Өлкөдө азык-түлүк жетиштүү камдалган

Өлкөдө азык-түлүк продуктуларынын камы жетиштүү жана жарандардын тынчсыздануусуна негиз жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясынын өлкөдөгү экономикалык абалга тийгизген таасири боюнча жумушчу кеңешмеде айтты.

– Коронавирустун жайылышына байланыштуу анын экономикабызга карата таасирине талдоо жүргүзүлүп жатат. Учурда азык-түлүк продуктуларынын суроо-талапты жабууга жетиштүү камы бар. Муну менен бирге ыйгарым укуктуу мам- лекеттик органдар тарабынан азык-түлүк рынокторунда жана чекене соода түйүндөрүндө бааларга мониторинг жүргүзүлүүдө. Кытай Эл Республикасы менен чек аранын жабылышы тамак-аш коопсуздугуна таасир берген жок, анткени бул өлкөдөн импорттук ташылган азык-түлүк номенклатурасынын жалпы көлөмү болгону 3% түзөт», — деп белгиледи Э. Асрандиев.

Вице-премьер-министр өлкөлөрдүн, ошондой эле ишкерлердин ортосундагы экономикалык байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. – Эл керектөөчү товарлар бизге негизинен Кытайдан ташылып келчү. Коронавирус инфекциясынын чыккандыгына байланыштуу көпчүлүк заводдор ишин токтоткон. Бирок учурда заводдордун жана фабрикалардын басымдуу бөлүгү ишин жандандырып, жакынкы арада өз продукцияларын экспортко чыгара баштайт. Азыркы күндө чийки заттардын жана фурнитуралардын запастарын өзүбүздүн өндүрүүчүлөр менен эсептеп жатабыз. Мисалы, жеңил өнөр жай тармагын да чийки сырьё эки айга жетет. Сырьё түгөнгөн учурда Кытайдан керектүү материалдарды ташуу жанданып калат, — деди Э. Асрандиев.

Учурда Өкмөт тарабынан жагдайга толук талдоо жүргүзүлүп, анын экономикага тийгизген таасирин, тобокелчиликтерди аныктоо жана түзүлгөн кырдаалда ишкерлерге жардам берүү зарылдыгын камтыган иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу боюнча жумуштар жасалып жатат.

С.ОРОЗОБЕКОВ