Бүгүн Кытайда күрөш боюнча юниорлор арсында Азия чемпионаты башталат

Бүгүн Кытайдын Тайчжун шаарында юниорлор арасында күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анда кыргызстандык спортчулар эркин, грек-рим күрөшү боюнча ат салышат. Ошондой эле кыздар арасындагы күрөш боюнча өлкө намысын коргошот.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 15-июндан 18-июнга чейин уланат.