“Таза коом” программасы боюнча жумушчу топ түзүлүүдө

“Таза коом” программасы боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган жумушчу топ түзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган «Таза коом» улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылган. Долбоорду ишке ашырууга Евробиримдиктин катышуусуна кызыкдар экенин Бишкекте Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушууда белгилүү болгон.