Жүрөктөгү жаз

Аялзаадам

Адашсам, кабак-кашым булут чалса,

Айттырбай аңдап турган, асылзаадам!

Ай жамал, жүзүңдөгү бармак калга

Ааламды алмашмакмын, аялзаадам!

Туткасы өзүң гана болгон үчүн,

Турмуштун сүзүп келет Ак-Кемеси!

Аман болгун, бар болгун, жаркып жүзүң,

Аялзаадам – адамзаттын ЭНЕСИ!!!

***

Аялзаадам – жоогазыным жайнаган,

Ажарыңа Ай көргөнсүп арбалам.

Айдарым жел – акак, жаркын мүнөзүң,

Алп турмуштун ак булутун айдаган.

Аялзаадам – турмуш-көлдө кемесиң,

Азаптарың арзуу менен жеңесиң.

Арстан жүрөк, айбаты зор эрлерди,

Апкаарытат алоо, жанар элесиң.

Аялзаадам – аскадагы гүлүмсүң,

Ай-жылдызга чылк оронгон түнүмсүң.

Ай-ааламды чарк айланып заматта,

Арзуу артып, обологон үнүмсүң.

Аялзаадам – акындардын ырысың,

Алп турмуштун миң бир бойок, сырысың

Кейиши көп, кемтиги көп жашоодо,

Кемибесин бак-таалайың, ырысың!

Аялзаадам – мээнеткечим, туурук кол,

Адаштырбайт өзүң чапкан таман жол.

Обондордон, ырдан түшпөй эзелим,

Обо-Эненин урпактары аман бол!!!

***

Кызгалдактай кылактаган кыраңда,

Кыялында кымызектей ыраң бар.

Күлкүңөргө ашык болсо ким-бирөө,

Күйүп кетем, жанып кетем, ичим тар.

Жүзүм сындуу жүзүңөргө арбалып,

Жүргүм келбейт алыс кетсем кармалып.

Чындык сөзүм – жүрөм жашап, кантейин,

Чынжырлангам чырайыңа чырмалып.

Сөз чынынан бузулбасын билээр деп,

Айтам коркпой, көңүлүнө илээр деп:

“Джульетта, Лаурасы, Лайлиси,

Мадоннасы бүгүнүнүн силер!” – деп!

 Жубайыма (Обондуу ыр)

Ак кушум менин, асылым айдай,

Азгырган мени жан элең кандай.

Жайнаган гүлү жароокер жаздын,

Жытыңа келем кумарым канбай.

Оболоп бүтпөс обонум өзүң,

Оорукчан дилге коногум өзүң.

Ажайып дүйнө, арзуудан бүткөн,

Айтылып бүтпөс жомогум өзүң.

Сүйкүмдүү келбет чүрөгүм өзүң,

Сүйүү деп соккон жүрөгүм өзүң.

Аппак кар баскан тагдырда мендик,

Арнаган өмүр мүрөгүм өзүң.

Жакшы ойду дайым көңүлгө түйгөн,

Жалжалым сени бир көрүп сүйгөм.

Өмүрдө тапкан өзгөчө белек –

Өзүңсүз жарты өксүгөн дүйнөм.

  Сулууларга

Чачтарың сенин –

Төгүлгөн шаркыратма.

Көз нурларың –

Аткан таңдай жаркыраса,

Көйнөгүң –

Көпөлөктөй парпыраса,

Мен сени ого бетер сүйүп кетем!

Бирок, мени сүйбөсүңдү билемин да,

Күйүп кетем!

Көкүрөгүң –

Эки даана, бышкан алма,

Көргөндө

Көздөрүмдү кылат талма.

Карегиңден тамган нурлар –

Азоого ыргытылган аркан, чалма!

Кандай жансың,

Жаралып калган бир кез

Бул жалганга?..

Тамактай кушкер даам

Сөздөрүң, анан көзүң,

Саматты ушул саам,

Көлөкөңдөй

Артыңдан жүрсөм дагы

Салбадың, сулуу, баам…

Көрүнсөң көчөдөн мен

Көзүңдөн тамган нурдан

Кумар кана жутуп алам.

Шол ирмем

Мени дайым

утуп жүргөн

Тагдырды утуп алам!

Бактымды

качып жүргөн

Байкатпай

тутуп алам!!!

Абдиллабек АВАЗОВ, Исфана шаары