Мухаммедкалый Абылгазиев: «Коронавируска байланыштуу бардык тобокелдиктердин алдын алууга тийишпиз»

Коронавирус инфекциясы чыкса, ата мекендик экономика үчүн белгилүү бир кесепеттерди алып келет, биз бардык тобокелдиктерди кыскартышыбыз керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешмеде билдирди.

-Биз бардык тобокелдиктердин алдын алуу жана азайтуу үчүн антикризистик иш-чаралар планын иштеп чыгышыбыз зарыл. Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытай Эл Республикасына туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдөн товарларды импорттоо түзөт. Ошондуктан биз кесепетин азайтуу үчүн эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөгө таасирине терең талдоо жүргүзүүбүз кажет. Бул үчүн альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу керек», — деди М.Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеген антикризистик иш-чаралар боюнча штабдын иши эки негизги багыт боюнча жүрүшү абзел.

-Биринчиси – зарыл азык-түлүктөр менен тиешелүү көлөмдө камсыздоо маселеси. Экинчиси – Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан тышкары чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте кытайлардын катышуусундагылардын ишине дагы таасир берет. Башкача айтканда, коронавируска байланыштуу жагдай бюджет жана экономика үчүн кандайдыр бир аныксыздыкты жаратууда. Ошондуктан айылдык кеңештердин, акимдердин жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн алдында ар бир объекттеги абалды изилдөө, тигил же бул маселелерди чечүүнү ыкчам көтөрүү милдети турат. Убактылуу өлкөдөн кетишип, кайра жумуш ордуна келе албай калган кытай жарандары иштеген объекттер бар. Жолдорду жана башка инфраструктуралык жана өнөр жай объекттеринин курулушу тууралуу сөз болуп жатат. Кыска мөөнөттө бул объекттерде ишти улантууну шарттаган чаралар иштелип чыгышы керек. Зарылдыгына жараша башка адистер тартылышы кажет, — деди Премьер-министр.

Кеңешмеде Тышкы иштер министрлигине элчиликтер менен иш алып барууну, Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик чек аранын өткөрмө-көзөмөлдөө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүүнү караштыруу тапшырылды. Премьер-министр компетенттүү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүү кесепеттерин четтетүү иштерин күчөтүүгө тийиштүү конкреттүү тапшырмаларды берди.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб жарандарга массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектөөнү жана эл көп жыйналган жерлерден оолак болууну сунуштайт. Бул тууралуу Өкмөт өткөргөн республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Республикада жакынкы мезгилге пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы иш-чаралар токтотулду. Бул сунуштама менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык жетекчилери таанышкан.

Жыйында белгилегендей, КыргызРеспубликасында 4-мартка карата коронавирус катталган жок. Жарандын кайдан, кайсы өлкөлөрдөн келе жатканын анык билүү үчүн ID-карта менен чек арадан өтүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Башка мамлекеттердин жарандары акыркы 30 күн эпидемиологиялык жагдайы жагымсыз болгон өлкөлөрдө жүрүп, анан Кыргыз Республикасына келсе, аларга өлкө аймагына кирүүсүнө чектөө киргизилди. Эпидемиологиялык абал жакшы эмес өлкөлөрдө убактылуу жашаган же ошол мамлекеттерден кайткан Кыргыз Республикасынын бардык жарандары мекенине келгенде милдеттүү түрдө текшерүүдөн жана карантинден өтөт, андан кийин гана өлкө аймагына киргизилет.

Штабдын мүчөлөрү жарандарга өздүк гигиенанын эрежелерин толук сактоону жана ата-энелер балдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин эскертүүдө.

Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргыз Республикасынын жаранына өз учурунда медициналык жардам көрсөткөндүгү үчүн Японияга ыраазычылык билдирет.

1-мартта кыргыз жараны,«Diamond Princess» круиздик кемесинин экипаж мүчөсү, япон госпиталынан чыгарылып, Токио шаарындагы мейманканалардын бирине жайгаштырылган. Биздин жаранды коронавирус инфекциясына акыркы жолу текшерүү анын ооруга кабылбагандыгын көрсөттү. Кыргыз Республикасынын жараны учурда Токио шаарында эркин жүрөт.

Штаб бардык жарандарды жоопкерчиликтүү мамиле жасап, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого жана мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырат.

С.ОРОЗОБЕКОВ