Эртеңки шайлоого даярданып…

Шайлоо

Борбордук шайлоо комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун колдоосу алдында Ош шаарында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын укук коргоо органдары менен шайлоо мезгилинде мыйзамдуулукту камсыздоо жана бузууларга каршы аракеттенүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Катышуучулар шайлоонун жүрүшүндө бузууларды квалификациялоо маселелерин, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчиликтин түрлөрүн талкуулашты. Маселен, шайлоо мыйзамдарында бузуулар үчүн эскертүү, каттоону жокко чыгаруу түрүндө конституциялык-укуктук жоопкерчилик каралган. Бузуулар жөнүндө кодексте талапкерлер, ЖМК тарабынан үгүт эрежелерин айрым бузуулар, үгүт материалдарын зыянга учураткандык, жасалма материалдарды тараткандык үчүн штраф, түзөтүү жумуштары, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу түрүндө жоопкерчилик каралган. Мындай бузуулар шайлоо учурнда шайлоо комиссиялары тарабынан көзөмөлдөнөт.

Жоруктар жөнүндө кодексте жана Жазык кодексинде добуштарды сатып алуу, жарандардын укугун эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, шайлоо документтерин бурмалоо жана шайлоо мыйзамдарын башка бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган. Бул кодекстердин алкагындагы иштер ички иштер органдары тарабынан каралат.

БШК добуштарды сатып алууга натыйжалуу каршы аракеттенүүгө багытталып, депутаттардын демилгеси менен кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу укук коргоо органдарына маалы- мат берди. Маселен, добуштарды сатып алуу үчүн жазык жоопкерчилигине тартылуучу субъектилердин чөйрөсү кеңейтилди. Андан тышкары, добушун акча каражаттарына алмашкан жарандардын жоопкерчилиги сунушталууда. Администрациялык ресурсту кыянат пайдалангандык үчүн дагы санкциялар киргизилүүдө.

Кеңешменин жүрүшүндө шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча биргелешкен чаралары, шайлоочулардын тизмесин түзүү, үгүт иши процессинде мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнү түздөн-түз шайлоо участокторунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо да талкууланды. Эске салсак, 30 жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо 12-апрелге белгиленген.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”