Акматжандын аруу дүйнөсү

Куйручуктун Кетмен-Төбөлүктөр тууралуу “Түнкатар, Түнтөй журт экен, түтүнгө бирден ырчы экен” деп айтканы бар. Анын айткандары бүгүн деле өзгөргөн жок. Улуу Токтогулду берген Кетмен-Төбө өрөөнүнүн ташы деле ырчы, былкылдаган сазы деле ырчы. Адамдары андан. Биз ырларын жарыялап жаткан Акматжан Кадыралиев ушул Кетмен-Төбөнүн, өздөрү айтмакчы Токтогулдун кулуну. Өзү бизге калемдеш, райондук “Учкун”, “Кетмен-Төбө” гезиттеринде катардагы кабарчысынан, редакторлук кызматтарын аркалаган журналист.

Менин жолум

Сыртта мына кыйма-чийме жолдор көп,

А ичимде менин салган жолум жок…

Тар бөлмөнүн төрт дубалын сүзгүлөп,

Эшик турса, таппайм эшик түрткүлөп.

Эптеп чыксам, эл агымы сүрмө топ,

Кошуп кетет, багытым жок көздөгөн.

Ар кимиси ээрчитсе эле артынан,

Жетеленип кете берет өңдөнөм.

Турмуш кайык, калагым жок колумда,

Кайда барам, кайда барып токтолом.

Бирөө салган даңгыр жолдо элирип,

Чексиздикке батып кетем, жок болом.

Ушул ойлор кеч келгенге толгоном,

Башым мыкчып, үшкүрүнөм, ойлоном.

Өзүмдү өзүм тынчтандырып сооротуп,

Жазган ырым – менин жолум деп коем.

 

Турмуш

Турмуш өзү чүкөдөй эле өңдөнөт,

Алчы, таасы, чик-бөгү бар, кырдуу төрт.

Алчы конуп, алтын уучтап баратып,

Жатып калсаң чигине,

Өрт…Өрт…Өрт…

Таа конуп, тагдыр салган жол менен,

Күмүш уучтап баратсаң күлүп жайнап,

Жаза тайып, очорулуп байкабай,

Жатып калсаң бөгүнө

Арман кайнап.

Чиги-бөгү карапайым жашоо бул,

Бар жогуна кайыл болгон топуктуу.

Алчы-таадай утамын деп жулунбай,

Алды-артына ой жүгүрткөн олуттуу.

Ааламдын көркү жашыл төр

Ааламдын көркү жашыл төр, тоолор арасы,

Кай жактан келет сергиткен таза абасы?

Ышкырык атып, даванда кылыч сермешет,

Борошо уруп, бороону менен шамалы.

Мөңгүлөр катмар, тескейге каткан бекитип,

Тартуулап берет, көп эмес аздан эритип.

Сиңирет жерге, чыпкалап кайра чыгарат,

Көк кашка тунук, аска ылдый агат элирип.

Карагай, токой кыркалай кырга тигилген,

Суу жээги кайың, арчалар бетте ширелген.

Бүркүтү көктө каалгыйт канат сермебей,

Аска найза, тик сайып көккө тирелген.

Көк шибер чөбү төшөлөт килем өңдөнүп,

Сан гүлдөр жайнайт, атырын чачып абага.

Салкынын айтпа, үшүйсүң жылуу кийбесең,

Күн күйүп жатат тээтиги бактуу калаада.

Үмүт

Кир чалып көңүл, ачылбайт неге кападар,

Мезгилдер өтөт, кусаны үйүп сагынтаар.

Шагылдан бетер шагырап ылдый куюлган,

Көрүнбөй көзгө, бу өмүр өтөт каз катар.

Адашып жүргөн наристе сезип өзүмдү,

Сел жүргөн өңдүү киргилт суу агып канымда.

Чыйтыйган кабак ачылбай жүрөт үңкүйүп,

Багынып келем, басмырлап турган багыма.

Кургуруң сүйүү күч беле эзген өзөктү,

Келе албай жүрөм, жаш туруп неге каруума.

Үмүтүм сенде, жан сенек болуп баратат,

Шүүдүрүм тамчы, тамчылап жүрөк дарыла.

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ «Кыргыз Туусу»