчы А.Коёнкөзов менен ошол кан майданда сүрөткө түшүп, Кочкорбаевге фронттун жоокерлеринин, командирлеринин атынан аты жазылган тапанча тапшырылат. Делегациянын курамында И.В.Панфиловдун жубайы Мария Ивановна, жазуучу Мамасалы Абдукеримов, Апен Окушева, Ашим Коңурбаев да болгон. Казан вокзалында майданда санитарка болуп иштеп жүргөн И.В.Панфиловдун кызы Валентина менен жолугушканда И.Кочкорбаев аны кучактап алып ыйлап, көңүл айтат. Анткени И.В.Панфилов үй-бүлөлүк карым-катышта болушкан.

Фактылар:

Согуш башталганда “Кеңештиктер”4 автоунаа, мотоцикль жана 10 араба аты менен берсе, кыш кирип келатканда 47 жылуу төшөк, 40 түгөй чокой, 20 кебез купайке, 420 түгөй кол кап, 300 жүн байпак жөнөтүшкөн.

1941-жылдын 20-ноябрында “Советская Киргизия” гезити “Кеңеш” колхозуу 55 атты-ээр-токуму менен майданга жөнөткөнүн жазган.

“Кеңеш” колхозу коргонуу фондуна 39, 500 миң рубль акчалай жардам берип, 157 582 миң рублдик завемго аскердик заемго жазылышкан. Колхозчулар 1400 эмгек күнүн майданга которушкан.

Согуш жылдарында жалпы алганда 450 ат жөнөтүшкөн. Бул аттар С.Буденныйдын кавалериясынын катарында Берлинге чейин жеткен.

Буденныйдын белеги

1948-жылы СССРдин айыл чарба министри, маршал С.М.Буденный “Кеңеш” колхозуна атайы келет. Ал “Кеңеш” колхозу жиберген кыргыз жылкылары майданда өзгөчө чыдамкайлыкты көрсөткөнүн жогору баалап, ал тулпарлар Берлинге чейин жеткенин айтып, ыраазычылык катары дон тукумундагы “Жосир” жана “Зофир” аталган эки айгырды ала келгенинин билдирген. Бул аргымактардан кийин “Буденновка” аталган жаңы кыргыз породасы чыгарылган. Эл ичинде буларды аламан аттары деп коюшчу. Анткени, абдан курч, байге бербеген күлүктөр чыккан. 1954-жылы 3-апрелде бул жылкылар “Жаңы кыргыз тукуму” аталган илимий атка ээ болгон. Анын келип чыгышына – жылкы ферма башчысы С.Кочкорбаев, жылкычылар Ж.Байзаков, К.Өтөгөнов, К.Малашев, Ш.Осмонов ж.б.лар зор салым кошушкан.

Кеннеди да келип кеткен

Өткөн кылымдын 50-жылдарында “Кеңеш” колхозунда 500 англис тукумундагы таза кандуу жана 2000 кыргыз жылкылары болгон. Алардын арасында 20 жылга жакын байге бербеген “Гурзив”, “Туран”, “Орел”, “Баркбай”, “Көк кашка”, “Тор жорго”, “Күрөң жорго” ж.б. күлүктөр жана жорголор болуп союзга, атүгүл чет өлкөлөргө чейин дүңгүрөп турган.

Ал эми миллионер “Кеңеш”колхозу Москвадагы Айыл чарба жетишкендиктеринин бүткүл союздук көргөзмөсүнүн жети жолку катышуучусу болгон: 1939, 1940, 1947, 1949, 1953, 1954, 1956. Ал учурда атагы таш жарып турганчарбага Роберт Кеннеди, Уилям Дуглас өңдүү ааламга белгилүү инсандар, Янош Кадар жетекчилик кылган Венгриянын делегациясы, Япониянын, Кытайдын, Кореянын делегациялары келип кетишкен.

Кочкорбаевдин жылкы жарманкесин жандантуу керек

Кыргыздын чыгаан уулу Исак Кочкорбаевге Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы берилип, эки Ленин, эки Эмгек Кызыл туусу, Ардак белгиси ордендери, ондогон медалдар менен сыйланган. Ал СССРдин эл депутаты (1954), Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку депутаты (1947-1951) болгон. Ал бир гана жылкы сырын билген адам болбостон, таланттуу уюштуруучу, кооператив өндүрүшүнүн негиздөөчүсү, таза кандуу жылкыларды өнүктүрүүнүн чыныгы күйөрманы катары тарыхта калды. 1965-жылдын 14-сентябрында бул улуу адам жарык дүйнө менен коштошкон. Бир жылдан кийин эмгекчилердин өтүнүчү боюнча “Кеңеш” колхозуна Исак Кочкорбаевдин ысмы берилген. 1970-жылы чарба Исак Кочкорбаев атындагы таза кандуу англис тукумундагы жылкыларды өстүрүүчү жылкы заводу статусун алган.

Бүгүнкү күндө Улуу Жибек жолундагы И. Кочкорбаев айыл аймагында жыл сайын өткөрүлүүчү Кочкорбаев жарманкесин калыбына келтирүү жана өткөрүү зарыл. Бул иш-чара кыргыз атынын, анын ичинде жаңы кыргыз тукумунун кайра жаралышына түрткү берип, Кыргызстандагы таза кандуу тулпарлардын борбору болуп калмакчы.

Биздин аталар тарабынан негиз салынган Кочкорбаев жарманкесин, “Улуу Жибек жолундагы эл аралык жылкы жарманкеси жана көргөзмөсүн” өткөрүү менен кочкорбаевдиктер көптөгөн конокторду, анын ичинде туристтерди тосуп алмакчы. Сатуучу жана алуучу болгон конокторду, туристтерди кабыл алуу, аларды мейманкана, тамак-аш, аттарын жем-чөп менен камсыздоо, тейлөө айылдын элин жумуш менен камсыздап, бул багытта туризмди өнүктүрүүгө зор салым болмокчу. Биз Кочкорбаевдин жарманкеси чет өлкөлүк жылкы күйөрмандарын да өзүнө тартат деп бекем ишенебиз.

Турар КОЙЧИЕВ,академик, экономика илимдеринин доктору, профессор

Ахматбек ЫСМАНОВ, мүчө-корреспондент, экономика илимдеринин доктору, профессор

Зайнидин КУРМАНОВ, тарых илимдеринин доктору, профессор