Кыргыз… Эр Манас… Мустафа Кемаль Ата Түрк…

Түрк элдери адабиятынын айдыңында

2018-жылдын сентябрь айында Түркияда 25 – 31-октябрь аралыгында өтө турган Түрк тилдүү элдердин IV эл аралык поэзия жана музыка фестивалына катышууга чакыруу алгам. Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Кандай даярданып барсам? – деп ойлондум, ошондо ушул ыр жазылган болчу.

Көбүрүп аккан суунун шары менен,

Удургуп Улуу жолдор агат кенен…

Ыр дүйнөм – махабатым, баатырдыктын –

Белесин ашып келген, аша берем.

Аттанып Ала-Тоодон, Мекенимден,

Түркия жергесине барат экем.

 

Эх! Чиркин! Кымбат баалуу асылзатым –

Поэзия аруулугун издейт бактым.

Эзелки доорлор менен айкалышкан,

Кумарлуу Ыр дүйнөдө изди таптым!

Мекеним Кыргызстандын Аскасына,

Элесин Эр Манастын ырдан жаздым!

 

Мээрманым, Эр Манастын сүрү менен,

Кыргыздын атын атайм далайга мен.

Мейкиндик кенендигин ушундан бил,

Манастын изи менен барам дегем.

Эр Манас жол көргөзүп бара жатса,

Байрагы Кыргыздардын желбирейт бейм!

Бириккен жолдор… кенен… узак-узак…

Тосушат Түркиядан баары дуулап,

Барктаган ата салтын түрк тилдүүлөр,

Чогулуп жыйын куруп, алды сурап…

Байыркы бабалардын изи менен,

Баратам башатыма жолдо узак!

 

Кыргыздын сурап алын турса баары,

Осмон эли, Азербайжан, Түркмөн дагы.

Казагы, Өзбек, Башкыр, Татар тууган,

Гагауз, Ногой, Чуваш, Карачайы…

Эзелки бир боор элдер кошулушса,

Ачылат Кыргыз элдин Улуу Багы!

 

Урматтап барам сага тууган элим,

Түркия – сенин жериң, менин жерим!

Башаты Осмондордун – Кыргызстанда,

Тарыхты тастыктасак чыгат кебим!

Мээримдүү Ала-Тоодон чыккан түрктөр,

Кыргызстан – менин жерим, сенин жериң!

 

Түркия – чалкып жаткан кең океан,

Жазылаар ырларымда түркүм дастан.

Туугандык сезим күчтүү болгон үчүн,

Эр Манас айтат салам кең Асмандан:

— Тили бир, дили да бир туугандарым,

Чогулуп, дил чечишээр учур чактан –

Жалпыңа айтам салам… Биримдикте –

Болуунун өзү бакыт чынын айтсам!

 

Кыргыздай кыраан элдин тукумдары,

Айтууга келип жеткен учур чагы.

Башатын тапкан элдин табияты,

Улуулук жолду самайт учурдагы.

Алп Арстан элдин куну өйдөлөсө,

Дөөлөтү бийиктейт! – дейт, гүлдөп багы!

 

Түрк эли! – деп атаган Ата Түрктү,

Сүйүшүп, бүтүн дүйнө тизе бүктү.

Өткүр, курч, жалаңдаган кылыч менен –

Ата Түрк – Осмондордон алды жүктү,

Осмондун элин Түрк деп атап койгон,

Кемалдын чапкан жолу болду үстү!

 

Кемалдын тегин издеп барган адам,

Кыргыздан чыккандыгын кабар салам…

Байыркы бабалардын изин казып,

Аңтарып көрө билгин азыртадан.

Эр Манас эркти салган

Мустафа Кемаль үчүн,

Бул сырдан кабар алган барбы адам?

 

Байрагы Ала Тоонун дабан ашып,

Жер кезип, деңиздерден жолду ачып,

Баратат… бара берсин, дүйнө кезип,

Кыргыздын тукумдары алга шашып.

Жарыя кылдым бүгүн Ата Түрктү,

Тарыхты аңтара бер казып-казып!

 

Байрагы Эр Манастын улуу жолдо,

Ишенгин, ишенбегин ушул ойго.

Ордосун Түркиянын бийиктеткен,

Кыргыздын каны дүргүп ойноп бойго,

Дүйнө элин таңыркаткан Ата Түрктү,

Кандашым! – деп атаймын улуу тойдо!!

 

Бел болгон эл-жерине мыкты адам,

Ата Түрк каалагандай болду заман.

Байрагын Ала Тоонун желбиреткен,

Кемалдай жер жүзүндө барбы адам?

Эр Манас эркти салган Мустафага —

Деп айтып, жыйынтыктайт бүтүн Аалам!

***

Түркияга барганыбызда делегаттарды 5 жылдыздуу конок үйгө жайгаштырышты. Түрк тилдүү элдердин 8 мамлекетинен 250 акын катышты. Алардын ичинен 60 адам Азербайжан мамлекетинен келиптир. 2 миллион 700 миң калкы бар Адана губернатору ар бир мамлекеттин бирден өкүлү менен жолугушууда жогорудагы ырды окудум. 8 мамлекеттен 8 өкүл кирдик. Ирактан келген азербайжан акын кыз экөөбүз губернатордун кабылдоосунда ыр окудук. Башкалар ыр окуганга батынышпады окшойт. 2 китебимди белекке бердим. Ыр окуп жаткандагы тартылган видео фейсбукка коюлду. Түркиядан чыккан Поэзия антологиясына менин өмүр баяным жана поэмамдан үзүндүлөр кирди. Мен үчүн фестиваль да, антология да күтүүсүз болгондуктан, абдан кубандым.

Кыргыз – биздин атабыз!!

26.10.2018-ж. Чарчаганыбызга карабай түнкү саат он жарым болсо да, акындардын фамилияларынын алфавит тизмеси менен бизге ырларыбызды окута беришти. Уюштуруучулар чарчабайт окшойт… Чарчап, бутумда араң турганыма карабай шыктанып эргүүдө мыкты ырлар келди. Түз алынып видеосу да интернетке ошол замат кетти. Сахнадан түшкөнүмчө кол чабуулар улам-улам болуп турду. Сахнадан түшкөнүмдө таң калуулар жана куттуктоолор түрк, азербайжан тарабынан аябай көп болду. Жаныма чуркап келишти. Сыртка чыкканыбызда 2 түрк акын-жазуучудан «КЫРГЫЗ- БИЗИМ АТАМЫЗ» деген сөздөрдү уктум!!!

***

Абдулхади Бай — кесиби юрист, адвокаттык бюронун жетекчиси, Түркия адабиятчылар коомунун жетекчиси, Акын, жеке менчик журналдын ээси. Мага журналга ырларыңызды чыгарып, сиздин чыгармаларыңызды түрк тилдүүлөр дүйнөсүнө кенен тааныталы, – деп сунуштады. Ошентип, 2019-жылы “Кумру” журналына ырым басылып чыкты.

***

“Кичинебизде бизге энем сүттүү кыргыз чайын жасап берчи”, – деди мага бир түрк аял конок үйдө сүйлөшүп отурганыбызда.

***

2019-жылы июль айында Түркиянын Чанаккале шаарында өткөн Поэзия фестивалынын, 2019-жылы ноябрь айында Түркиянын Адана шаарында өткөн Түрк тилдүү элдердин V эл аралык поэзия жана музыка фестивалынын, Казакстанда өткөрүлгөн эл аралык Мухаммед Хайдар Дулати атындагы адабий конкурстун, Казактын улуу акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдык мааракесине карата уюштурулган “Адамның хикмет кеудеси” аттуу эл аралык сыйлыктын лауреаты аталдым. Ошентип бир жылда төрт эл аралык сыйлыкка ээ болдум. Кудай берем десе, бир күндө баарысы өзгөрүлүп кетээрине көп жолу ынандым. Сиздерге да күтүүсүз кубаныч, бакыт, ийгиликтерди каалайм!

Өмүрбүбү БЕГАЛИЕВА, акын-манасчы, жазуучу-философ, Дүйнө калктары жазуучулар союзунун Кыргызстандагы башкы өкүлү