Кыргызстандык ажыларга Меккедеги мейманканадан 1500 орун берилди

Сауд Арабиянын Ажылык министрлигинин алдындагы «Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр» Вакф мекемеси Кыргызстандык ажылар үчүн 1 миң 500 орунду камсыз кылат.

Мындай келишим Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Вакфтын кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда жетишилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында 2017-жылдагы Кыргызстандык ажыларды мейманкана менен камсыздоо жана тейлөөнү жакшыртуу, ар бир ажы жайгашкан бөлмөлөрдө аба муздаткычтарынын болуусу жана шарттары туурасында сүйлөшүлдү.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Кыргызстандык ажыларды «Лажнатуль-Тансиик Маварау Нахр» мекемеси 1300 орун менен камсыздаса, «Азия Усто» мекемеси ажыларга 2385 орун берген. Аталган мейманканалардын бардыгы Мекке шаарындагы ыйык «Харам» мечитине жакын жайгашып, ажылардын барып келүүлөрү үчүн кыйынчылык жараткан эмес.