Кутмырза Жакыбалиев: «Эки акындын бирге жашаганы жеңил экен»

Жакында акын, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиевдин “Закым ээрчиген чыйыр” китебинин бет ачар аземинин алкагында “Махабаттын датасы жок” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеде автор менен анын жубайы акын, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Шанс” басма компаниясынын кызматкери Гүлзина Мыйзанбекова экөө ырларын, котормолорун көрүүчүлөргө көркөм окуп беришип, автордун обондуу ырлары да аткарылды. Поэзия кечесинин коноктору Шайлообек Дүйшеев, Күмөндөр Абылов, Майрамбек Осмонов көрүүчүлөрдүн черин жаза сүйлөп беришсе, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев К.Жакыбалиевдин поэзия менен философиянын тогошкон жеринде ой жүгүртө ала турган акын экенин баса белгилеп өттү. Түгөйүн чыгармачылык аркылуу таап, эки кыз, бир уулдун атасы болгон акынды кепке тарттык.

– Кутмырза, эки чыгармачыл адамдын биригип түтүн булатышы оор бекен же тескерисинче жеңилби?

– Эки чыгармачыл адамдын бир түндүктүн астында, бир очоктон түтүн булатып жашашы жеңил болот экен. Экөөбүз тең чыгармачылыктын түйшүгүн жон терибиз менен сезип жаткандыктан, ортодо түшүнбөстүктөр болбойт. Көп учурда оюбуз бир жерден чыгып калат. Эргүү келип бирибиз ыр жазып жатсак, экинчибиз тоскоол болбой кайра шарт түзүп беребиз. Жаңы ыр жаралганда мен келинчегиме окуп берип, ал өзүнүкүн мага окуп берип кемчиликтери болсо, толуктаганга аракет кылабыз. Кээде бири-бирибизге сын-пикир, кеңеш айткан учурлар болот. Бул чыгармачылыктын өсүшүнө оң таасирин тийгизет экен. Ал эми турмуштук жашоого келсек, аял эркек болгондон кийин казан-аяк кээде кагышып кетет. Бул ар бир үй-бүлөдөгү боло жүргөн жашоо мыйзамы. Андайды биз чоң маселеге айлантпай эле жеңил өткөрүп жибергенге аракет кылабыз.

– Турмуш кургандан кийин махабат темасында чектелип калган жоксуздарбы?

– Албетте, үйлөнгөнгө чейин махабат ырлары далай жазылып, анын бир тобу биринчи китебиме кирген. Ал ырлардын жакшыларын экинчи китебиме да киргизип койдум. Ошондой эле келинчегимдин китебинде да сүйүү ырлары бар. Аны чыгармачылык деп түшүнөм. Чыгармачыл адам бир нерсеге байланбай, чектелбей эркин болсо, ошончолук жакшы саптарды, ойлорду, ырларды жаратат.

– Китебиңизге афоризмдердин котормолорун киргизиптирсиз. Котормо менен качан алектене баштадыңыз?

– Негизи котормого көп маани берчү эмесмин. Анан “Беш акын” теледолбооруна катышып, балкар акыны Кайсын Кулиевдин аталышы жок бир ырын которуп калдым. Мурда которуп көрбөгөндүктөн, муун өлчөмүн сактап, маанисин жоготпой которгонго аракет кылдым. Ошондон кийин котормого кызыгуум ойгонду. Акырындап социалдык тармактарга чыгып жаткан дүйнөлүк ойчулдар – Сократ, Конфуцийдин, орустун улуу акындары Сергей Есенин, Евгений Евтушенконун афоризмдерин, ырларын кыргызчага которуп интернет баракчама жарыялай баштадым. Окурмандардан “котормолоруң жакшы экен, муну токтотпо кийин китепке киргизсең да болчудай” деген жылуу кеңештер келе баштады. Ошентип, “Закым ээрчиген чыйыр” китебиме котормолорум да кирип калды.

– Балдар ырларын жазууңузга эмне түрткү болду?

– Менин балдарым КТРКнын “Баластан” каналынын “Сонун ыр” телеберүүсүндө ыр окуп жүрүшөт. Алар кээде Ноорузда, кээ бир учурда Жаңы жылга, Жеңиш күнүнө барып калышат. Ошондо даталуу күндөргө ылайык келген ар кайсы авторлордун ырларын издеп калчубуз. Анан келинчегим өзүң деле жазып бербейсиңби деп калды. Ошентип, балдар ырларын жаза баштап, балдар адабиятынын акын-жазуучуларын абдан жакшы түшүндүм. Себеби балдар чыгармаларында баланын түшүнүгүн, кыялын, көз карашын, ой-туюмун бала катары беришиң керек экен. Башында жазган ырларым анча коошпой жүрүп, кийинчерээкбалдар адабиятынын изине түшкөндөй болдум. Кийинки жаралган ырларымды теледен өзүмдүн балдарым, башка балдар көркөм окуп жүрүшөт.

– Эки-үч ырыңызга обон жаралып калыптыр. Бул да акынга дем, эргүү, шык берсе керек?

– Ырыңа обон жаралып, ырчы аны ийине жеткире аткарганда чыгармачылыгыңдын дагы бир кыры ачылгандай болот экен. Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү өтө назик болгондуктан, жакшыны да, жаманды да тез кабыл алат эмеспи. Ошондон уламбы алгачкы ырыма обон жаралганда өзүмдү абдан бактылуу сезгем. Ал учур азыр да эсимде.

– Үй-бүлө кургандан кийин жубайыңыздын чыгармачылыгы көлөкөдө калып калган жокпу?

– Албетте, аял киши болгон соң жубайым Гүлзина дайыма сенин китебиңди чыгаралы деп турат. Ал акыркы кездерде прозага ыктап, бир нече аңгемелерди жаратты. Алар сайттарга, гезит беттерине жарыяланып калат. Азыр да ал аңгемелерди, балдар жомокторун жазып жүрөт. Буюрса, келинчегимдин аңгемелер жыйнагын өзүнчө, жомокторун өзүнчө китеп кылып чыгарабыз деген ниетибиз бар. Ошондуктан эки чыгармачыл адам баш кошсо, аял кишинин чыгармачылыгы көмүскөдө калып калат дегенге кошулбайм. Тескерисинче, жубайым бала багууну түйшүк катары көрбөй, андан да чыгармачылыкка керектүү азык алып, чыгармачылыгын өстүрсө болот дегенди жазган жомоктору менен далилдеп отурат.

– Бул китебиңизде белгилүү куудул Күмөндөр Абылов менен болгон алым-сабагыңыздар бар экен. Бул качан жаралган?

– Күмөндөр байке экөөбүз кээде “Фейсбук” аркылуу жеке баракчабыздан жазышып жүрчүбүз. Ал бир нерсе жазса эле, мен ыр менен жооп берем. Анан ал да мага ыр менен жаза баштады. Кээде бир отурганда он, жыйырма куплеттен алым сабак жазышып жиберебиз. Ошентип жүрүп, экөөбүз бир топ алым-сабак жазышыптырбыз. Ошолордун ичинен иргеп отуруп китепке киргизип койдум. Менимче, бул жакшы нерсе. Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов менен ымалабыз буга чейин эле жакшы болчу, буюрса, чыгармачылык байланышыбыз мындан да мыкты деңгээлге өстү.

Бал аары

Жаштык кезде гүлгүн курак бүрдөгөн,

Адам жоктур жүрөк туйлап сүйбөгөн,

Көп акындар салыштырат тамшанып,

Аялзатын бажырайган гүл менен.

Элестетип ажайып кооз талааны,

Кыздар гүл да, балдар болсо бал аары,

Ал аарылар гүлдүн соруп ширесин,

Сызып жөнөйт үзүлгөнчө карааны.

Уйгу-туйгу учат тынбай аарылар,

Табылса деп балдай ширин даамы бар.

Конбой кеткен гүлдөр түңүлбөгүлө,

Силерге да коно турган аары бар!

 

Мелис Совет уулу “Кыргыз Туусу”