«Баланы тартып жатканда өзүм биринчи ыйлайм»

Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарын алуу жагынан кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыков тарткан “Жөө күлүк” көркөм фильми үчүн былтыркы жыл түшүмдүү болду. Октябрь айында Түштүк Кореяда өткөн Пусан кинофестивалында автордук кинолордун арасында эң жогору сыйлыкка татыды. Андан тышкары, Германияда өткөн өспүрүмдөрдүн “Schlingel» кинофестивалында көрсөтүлдү. Ал эми ноябрда «Жөө күлүк» тасмасы Мароккодогу 44 өлкөнүн 70 фильми катышкан ири фестивалда «Калыстар тобунун атайын байгеси» жана «Эркектин мыкты ролу» — эки номинациясындагы жеңишке ээ болду. Мында белгилүү актёр Руслан Орозакуновдун каарманы – аракеч Сапарбек калыстардын купулуна толгон. Декабрдын башында Польшада өткөн «Alekino» жаш көрүүчүлөрдүн эл аралык кинофестивалында үч сыйлыкка татыды.

– Мирлан, сен бала чагыңда бир нече фильмдерге тартылып жүрүп, кино тармагына чыгармачылык тажрыйба менен келдиң окшойт?

– 1999-жылы мектепти аяктадым. Ал жылдары кыргыз киносуна бийлик тараптан дээрлик көңүл бөлүнбөй, бул тармактын тагдыры бүдөмүк эле. Ошондо атам Актан Абдыкалыков мага: “Балам, адамдардын көңүлү келбесе кинону көрбөй коюшу мүмкүн. Бирок, телевидение, радио, гезиттерден маалымат алып, күн сайын жаңылыктарды укпай эч ким жашай албайт”, – деп, кеңеш берген болчу. Ошентип, Ж.Баласагын атындагы КМУнун журналистика факультетин 2004-жылы бүтүргөм. Ага карабай, кино мени өзүнө магниттей тартып туруп алды.

– “Жөө күлүк” кино тасмасынын башкы идеясы кимдики?

– Түпкү идеясы, башаты менден чыккан. Буга чейинки “Сүтак” толук метраждуу көркөм фильмибиз бир топ ийгиликтерге жеткен соң, улуу режиссер агаларым мени тамашалап: “Кээде режиссёрдун алгачкы киносу кокусунан ийгиликтүү чыгып калышы ыктымал. А сен экинчисин тарт. Ошондо чыныгы дареметиңди көрөлү”, — деп тийишип калышты. А чынында баштапкы жакшы чыккан иш өзүңө болгон ишенимди пайда кылат экен. Балалык кезим Сокулукта өттү. Айылдагы тушоо тойлордо биринчи чуркап келгенди жакшы көрчүмүн. Тарткан кинолорумда кыргыздын улуттук каада-салттарын, элдик жөрөлгөлөрдү чагылдырууга, аларды башка элдерге таанытууга басым жасайм. Ошондон уламбы, айтор, сценарийдин алгачкы варианты тушоо той болуп калган. Ушундан улам атам мага: “Улуттук салттарды куру бекер эле көрсөтө бербей, коомдогу социалдык көйгөйлөргө жуурулуштуруп, көтөрүп чыгууга аракет кыл. Жеңил-желпи чыгарма болуп калбасын”, – деген пикирин айтты. Ошондон кийин атам жана Эрнис Абдыжапаров болуп, сценарийди кайрадан жаздык.

– Жекшендин ролуна 11 жашар Темирлан Асанкадыровду кандайча тандадыңар?

– Баш каарман баланы тандап алуу үчүн  3000ге  жакын  окуучуну  электен өткөрдүк. “Сүтактагы” 5 жашар кичинекей кызды тандоо кандай кыйын болсо, “Жөө күлүктөгү” башкы каарманды табуу да оңойго турган жок. Бишкектин, айылдардын мектептерин түрө кыдырдык. Сүрөткө, видеого тартып келип, күнү кечке кайра-кайра карап, сынактан өткөрүп отурмай. Балдарды алгачкы жолу иргеп жатканда Темирланды “тартылбайт” дегендердин арасына өткөрүп жибериптирбиз. Тандоодон өтүп чыккан жети ба-ланы үч күн бою талкууладык. Чынын айтсам, ролду бат кабыл алганы, дароо ойноп кетүүгө таланты жеткени боюнча идиректүү балдар табылып жатты. Бирок, менин талабым боюнча 11-12 жаштагысы керек эле. Акыркы чоң тандоодон өткөндөн калган бешөөнү киностудиянын короосуна чыгарып чуркаттык. Жарышта Темирлан алдыга келди. Эмнегедир мага ушул баланын жылдызы жагып туруп алгандыктан, тандоого кайрадан коштурган болчумун. Алгач жамаатыбыздагы айрым кесиптештерим ага анча ынанбай жатышты. Бирок, мен аларга: “Кинону тартып бүткөнгө чейин Темирланды баарыңар жакшы көрүп каласыңар”, – деп айттым.

 

–“Жөө күлүктөгү” окуялар коомдун көйгөйүнө айлангандыгы үчүн жалпыга жагып жатса керек.

– Фильмде Жекшен ата-энесинин жалгыз уулу болот. Атасы Сапарбек ичкиликке берилип кеткен. Ага аялынын шаардык бай адамга баш кошуп алып, таштап кеткени себепкер. Адатта ажырашкан жубайлардын ар кимиси өзүн биринчи планга коюшуп, баланын алдындагы жоопкерчилигин сезишпейт. Чоң атасы менен чоң энеси Жекшенди алып кеткени келишсе, бала барбай коёт. Өспүрүм Жекшен ата-энесин кайра жараштырууну максат кылып, көп аракет жасайт. Ал тушоо тойлордо жарышка түшүп, байгелерди утуп алып жүрөт. Анын баарын ичкиликке ооп кеткен атасын багууга жумшайт. Мектептин дене тарбия мугалими да баланын чуркоого болгон жөндөмүн байкап, райондук олимпиадага жиберет. Баланын жөө күлүк атанып чуркаганынын себеби да ушундай турмуш зарылчылыгынан чыккан. Бир күнү Жекшендин апасы мектепке келип жолугуп, уулуна кымбат телефон белек кылат. “Мобу киши сени багып алам деп жатат. Чет өлкөгө кетебиз ал жакта жакшы жашайбыз”, – деп кымбат баалуу унаа тарапты көрсөтөт. Жекшен болсо: “Мен кетсем атам өлүп калбайбы”, – деп көнбөй коёт. Кинонун түпкү контекс тин жакшылап байкаган адамга баланын атасын гана эмес, ата журтун таштагысы келбеген мекенчилдиги көрүнөт. Тилекке  каршы,  апасы  менен  болгон ошол жолугушуу баланын ата-энесин жараштырууга болгон үмүтүн биротоло өчүрөт.

– “Жөө күлүктүн” бет ачарын эмне үчүн чет мамлекетте өткөрдүңөр?

– Кинонун иши спортчулардыкына окшош. Кыргызстандын чемпиону болгон спортчу алдына олуттуу максаттарды койбосо туубузду бөлөк өлкөдө желбирете албайт. Ал эми кино тармагындагы чыгармачыл адам бери дегенде КМШнын аймагына,андан дүйнө мамлекеттеринин кинорыногуна чыккысы келет. Азыркы  күндө  жаш  режиссёрлордун арасында олуттуу көркөм фильм-дерди, автордук тасмаларды тарт-кандары аз. Айрымдары коммерциялык  фильмдерди  чыгарууга өтүп  кетишти.  Андай  жанрдагы тасмалардын өз көрүүчүлөрү бар деңизчи. Бирок, атамекендик кино искусствону кең ааламга таратууну көздөп, көркөм фильмдерди тарткан режиссёрлор көбүрөөк болсо дейм. Адатта автордук фильмдердин географиясы кыйла кенен.

–  Залкар  режиссёр  Болот Шамшиев  “Ак  кемени”  тар-тып  жатып,  аксакал  актёр А.Куттубаев – Момун чалдын бир эпизодунда аны ыйлата албай коюптур. Акыры зөөкүр күйөө баласын ойногон Орозбек Кутманалиев – Орозкул кайнатасын чындап эле бетке чаап жиберип, үч күн бою Куттубаевдин аркасынан ээрчип, режис-сёр экөө кечирим сурагандары боюнча кеп тараган. Сен 12 жашар баланы кантип ийге келтирдиң?..

– Кинодо актёр ролду жакшы чыгара албай калса ага режиссёр күнөөлүү. Ал эми актёр өз кейипкерин ийине жеткирип, ийгиликтүү ойносо актёр өзү мыкты ойно-гон болуп чыга келет. Ошондуктан биз — режиссёрлор ар түрдүү сындарга көнүп калганбыз. Ал эми Темирланга келсек, бала жогорку профессионалдуу актёрлордун ойноп жатканын көрүп, алардын арасында өзүн ыңгайсыз сезип жүрдү. Кино аянтын алгачкы жолу көрүп жаткан өспүрүм тартынбай коёбу? Аттуу-баштуу актёрлор деле каармандын тагдыры менен чогуу “жашаш” үчүн чыгармачылык толгонуунун бийик “ашуусунан” ашып өтүшөт. Мен тартылган атамдын “Беш кемпир” тасмасында шолоктоп ыйлап жаткан эпизодум бар. Өзүм тарткан “Сүтак” фильминде кичинекей кыздын образын ачууга жетишкенбиз. Ушундай жагдайлардан уламменде балдар менен роль чыгаруунун атамдан үйрөнгөн туруктуу тактикасы пайда болгон. Ошол ыкмага салыш үчүн 12 жашар Жекшендин ролундагы Темирлан катышкан эпизоддорду тартууну кечеңдетип, артка жылдырдым. “Жөө күлүктү” Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында тарттык. Ал жакта кырк күнгө жакын убакыт иштедик. Мындай учурда күн өткөн сайын баланын ата-энесин сагынып, куса боло баштаганы байкалат… Бир күнү бала катышкан эпизодду тартууга өткөндө өзүм анын маңдайына туруп алып, ыйлаган адатымды “Жөө күлүктө” да баштадым. Ошондой учурда: “Бир топ убакка чейин тарта бергиле”, – деп коём. Кийин керектүүсүн монтаждап алабыз.

Назира АЛИЕВА “Кыргыз Туусу”