Премьер-лига жаңы сезондо

Футбол

Кыргызстандын Премьер-лига командаларынын ортосунда футбол боюнча чемпионаттын жаңы сезону 14-мартта башталат. Жаңы сезондо 9 команда 3 айлампа боюнча ойнойт.

14-мартта «Абдыш-Ата» «Кара-Балта» менен, «Каганат» «Алга» менен беттешүүлөрдү өткөрөт.

Ал эми 15-мартта «Лидер» менен «Нефтчинин» жана «Дордой» менен «Илбирстин» ортолорунда таймаштар болот.

 

Гүлжигиттин алгачкы голу

Кыргызстандын улуттук курамасынын жартылай коргоочусу Гүлжигит Алыкулов учурда алматылык «Кайрат» командасында ойноп жүрөт.

29-февралда «Кайрат» өзүнүн кошумча командасы «Кайрат» — «Жастар» менен эки жолдоштук оюн өткөрүп, экөөсүндө да жеңишке жетти. Экинчи оюнда Гүлжигит Алыкулов каршылаштардын дарбазасына алгачкы голун киргизди.