Элмирбек Иманалиев: «Шакирттерим менден ашпаса устаттык милдетимди аткарбаган болом»

 Ата-бабаларыбыздан бери келаткан кыргыз өнөрү бул-төкмөлүк өнөр. Төкмөлүк өнөрдүн улуу мектебин кезинде кыргыз-казакка, ал тургай Орто Азия элдерине аты белгилүү болгон, залкар  төкмө акын Токтогул Сатылганов кийинки урпактарга мурас кылып калтырып кеткен экен. Бала кезинен ошол улуу өнөрдү аздектеп, устаттары Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиевдерден алган өнөрү, таалим-тарбиясы менен кийинки муунду сугарып, аларды саяпкердей таптап жаткан Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Элмирбек ИМАНАЛИЕВди кепке тарттык

“Бул элдин идеясы болчу”

Соңку жылдары бул менин идеям эле, тигил ишке ашырды. Бул идея биринчи менин дилиме келген, мен айткам, мен айтпасам бул ишке ашпайт эле деген тартыштар адатка айланып кетти. Муну эмнеге айтып калдым. Идея качан ошого болгон таңсыктык пайда болгондо, же коом кандайдыр бир өзүн жаңыртыксы келгенде, же кайсы бир милдеттер өтөлүп, жаңы милдет жүктөлгөн кезде көпчүлүктүн көкүрөгүндөгү нерсе жуурулушат, материалдашат, өөрчүйт. Ошол кезде бир максатташтык пайда болот экен. Коомчулуктагы көпчүлүк менен азчылыктын жолу бир жерге түшүп айкашып калат экен. Ошондо идея жаралары бышык. Антпесе, ал идеянын ишке ашышы солгун болот. Демек “Төкмөлөр келсе төр бошот” долбоорунун идеясы элдин идеясы болчу. Элдин идеясы дегенимдин жөнү бар. Биз алгач 20-30 чакты гана көрүүчү менен айтыштарды өткөрүп жүрдүк. Ошол кезде айылдардан, шаардан, ал тургай коомдук транспорттон “ой, бу силерди эмнеге теледен аз көрсөтөт, эми кызыгына жеткенде эле тык токтотуп коюшат”, — деп суусаган жаштар да, карылар да пайда болду. Ошол кезде биз ойлонуп, түйшөлүп жүрдүк. Көрсө бул долбоор эбак бышып жетилип, формасын таап, жолго коюш эле калыптыр. Анан эле КТРКнын редакторлору менен пикирибиз келишип калды. Алардын, биздин сунуштарыбызды ортого салып отуруп бул телеберүүнүн формасын таптык. Башкача айтканда, “Айтыш коомдук” фонду, бизден улуу акындар, биздин муундагы, биз тарбиялап жаткан жаш акындар да муну колдошту.

 “Буюрса, кыргыз элин кыдырабыз”

 Алгач “Айт, айт десе” деген аталышта бир-эки жолу чыктык. Андан соң ортолуктан макулдашып “Төкмө келсе төр бошот” дегенди табышты. Ошону менен бул КТРК жана “Айтыш” фондунун ортосундагы долбоор болуп калды. Иштин өөрчүшүнө жараша биз жумасына түз эфирден чыгып турууну туура көрдүк. Бир жуманын ичинде “Төкмө келсе төр бошот” долбооорунун программасына даярданып жетишип жаттык. Долбоорго “Поэзия айтыш” деген жанрды, “Манас” айтууну коштук. Алтын эреже катары эмне баштасак да башында “Манастан” үзүндү айтып алабыз акындар. Биздин балдардын баарысынын борбордо жашаганга шарты жок. Кээ бирөөлөр ошол кезде жума сайын айылдардан Нарындан, Кара-Балтадан, Оштон келип жатышты. (Э.И: Азыр Кудайга шүгүр баары борборго топтолушту).

Анан түз эфирдин көйгөйү көп болот экен. Албетте, маселе биз тараптан жаралган жок. Ал жерде канчалаган оператор бар. Режиссер каккан казыктай туруп, редактор карап, продюссер чуркаш керек дегендей. КТРК кызматкерлери биз дем алыш күндөрү да кошумча иштеп, убара болуп калып жатабыз дешти. Ошентип алар өз муктаждыктарын жетекчилигине айтышып, бул долбоор үзгүлтүккө учурай баштады. Жумасына түз эфирге чыгуу кыйын болуп калды. Ошол кезде биз күн мурунтан жазып алып сунуштоого өттүк. Анан ар кыл көз караштар болду. “Элмирбек Иманалиев өзү алпаруучу болуп шакирттери менен бир эле топ чыгып жатат. Замирбек Өсөнбаевди, Баян Акматовду, Аалы Туткучевди, Жеңишбек Жумакадырды көрбөй калдык, сагындык дегендерди угуп калып жүрдүк. Ошондо “бул эч кимдин менчиги эмес, бул өнөрдүн айдыңы, сахнасы” деп башкаларды да алып чыгууну редакторго айттым. Мен алып баруучулуктан четтеп, Максат Кулуев, Замирбек Өсөнбаев агай алып барып жүрдү. Ден-соолугуна байланыштуу Замирбек агай ал ишти улантып кете албай калды.

Ошентип жүргөндө бул телеберүүнү жаныбызда отуруп “живой” көрүү сунуштары түшө баштады. Телеберүү чакан студияда тартылгандыктан андай мүмкүнчүлүк жок эле. Ошондо эл “муну эмнеге филармониядан, айыл жергесинен көрө албайбыз” деп чыкты. Ал тургай “айыл ичинде уй мүйүз тартып көрсөк болбойбу?” дегендер болду. Интернет сайттарынан, гезит-журналдардан бизге кайрылгандар да көп болду. Ошентип биз студияда тартылуу вариантынан сахнага чыгууну туура көрдүк. Ал жерден телеканалдардын бизди  тартып алуу шарты, элдин бизди бетме-бет көрүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Алардын баарын эске алып сахнага чыктык. Ошондон бери минтип сахнадабыз. Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жергесинде «Төкмө келсе төр бошот” долборунун негизинде айтыш концерттерин тартуулап келатабыз. Алдыда Ат-Башы, Ак Талаа, кайра Жалал-Абад шаары, Ош, Таласка, кыскасы Кыргызстандын жылга-жыбыттарына чейин жетели деп турабыз. Айыл клубдарына, ал тургай залын чоңураак салган там болсо үйгө деле барып ырдап бере беребиз. Албетте, биз элдин көкөйүндөгү, дилиндеги сагынган ырларын ырдайбыз. Эскиден, учурдун бактысы менен шорун кошуп айтабыз. Ошого даяр турган чагыбыз.

“Кээде, “аттиң ай” деп үстөлдү муштап алабыз”

Кыргыз элинин уулу болуп туруп, Кыргызстан деген мамлекеттин жараны болуп туруп, ата-бабаларыбыз акылы, маңдай тери, эмгеги, тили, өнөрү менен сактап келген жергебизде туруп эмне кийип, эмне жейбиз деген майда маселе. Биз ушундай чоң максаттардын соңунда жүрүп, каалоо менен сүйүү болсо, пейил бузулбаса, жалкоолонбосок баары болорун аңдадык. Мага Өкмөт момунча акча бөлүп берип, мобу имаратты бошотуп берсин деген болбогон нерсе. Эгер максат-таза, айкын, адилет, акыйкат болсо, анда адам акчасыз жашоого болот. Кантип болбосун, болот. Ырыскыны эл башылар, Өкмөт, спикер, Көк үй бербейт. Ырыскы деген Жараткандан жана өзүңдүн ак эмгегиңден келе турган нерсе. Туура, маяна, көмөк жагы кандай деп жатасыз. Ал жагынан кыйналсак кыйналып жаткандырбыз, бирок, кыйынчылык бизге сабак болсун. Биз акындык дилибизден, оюбуздан, максатыбыздан жанбайлы деп улуу сапарга чыккан адамдарданбыз. Кудай бизге аманат берген өнөрүбүздү кандай асырап, аны менен заманга, коомго, өлкөбүзгө кандай жардам берерибизди тактап койгондорбуз. Кудайга шүгүр, болуп жатат. Куттуу жерде отурабыз, биз ушул жерге таңкы саат 6-7лерге келип ишибизди аткарып, тапшырмаларыбызды алып, кетчү жагыбызга кетебиз. Буга күбө болуп, таң калып кеткен замандаштарыбыз көп.

Биз таңкы жетиден кечки тогузга чейин иштей беребиз. “Кудай ырыскыдан кур койбойт” экен. Бирок, албетте кээде маданият адамдарына, улуттук өнөргө болгон башка өлкөлөрдүн мамилесин көрүп арданбай койбойбуз. Маселен, биз сыяктуу өз алдынча болуп кеткен КМШ мамлекеттери бизге салыштырмалуу өнөргө, журналист, акын, жазуучуларга башкача кам көрүп жатышат. Мындайча айтканда, мамлекет өзүнүн кызыкчылыгына алардын кызматын туура пайдаланып жатат. А бизде тилекке каршы, бул нерсе жок. Мисалы, бизде килейген Улуттук илимдер академиясы турат. Дайым булар бизде тигил жок, бул жок деп ыйлайт. Кээде канча миллион акча бюджеттен бөлдүртүп алганын да угабыз. А майнапка келгенде эмне жасап жатканы жөнүндө маалымат аз, биле бербейбиз. Мүмкүн айрым бир жазган китептерин отчет кылып көрсөтүшөт чыгар. Анын көбү бул жылдарды кой, руханий ачкачылык болуп, эл китептерге, билимге таңсык болгон 90-жылдары да пайда келтирген жок. Ыйык “Манас” жөнүндөгү китептерибиз, ал жөнүндө  илимпоздордун жазгандары, биздин не бир элдик оозеки адабиятты бетке кармаган эмгектер болгон менен аларды эл окубай, сатуу, элге жеткирүү жолдору табылбай макулатура болуп калды. Бөлүнгөн акчанын жарымынан көбүн чөнтөккө салып, калганына  эптеп-септеп жарактуу, жараксыз бирдемелерди бастырышып, анын баары таштандыда калганын өз көзүм менен көргөм. Эгер Элмирбек каерден көрүптүр, эмне күбөсү бар экен  десе бүгүнкү күндө да аларды көрсөтүп бере алам. Туура ал жерде пайдалуусу да бар, бирок пайдасызы өтө көп. Ага болбой эле уламдан улам жаңы нерселерди, институтту, негиздегенден негиздеп жатабыз. Жакында эле ушундай үйүлгөн бир топ түзүлүп, ал акчаларды ысырап кылып жатат. Аны жөндөп түшүнө турган, жооптуу адамдардын-министрликтегилердин, каражаттын туура эмес жумшалып жатканына акылы деле жеткен жок. Бул боюнча “Zaman.кg” интернет порталына берген интервьюмда айттым. Ошондон окуп, түшүнүшсө болот. Мындайларды көргөндө албетте арданып, сабырың бошоп кетип, “аттиң ай!” деп үстөлдү бир муштап алган учурларыбыз бар.

“Устаттан шакирт өтөт деген ишеним бар”

 Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыралы Айталиевдерден өзүңөрдөй шакирттериңер барбы деп көп сурашчу. Биз аны кандай өтөдүк, алардын шакиртибиз деп айтууга кайсы деңгээлде татыктуубуз аны мезгил көрсөтөр, эл айтар. Өз абийирибизде “а киши момундай ырдачу эле, мобундай айтчу эле, момундай чертчү эле, андай айта албай, черте албай  жатабыз” деп кемчилигибизди сезербиз. Кай бир кезде мындай насаат айтчу эле аны аткардым, мобунусун жакшы өздөштүрдүм деп кубанган учурларыбыз да бар. Мага да өзүңүздөй шакирт барбы деп суроо салышат. Менден шакирттерим ашат деген ишеним бекем. Устаттан шакирт ашпаса анда устаттык милдетти өтөй албаган болом. Мисалы, менин Мундузбек Борончиев деген жаш шакиртим бар. Ал комузду абдан жакшы чертет. Ысмайыл Борончиевдин арманы “мен комузду жакшы черте албайм, добушум анча жакшы эмес” дечү экен. “Эгер менин силердикиндей добушум болсо далай залкарларды көрүп калдым. Ошолорду туурап, дал өздөрүндөй кылып ырдап берет элем” деп Тукам, Эстекемдерге айтчу экен. Ысмайыл атабыз өзү домбура чертип жүрүп комузга өткөн киши. Бирок сөздүн кудурети менен Ысмайыл Борончиев болгон. А Мундузбек Борончиев бирин-экин күүнү өз деңгээлинде чертет. Ошол эле маалда ар бир акынды өз обону менен туурап ырдайт. Бул азыр жыйырмада, отузга чыккыча далай ийгиликтерге жетишет. Мундузбек мен жасаган иштердин көбүн акырындап жасап келатат.

Андан сырткары, Асылбек Маратовду айтсак. Ой жүгүртүүсү менен жасаган ийгиликтери. Эки-үч жолу эл аралык айтыштардын баш байгесин алды. Казактар менен болгон кош байгелүү айтыштарда эки ирет баш байгени жеңип алган. Асылбек аккан арыктан суу агат дегендей, биздин олуя, пир акын Арстанбектин бешинчи урпагы. Ошол жагын эске алганда дагы эмгектенсе бул жигитте үмүт чоң.

Ал эми Кытай жергесинен келип дайыма дилгир жүргөн Акматбек Султан уулу. Акматбек мен акын болсом ал да акын, мен обончу болсом ал да обончу, аткаруучу, дастанчы болуп, манас айтсам аны дагы аткаруучу, дастанчы, манасчы деп айта алам. Бул Кудай буюрса төгөрөгү төп келген талант болот. Манасчы Самат Көчөрбаев илимий эмгегинде “Токтогулдун мектеби бүгүнкү күндө да активдүү келатат” деп жазып жатат. Токтогулдун мектеби Эшмамбеттен башталат. Эшмамбет Токтогулдан беш-алты жаш эле кичүү болбосо, ал да өзүн Токтогулдун шакирти санаган жана андан көп нерсени үйрөнгөн. Токтогулдун шакирттери Калык Акиев, Коргоол Досуев, Алымкул Өсөнбаев жана башкалар ал тургай өзүнөн улуулар да Кетмен-Төбөгө топтолушуп, Токтогулду айланчыкташкан. Бул боюнча тарыхий далилдер да бар. Тогуз жаш улуу Тоголок Молдо «Ак-Талаадан Токомду издеп барып, бир топ күн жанында болуп, кумардан чыгып келдим” деп өзү жазып жатат. Жеңижок да аны урматтап сыйлаган. Керек болсо Токтогулдан Атайга чейин, Текебай Мураталиевге чейин таалим алышкан. Токтогулдун мектебинин жашап жатышынын себеби ал-обончу, ырчы, комузчу, дастанчы, манасчы, сөзмөр, чечен, куудул болгон. Башкача айтканда, ал адам-театр, адам-оркестр болгон. Көп инструменттерде ал тургай орустардын балалайкасында ойногон. Райкин өңдөнүп артисттик жагы да мыкты болгон экен. Анын денесинин ийкемдүүлүгү, алдында бака жүргөндөй кылып топусун бирде кулагына, бирде желкесине, бирде чекесине чейин жылдырып комуз чертиши. Жанындагы кишини бүлт эттирип курсагы менен бир чапканы. Мунун баары не бир кыйын циркачтар араң жасай турган трюктар. Биз анын бир өңүрүн көтөргөн болсок анда жакшы. Осмонкул Бөлөбалаев да Ысмайыл өңдөнүп бир обон менен эле ырдаган, анан комуз чертпеген киши болгон. Ал киши да сөздүн керемети менен Осмонкул деген океанды тарыхта калтырды. Осмонкул “кара жамакты көп болсо эл аш бышым угар, аш бышымдан ашсаңар жарым же бир күн угар. Андан кийин кандай эрмек болосуңар ошону ойлонгула” дечү экен. Ошондуктан элдик дастандардан, улуу баян Манастан баштап, секетпай ырларга чейин үйрөнүү ырчы, акын болом дегендерден талап кылынуучу негизги нерсе. Ошону эске алып Арстанбектин Жеңижокко айткан насаатын төрт баракка чыгартып, тигинтип илдиртип койгом.

Бүгүнкү күндө акын кандай болуш керектигинин талабы, окуусу, университети ушу төрт баракта турат. Бул килейген университет. Ушуну акын үйрөнүп, өзүнө сиңирип, кайра анын жемишин чыгарып бере алса ал чыныгы акын. Биздин акындарыбыздын Башмыйзамы ушул. Ал эми жаш шакирттерди айта турган болсок, Тилек деген 12 жаштагы бала бар. Ушул кезде комуз күүлөрү, аткарган ырлары болуп отуруп анын репертуарында 84 номер бар. Андан сырткары азыр ал жамактап айтышып үйрөнүп жатат. Бул келечек келатат деген сөз. Кудай ден-соолук берип, калктын батасы тийип, Жараткан өзү колдосо, Ата-Журтубуз бүлүнбөсө, элибиз бөлүнбөсө бул максаттарымды жакшы ишке ашырам. Көчтү биз алдыга сүйрөйбүз. Биздин устаттарыбыз советтик доордо жашап кайсы бир чектин ичинде калды. А бизде азыр башка милдеттерди да көтөрүүгө  шарт бар. Көз карандысыз мамлекетибизде биз жасай турган милдеттер өтө көп, аларды акырындап жасап, өтөп жатабыз.

«Шакирттеримдин ар бири өзүнчө китеп»

Акыркы кездерде «Өзүңөрдө жеке канал жок экен, кээде силерди интернеттен издеп таба албай калып жатабыз. Кээ бир шилтемелер интернет колдонуу зарылчылыгына байланыштуу бөлөк өңүттө кетип калып жатат» деп айткандар көбөйө баштаган. Ошого байланыштуу «Элим ТВ» деген даректен Ютубга катталдык. Ал жерде маданий, адабий, искусство жаатындагы, биздин турмуштук жаңылыктарыбыз, концерттерибиз, иштерибиз, теледолбоорлорубуз, ырларыбыз, чыгармаларыбыз болот. Буюрса бардык чыгармаларыбызды ошол жактан элге тартуулайлы деп турабыз.

Чынын айтканда,  айтыш тарыхы нечен кылымдарга кетет. Мен эгемендүү өлкө болгондон берки айтыш тарыхын, Айтыш коомдук фондунун тарыхын жазсамбы деп жүрөм. Коомдук фонддо отурган кызматкерлер кайсы бир көз карашты гана айтат же кайсы бир саясий көз карашты карманып же кайсы бир инсандын кызыкчылыгына гана иштейт деген түшүнүк туура эмес экенин коомчулукка жеткире албай келем. Биз акындар эркинбиз. Ушул жерде канча шакиртим болсо алардын ою сөзсүз эске алынат. Ал тургай саясий чечим чыгарар учурларда ар ким өз позициясы менен кетет. Бул жерде атайын мобул партиянын же баланча депутаттын, тигил же бул акындын көз карашын гана канаатандырып, чектен ашпагыла деген жок. Бизде тизгин бош. Биз максаттарды кеңешип чечебиз. Мисалы, мен сунуштаган нерсенин онунун беши өтөт. Кээде мен сунуштаган нерсенин ону тең өтүп кетиши мүмкүн. Кээде Мундузбек Борончиев сунуштаган нерселердин ону тең өтүшү мүмкүн. Ушундай нерсе бар. Ушулардын бардыгын жазайын деп жүрөм. Сүйлөп, аудио, видео түрүндө, китеп түрүндө чыгарайын деген ой бар. «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы, биз берген концерттердеги айтыштарды кагазга түшүрүп, корректировкалап, мобилдик смартфонумдабы, компьютердеби терип, оңдоп-түздөп, тыбыштык белгилерин коюп, жазып жүрөм. Себеби бир күнү китеп зарылчылыгы чыгат. Бизди иликтеп-жиликтеп окуй турган муун келет. Ошондой коомчулук түзүлөт. Азыр интернет турганда китеп, гезит-журналдын эмне кереги бар дешет. Жаңылыштык көз караш. Болбосо интернеттин чордону, борборуна айланган, экономикасы биринчи орунда турган килейген Америкада дагы гезитер чыгат. Ошол жерде да журнал, китеп окулат. Бишкектен алда канча алдыга кеткен Москвадагы китеп дүкөнгө кирсеңиз азык-түлүк алып жүргөндөгүдөй кезекти көрөсүз. Кадимкидей баштык, сумкелерге үчтөн-бештен салып кетип жатканын көрүүгө болот. Дүйнөлүк жазуучулардын, авторлордун ар биринин өздүк бурчу бар. Алфавиттик иретте издеп таап аласыз. Айтматовдуку турат ошол жерде. Не бир байыркы кылымдагы жазуучу, акылмандардан баштап ушул күндүн илимий-популярдуу гезит журналдарына чейин сатылат.

Китептин окулбай жатышы элибиздин деңгээлинен, руханий изденүүсүнөн. Экономикасы өкчөп-чөкчөп турган элде китептин окулбай калышы чындык. Утурумдук кыйынчылыктан улам эл китеп окубай жатса керек. Ошентсе да элибизге китептер аба-суудай керек, болгону  кандай сапатта деген маселе турат. Ушул жагынан өксүк бар. Ошондуктан мен дагы чалды-куйду сапатсыз китепти сунуштоого шашпай турам. Өзүмдүн жеке ырлар жыйнагымды сураган эл көп. Буюрса булардын баары менен тааныша турган кез келет. Ар бир шакиртимдин айтыштары деле өзүнчө бир китеп болуп калды. Өзүмдүн аңгеме, бирин-экин повест, поэмаларым бар. Бүткөнү, башталып бүтпөй жатканы да көп. Ошолорду адабий чөйрө, акын-жазуучу ини-карындаштарым, курбуларым окугубуз келип жатат деп сурап калышат. Ушунун баарын топтоп бир китеп кылып берейин деп жүргөм. Бул оюман азыр кайтып калдым. Себеп дегенде, заман талабына ылайык чакан китеп чыгарган оң экен. Бекеринен орустар буга өткөн жок. Себеби китепчени заманбап кичине сумкелерге, күрмө, чапандардын чөнтөктөрүнө салып алып окушат экен. Айрыкча поэзияны жана башканы. Жаттап, үйрөнүп, башкаларга айтып дегендей. Ошон үчүн бөлүп-бөлүп чыгарат окшойм. Азырынча ырлар циклин, бир өңүттө кете турган же өз-өзүнчө ассорти боло тургандарын акылымда ылгап жатам. Албетте азыр колум көп бошобой жатат. Ушул кезде заманыбыздагы кырдаалдар, чечүүчү мезгилдер, коомдук иштер көп болгондугуна байланыштуу убакыт артпай калып жатат. Бирок китеп чыгаруу көкүрөктө, каалообузда турат.

“Адамдын жанынан дары кымбат”

Ден соолугума байланыштуу дарыканаларга көп кирем. Күн сайын үч маалдан ичпесе болбой турган дарыларды пенсионерлер, карыялар калчылдап барып үч-төрт даанадан алып жатышканын көрөм. Аны ашып кетсе эки-үч күн ичет. Андан кийин эмне кылат? Азыркы акчаны дагы бир жерден карызга сурап келди да. Якутияда 100 сом турган дары бизде 400-500 сом. Россияда пенсионерлерге, балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көп колдонулчу дарыларды мамлекет өз эсебинен арзандатып берет. Ал эми бизде жогору жакка шапка берген дарыканалар дары сатууну монополия кылып алышкан. Аттандаштык жок болгондуктан каалаган бааны коет. Мисалы, заводдон 50 сомго чыккан, күн алыс иче турган дарыны100 сомго сатышат. Ал эми өздүк наркы 30 сом, бирок күнүгө ичиле турган дарыны 200 сом кылып коюшкан. Бул коркунучтуу көрүнүш. Россияда бул чоң коррупция катары каралат.

 “Таң ата тилек айтуу адатка айланды”

Кыргыз тили жатык тил. Бир чоң көрүнүштү төрт, алты сапка батырып койсо болот. Мен бир күндөрү сөздүн кудурети жөнүндө ой жүгүртүп калдым. Ошону иликтеп-жиликтеп көрсөм ыйык китептерден баштап не бир даанышмандар, не бир парапсихологдор, не бир гомеопат доктурлар да сөз материалдашып ишке аша турганын айгинелешиптир. Кадимки эле жакшы сөз, бата, каргыш тууралуу окуп, билип жүрөбүз. Дайын дареги бар замандын техникалык мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып вотсаптан бир каалоо-тилек жазып коюп турайын дедим. Мен эртең мененки саат төрт жарым, беште ойгонуп алам. Ошол кезде мээ дагы эс алып калган учур болот экен. Анан китеп окуйм, жазам, интернет чукулайм. Чыгарма жаралып калышы мүмкүн. Ошондой кезде бир бата-тилегимди айтып, ошолорду шакирттериме, дос, тууган, жакын санаалаштарыма жөнөтүп, кайра жакшы ниет угам. Ошол нерсе адатка айланды. Кээ бирөөлөр менин айткандарымды бөлөк авторлордун аты менен мага жөнөтүп жиберишет. Кызыгы, жакында бир диджей менин сөзүмдү алп жазуучу Чыңгыз Айтматов айтмакчы деп берип жатат. Менин сөзүм Айтматовдун дарегине кирип кетип жатканы жакшы жышаан деп сүйүндүм. Жолукканда тамашалайын дел диджейдин аты-жөнүн жазып койдум. Демек макал-ылакаптар, афоризмдер, притчалар эмне болуп чыгары биздин тажрыйбабызда билинип жатат. Менимче, акылдын жарыгы кимдир бирөөгө жол көрсөтө алса, андан өткөн бакыт жок.

Кудайга шүгүр, концерттерден түшкөн акчалардын чыгымдардан ашканын эсеп ачып салып койгонбуз. Кичине мыдырыбыз бар. Ошондон каражат жумшайбыз. Көбү бизде уктап кала берчү. Бир чети оюн, бир чети сергек болушсун деп эртең мененки саат жетиге ким келсе акчалай сыйлык берилет деген тартипти киргиздим. Биринчи келген адам өзүн сүрөткө тартып, вотсаптагы группага салат. О.Б. деп белгилеп койгонбуз. Ошентип ойгонуп бергени үчүн ал 100 сомдон сыйлык алат. Кыскасы, уйкучуларыбыз оңолуп келатат. Канчалык адам эрте турса ырыскы таңда. Муну бүтүндөй Кыргызстан колдонсо жакшы болчудай экен деп калышат тааныштарым. Ар бир эрте туруп, ишине жөнөгөн адамга мамлекет жүз сомдон бере баштаса укмуш болмок да. Бул тамаша, бирок пайдалуу тамаша.

“Шакирттеримдин сөз тапкычтыгы дээринен”

Мен акын болом, жөн деле жүрө берейинчи ушул жерде деп келгендер көп. Алардын баарын бул жерге батыра албайбыз. Дайыма жаныбызда алып жүрүүнүн жүгү, жоопкерчилиги бар. Тубаса шыгы, таланты болбосо, үмүтсүздүк жаратса ак жолуң ачылсын, шыгың кийин ачылар деп узатабыз. Өсүп, кереметтер пайда боло баштаганда кел дейбиз. (Тарыхта Осмонкул Бөлөбалаев, Эшмамбет Байсейит уулу деле отуздан кийин барып ачылган). Дээринде барларын алып калып жатабыз. Кээде айылдан келген күчтүү  таланттар Бишкекте жашабайм десе кейийбиз. Ошентип келгендердин бири Изат Айдаркулова болгон. Ал “Айтыштын ак жылдызы” аталып, жеке концерти аншлаг менен өттү. Изат Ошто жашап жүрүп бардыгына тобокел деп Бишкекке эжеси экөө келип алган. Анын жашай турган жери деле жок болчу. Ошол кезде бир жыл кантип жашайт деп санаа чегип жүрдүм. Акын кыларыма ишенип, бирок казанына аш салып, материалдык жардам бере албасымды түшүнүп эле турдум. Анан Кудайдан ушул кыздын жолун, талантын ач деп тилеп жүрдүм. Өзү дагы аракетчил кыз болгондуктан акыры ак таңдай акын болду. Башында Изат уялып бир жума ырдабай койгон. Ошондо “акынды сен колуң менен жасап чыгармак белең, мындай шакирттерден эмне пайда” деп мыскылдагандар болгон. “Шашпагыла Изаттан укмуш акын чыгат, көрөсүңөр” дечүмүн. Мен дагы, ал дагы мээнет кылып жүрүп Изат азыркы акын Изат болду. Мындан сырткары шедевр саптарды ырдап койгон шакирттерим да бар. Өздөрү биз кыйраттык деп айтышпайт, алардын саптарын мен байкап калам. Таң калганым, 13 жашыман акындыкта жүрүп мен айтып бере албаган саптар булардын тилине, акылына, жүрөгүнө орноп калып жатат. Ошондуктан булардын сөз тапкычтыгы өздөрүнүн дээринен, экинчиден, Жараткандын касиети, элдин батасы жана устаттын көргөзмөсү, нускасы. Мен буларга кадимкидей тапшырма берип, талап кылган учурларым да бар.

“Кыргыз эли” реанимацияда” жатат”

Биздин душманыбыз илгертеден эле уйку. Ал тургай тарыхтагы Алманбет баштап барган Чоң казатта Манас уктап калып кыргыз кыйла өксүккө учураган. Чубак келип жамбашка найзаны матыра сайып ойготкон да. Ошондуктан Манасты жөн гана окуп койбой, ибараттап түшүнүп окусак жакшы болот эле. Ал жакта не бир эскертүүлөр жатат. Ушул күнгө кагылган коңгуроолордун үнү кулак тундурат. Ал коңгуроону тилекке каршы уккан эч ким жок. Мен көп учурда улут реанимацияда жатат деп айтам. Эсине келе албай, атын башкача айткан жандандыруу бөлүмүндөгү адамдай болуп турабыз. “Эй сен кыргызсың!” десе да улут жөөлүп сүйлөп, эсине келе албай жатат. Айтматов, Айтматов деп кыйкырабыз, бирок ал маңкурт жөнүндө эмнени айтып кеткенин өзөгүнө кирип иликтей албай жатабыз. Бизге азыр маңкурттун башына кийгизилген шири кийгизилип турат. Кыргызга кимдер гана кыл аркан менен чалма салган жок. Бир күнү жетелеп кетет же муунтат. Ошол нерселерди таанып билбей жатабыз. Биздин өлкөгө сыйыртмак кай жерден, каяктан салынганын көрсө да көрмөксөн болгон кайдыгерликке чейин жеткен тыңчыкмаларыбыз бар. Аларды мен кыргыз деп айта албайм. Кайрылуумда ошон үчүн “кыргызмын десе шегим бар” дегем. Улутуна күйбөгөн, үндөбөгөн жетекчилер бар. Ошолорду көрүп туруп аларды сыйлаган элитабыз бар. Ошолорду көбүртө мактап, көрбөгөндүн көзү көр болсун деп кошоматтын күүсүн чалып жаткан интеллигенциябыз турат. Жанагы оозуна орден, медаль төөнөлгөндөр кээде мени кейитип жиберет.

“Акындан айла жок ушундай ырлар чыгып жатат”

Азыр саясат сайылбаган сай жок. Чыныгы эл деп күйгөн аз, тазасы жокко эсе. Ошондой болуп жаткан чакта коомчулук калпычыларды көп ээрчип жатабыз. Чын айткандардан чочуйбуз. Бизди жарды көздөй жетелегендерди жапырт ээрчип, өргө жетелей тургандардан өксөп, аларды жалгызсыратып койдук. Албетте, билимдүү жаштарыбыз жок эмес. Кыргызстанга чындап күйгөн мигранттарыбыз сыртта жүрөт. Бир убактагы кайдыгер, дөдөй, чыккынчы, жетекчилерди, коррупционерлерди тойгузабыз деп жатып өлкө итке минип калды. Кызыгы, бизди Ютубдан көрүп алкап, сөзүбүзгө реакция кылып, силер туура айтасыңар, акындар силер өскүлө, өнгүлө деп ак батасын бергендер мигранттар. Биздин чыныгы көрүүчүлөрүбүз, угуучуларыбыз ушинтип сыртта жүрүшөт. Бул арманбы, арман. Алар мекендин, улуттун, эгемендиктин кадырын билип жатышат. Ушундай эркиндик үчүн канчалык маңдай тер, эмгек жумшалып, кан төгүлгөнүн биз билбей жатабыз. Тарыхты калың эл, караламан калың  журт түшүнбөй жаткан учур дейбиз. Калк эсин жоготуп маң болуп жатса, аны ойготот деп үмүт арткандарыбыз ооздору төөнөлүп отурат. Элди эсине келтирет деген элита шылдыңга калды. Кыргызда элита деген сөз уят сөзгө айланып, айтканда ырсактап күлө баштадык. Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытайга барсаң элитаны элита деп эле түшүнүшөт. Бизде “элитасыңбы?” десе “жок кокуй, элита болгондон Кудай сактасын” деп калдык. Мунун баары бирин-экин кишилердин айынан болуп жатат. Буларга карап түздөнөлү дегендерибиз арстанды басмырлап чөөнү мактап жатса, жолборсту көрбөй тигил жердеги түлкүнү ээрчип кетип жатса, Көк жалды ээрчибей чычкандын артынан жүрсө. Муну көрүп туруп акыры кыяматтын белгилериби деп да чочуп кетесиң.

Мындай нерселерге баткан мамлекеттер да болгон. Сингапур, Малайзия, Түштүк Кореяны өнүккөн өлкө катары мисал тартып ийип жатабыз. Бирок ал мамлекеттер эркиндик үчүн мынчалык узак жылдар күрөшкөн эмес. Анын үстүнө алар кайсы бир деңгээлде эгемендиги жок баскынчылардын астында турган өлкөлөр. Ал өлкөлөргө салыштырмалуу биз эркинбиз. Пайызсыз, бекер берилген деле жардамдар болбодубу. Орусиядан ГЭСтерге бөлүнгөн акчаны шайлоолорго чачып, чөнтөктөргө салып баса беришпедиби. Бул кечиримсиз. Биз шакегибизди, сөйкөбүздү чыгарып жапондордой, корейлердей кризистен чыккан чекке жеткен жокпуз. Биз “кел тууган мобул инвестиция менен бир ишиңди бүтүрүп ал” деген каражатты күм-жам кылып жибердик. Ал аз келгенсип жардынын өтүгүн жеп ийип жатышат. Акындан бүгүн айла жок ушундай ыр чыгып жатат. Жыргап жатсак жыргап жатабыз дейт элек да. “Биздин заман гүл заман” деп жар салып ырдасак эл же күлөт, же күйөт.

Мелис Совет уулу «Кыргыз Туусу»