Акжол Сулайманбек уулу чемпиондук титул үчүн беттешет

Бокс

Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык рингде кезектеги беттешин өткөрөт. Ал 7-мартта Россиянын Екатеринбург шаарында бокс боюнча өтө турган турнирде беттешке чыгат.

Жалпысынан 11 беттеш болот, анын ичинде титулдук мелдештер да бар.

Жарым жеңил салмактагылар арасында Акжол Сулайманбек уулу менен россиялык Марк Уваровдун ортосунда WBA Gold чемпиондук титулу үчүн беттеш болот. Бул титул учурда бош.

Акжол Сулайманбек уулу учурда WBA Asia чемпиону. Ал наамын буга чейин 4 жолу ийгиликтүү коргогон. Ал эми Марк Урванов 2019-жылдын ноябрь айында WBO International титулун алган.