Ардагерлерибиз ардакталат

4-мартта Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчы өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда бүткүл элдик майрам катары эң жогорку деңгээлде белгиленерин бир нече жолу билдирип, советтик жоокердин эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгилеген.

2020-жылдын 4-мартына карата өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт. Алардын ичинен: 65и – согуштун майыптары; 153ү – согуштун катышуучулары; 15и – Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар; 18и–1941-жылдын 8-сентябрынантартып, 1944-жылдын 27-январына чейин курчоодо калган Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчоодогу Ленинград тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогоруда айтылган ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

2010-жылдын 1-январынан тартып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берилип келет. Жеңилдиктердин ордунаберилген акчалай компенсациянын көлөмү айына 7000 сом.

2010-жылдын 1-январынан тартып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы да төлөнүүдө. Стипендиянын көлөмү айына 10000 сом.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана Президенттин стипендиясынан сырткары ай сайын пенсия да алышат.

Өлкөбүздүн министрликтери жана мекемелери 1941-1945- жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоожана алардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн туруктуу негизде иш алып баруу боюнча милдеттенмелерди алышты.

Бул иштер КРнын Президентинин «Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» жарлыгын аткаруу үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, ошондой эле согуштун ардагерлеринин маселелерин чечүүгө мамлекеттик органдардын көңүл буруусу боюнча чараларды кабыл алуу максатында жасалууда.

Т.ИСХАКОВ.