Колдогондору Садыр Жапаров, чакырыктары Баш мыйзамды реформалоо, колдорунда таш…

2-мартта, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп, аягы тополоң менен аяктады. Тополоңго айланган митингден кийин Улуттук коопсуздук кызматы аны уюштурган жетекчилерин кармап кетти. Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыковго «бийликти күч менен басып алууга аракет кылды» беренеси боюнча күнөө коюлууда. ИИМ митинг убагында коомдук тартипти бузган деген негизде 166 адам кармалганын билдирди. Анын ичинен 162 аныктоо-тактоо иштеринен кийин кое берилип, төртөө камакка алынды.

Ал эми Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров жана Амангелди Артыков териштирүү үчүн, митингди уюштуруучулар катары гана кармалып, кайра кое берилген.

Митингден кийинки башаламандык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын ККнын 264-беренеси (“Массалык башаламандык”) боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Митингден кийинки массалык башаламандык учурунда милициянын 24 кызматкери ар кандай деңгээлдеги дене жаракаттарын алышкан. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы медициналык жардам сурап, 22 киши кайрылганын, анын үчөө граждандык, 19у күч структураларынын кызматкерлери экенин билдирди.

“Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, арты башаламанга айланган митингден кийин шаардын “Тазалык” ишканасынын 23 кызматкери аянттан жана митинг уланган жерлерден алты кубметр, тагыраагы бир тоннага жакын таштанды жыйнашкан.

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев 2-мартта өткөн митингге карата шаардык бийликтин позициясын мындайча билдирди: “Биз бул митингди көчөлөрдү тосуу менен милицияга кол салган, ак үйдү басып алуу аракети менен ишкерлердин мүлкүн талкалаган, шаардын мүлкүнөзыян келтирген массалык башаламандык катары баалайбыз. Чыгымдын жалпы суммасы такталууда. Митингдин уюштуруучуларына өлкөдөгү абалды туруксуздукка алып келүү үчүн башаламандык керек экени айкын болуп калды. Мунун баары шаардыктарды, ишкерлерди, туристтерди кабатырлантат. Шантаж, башаламандык, өзүм билемдик, анархия реалдуу көйгөйлөрдү күчөтүп, аягы жаман болушу мүмкүн. Мындай мисалдар биздин мамлекеттин тарыхында бар. Муну бишкектиктер жакшы түшүнөт. Бул иш-аракеттер жарандардын жакшылыгы үчүн эмес, кимдир бирөөнүн саясий кызыкчылыктары үчүн жасалууда.

Митингдин уюштуруучулары менен сүйлөшкөндө алар “митинг өткөрүп, тынчтык жолу менен таркап кетебиз” деп убадалашкан. Бирок алар өз иш-аракеттери менен милиция кызматкерлерин күч колдонууга аргасыз кылышты. Биз, борбор калаабызда тынчтыкты сактап калууга бүт аракетин жумшап, өз милдетин так аткарган милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз. Шаардын баардык кызматттары штаттык режимде иш алып барып, шаардын жашоосуна азыр да кам көрүүдө. Ала-Тоо аянтында өткөн окуядан кийин жана коронавирус эпидемиясынын алдын алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы, борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуугасотко кайрылат.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары дагы башаламандыкка өз баасын берет деп ишенебиз. Бишкектиктер бизди колдойт деген ойдобуз”.

«Уюштуруучулар митингди башкара албай калышты. Коомдук тартипти сактай алышкан жок. Ар кандай провокацияга барды. Аягында ак үйгө барыш керек, бийликти алыш керек деген катуу чакырыктарды айта башташты. Алардын митинг өткөрүү талабын бузгандыгы үчүн, ар кандай провокациялык чакырыктарды жасап, коомдук тартипти бузууга катуу аракет кылганы үчүн биз дагы мыйзам чегинде күч колдондук», – дейт ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов.

2-мартта өткөн митинг бүтүндөй Кыргызстанда, асыресе коомдун күрөө тамырына айланган социалдык түйүндөрдө катуу талкууланып жатат. Социалдык түйүндүн активдүү колдонуучуларынын бири Бакай Абдымалик: “Митингчилердин «бет пардасы» сыйрылды. Өлкө тынчтыгын бузгусу келгендер милдеттүү түрдө жазаланышы керек. Өлкөдө митингчилердин «бийлиги» эмес, мыйзамдын бийлиги үстөмдүк кылуугатийиш!” деп эсептейт. Социалдык түйүн колдонуучулар арасында ушуга үндөш пикирлерди айткандар аз эмес.

Жапаровду бошотуу кыймылынын штаб башчылыгына шайланган экс-депутат Каныбек Осмоналиев митингге чейин: “Митингде бир гана маселе – Садыр Жапаровду эркиндикке чыгаруу талап кылуу айтылат” десе, митинг күнү Садыр Жапаровдун колдоочулары да: “Биз анын боштондугун талап кылып чыкканбыз. Төрт жылдан бери акыйкат издеп жүрөбүз. Миллиарддарды жегендер камактан чыгып кетип жатышат да, Садыр Жапаров жок дегенде үй камагына чыгарылбайт. Эмне үчүн бошотулбайт?” дешкен.

Ошентсе да, митингден кийин бизде бир топ суроолор пайда болду. Жаза мөөнөтүн өтөп жат-кан Садыр Жапаров өзүн жактагандарга абактан кайрылып, 2-мартта митинг өткөрбөөсүн суранганы болчу. Бирок, анын тарапташтары экс-депутаттын өтүнүчүнө кулак салбастан эле митинг уюштуруп ийишти. Эмне үчүн?

Мындай чаташ суроолор митингдин жүрүшүндө көп эле жаралды. Айрым басылмалар адилет белгилегендей, “Митингге келгендер арасында өзүнчө башка саясий же социалдык талап менен келгендер да болду. Баш мыйзамды реформалоо, өкмөттү отставкага кетирүү сыяктуу талаптар да жаңырды. Кытай жарандарын өлкөгө киргизбөө жөнүндө плакат көтөрүп алып чыккандар, Кытайдын карызынан кутулуу, алардын инвесторун киргизбөө жөнүндө чакырыктар болду”.

Жалпысынан Садыр Жапаровду колдоо митингинин жүрүшүндө жыйырмадан ашуун, экс-депутаттын боштондугу менен байланышпаган: парламенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүү; мамлекеттик кызматчыларды люстрациялоо; электрэнергиясынын тарифтерин жана жолдо жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн айып пулдарды азайтуу; Батыштын либералдык идеологиясынан баш тартуу жана улуттук идеологияны калыптандыруу; өлкөгө чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз келишин азайтуу сыяктуу ар кандай талаптар айтылды. Ырасында, бул талаптардын жана чакырыктардын Садыр Жапаров менен эч кандай байланышы жок болчу.

Андан да жыныстык азчылыктардын таламын талашкан адамдардын митингге чакыртпай келиши менен, Өкмөт үйүнүн чыгыш дарбазасын тосуп алып, жумуштан чыгып бараткан Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөрүп, бут менен тепкилеп, ажаан кыйкырыктар менен каргап шилеген аялдардын жоон тобунун кылык-жоругуна кандайдыр бир комментарий берүү кыйын.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”