КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алтынбек МАКСҮТОВ: «Эриш-аркак жылдын экинчи иш-чарасына даярдана баштадык»

– Кыргызстан – Россия эриш-аркак жылына арналган концерт жогорку деңгээлде өттү. Команданын кылдаттык менен иштегени көрүнүп турду. Башкы режиссер катары уюштуруу иштери кандай болгонун айтып бериңизчи?

– Биз бул концертке өткөн жылдын аягында эле даярданып баштаганбыз. Алгач, 15 кишиден турган коюучу топту түзүп алдык. Ушул чыгармачыл топ эки ай мурун иштеп баштадык. Эң башкысы – мында эки тараптын артисттери биригип койгон концерт болду. Ошондуктан, ортодо көптөгөн жолугушуулар, сүйлөшүүлөр болуп жатты. Биз өзүбүздүн концепциябызды сунуштадык. Орусиялык кесиптештерибиз окуп көрүп, өздөрүнүн ойлорун айтышты, оңдоо-түзөөлөрүн киргизишти дегендей. Айтор, эки тараптуу даярдыктардын аркасында, Кыргызстан менен Россиянын эң таланттуу, эң атактуу жылдыздарынын коштоосунда ийгиликтүү өттү.

– Алгач, иш-чара Москванын “Большой театрында” өтмөк болгон экен, концерттин бир жерден экинчи жерге которулушу сиздерге кыйынчылык туудурган жокпу?

– Ооба, башында бул саамалык 17-февралга белгиленген. Кийинчерээк датасы дагы, өтүүчү жайы дагы өзгөрүп кетти. Ошол себептен дагы Москвага 2-3 сапар барып келдим. 2017-жылы Россия Федерациясындагы Кыргызстандын маданият күндөрү дал ушул Кремль сарайында өткөн. Ал жактагы коючу топту тааныгандыктан, алар менен мурда иштешип калгандыктан бизге тоскоолдук деле жараткан жок. Бир гана жагдай, “лед экранды” орусиялыктар коюп, экранга кетүүчү контенттерди биз даярдамакпыз. “Макал арт” чыгармачылык тобу иштин көбүн жасап бүтүп калганда, Кремль сарайында өтө турган болуп калды. Алар чоң сахнага, чоң экранга ылайыктап, бардыгын кайра башынан даярдап чыгышты.

–Баш аягы 200дөй өнөрпоз катышканы белгилүү болду, артисттерди тандоо кыйынга турса керек?

–Өнөрпоздорду тандоо аябагандай көп убакытты талап кылды. Колдон келишинче, кыргыз маданият кызматкерлеринин мыктыларын, каймактарын алып барууга аракет кылдык. Тандалып барган артисттерибиздин бири да- гы Кыргызстанды уят кылган жок.

– Сөз башында, программанын айрым жерлерине орус тарап өзгөртүү киргизди деп калдыңыз, эмнени алышты, эмнени коюшту?

– Россия Федерациясынын Маданият министрлиги биздин “Ак марал” бий ансамблин абдан жакшы билет экен. Ал тургай эл аралык ири масштабдагы иш-чаралар болгондо атайын чакыртып, бийлетишет экен. Аталган топ – Кыргызстанда дагы көзгө басар жалгыз мамлекеттик ансамбль. “Ак маралсыз” ири иш-чараларды элестетүү кыйын. Россиялык кесиптештер: “Мүмкүн болсо “Ак маралды” көбүрөөк бийлетсеңер”, – деп суранышты. Биздин программабыз боюнча эки бий бийлешмек. Тарапташтардын өтүнүчү менен үч кыргыз бийин аткарышты.

– Президенттер концерттин аягына чейин көрүп отурушту, В. Путин ыраазы болду деп жатабыз…

–Кремль сарайында абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн экен. Мисалы, биз режиссердук пульт аркылуу залда отурган ар бир көрүүчүнүн эмоциясын байкап отурдук. Президенттер дагы ар бир номерге маани берип, аны өз ара талкуулап, кызыгуу менен, куштарлануу менен көрүп отурушту. Балким, концерттик программа кызыктуу болгон үчүн, убакыт бат эле өтүп кетсе керек (протокол боюнча 1 саат 10 мүнөткө созулмак). Аягында президенттер соңуна чыгып калдыбы деген кыязда дагы номер күтүп калышты. Концерттин деңгээли түшүп, тажатма болуп кетпегенин байкап туруу биз үчүн кубанычтуу болду.

–Кыргыз – Орус эриш-аркак жылында жалпы жонунан 200дөй иш-чара өтөт экен. Анын ичинде маданий багытында дагы кандай жолугушуулар, кечелер өтүшү мүмкүн?

–200дөй иш-чаранын ичинен 70тен ашыгы маданий иш-чаралар. Жакында эле КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри тиешелүү ме- кемелерге тапшырмаларды берди. Булар: ошол эле филармония, опера жана балет театры, китепканалар, музейлер, кино ж.б. тармактар боюнча. Ачылышын жасап алдык эми, кийинкилери өз нугу менен улана берет деп ойлойм. Биз учурда экинчи этап боюнча даярданып баштадык.

– Бул кайчылаш жыл кыргыз маданий чөйрөсүнө эмне бере алат деп ойлойсуз?

– Быйыл ар бир министрликтин, ар бир мекеменин базасы чыңдалат деп ойлойм. Мисалы, бизде эриш-аркак жылынын ачылышына карата эле бир топ жаңылануу болду. Алсак, 40 жылдан бери жаңы формасыз келаткан 80 кишилик симфониялык оркестрге кийимдер тигилип жатат. Андан сырткары, оркестрге 3,5 млн. Сомго жаңы, заманбап классикалык аспаптар алынып жатат. Бул жыл буюрса жемиштүү болот деп үмүттөнөм.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу