Спортчуларыбыз 442 алтын медалга ээ болушту


КРнын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги өз ишмердүүлүгү боюнча 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Өткөн жылы өлкөдө 1860 спорттук-массалык иш-чаралар өткөрүлгөн. Алардын 125и эл аралык деңгээлде болгон. Кыргыз  спортчулары  173  эл  аралык мелдешке катышкан. Отчеттук мезгилде  мамагенттик тарабынан214 спортчу-га 36 млн. 220 миң сом өлчөмүндө стипендия төлөнүп берилген.2020-жылы Токио шаарында (Япония) өтө турган Олимпиада оюндарына 5 спортчу лицензия утуп алды:

Денис Петрашов – сууда сүзүү боюнча.

Юлия Андреева – марафон

Атабек Азизбеков – 87 кг че-йинки салмактык категориядагы грек-рим күрөшү боюнча.,

Айсулуу Тыныбекова  –  62  кг чейинки салмактык категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча.

Дарья Маслова – марафондук дистанция, Республика боюнча 128 жаңы спорттук объекттер  колдонууга  берилген: Жалал-Абад облусу –11; Баткен облусу – 18; Талас облусу – 4; Нарын облусу – 14; Ысык-Көл облусу – 29; Чүй облусу – 11; Ош облусу – 41.

2019-жылы ата мекендик спортчулар 1306 медалга ээ болушту (442 алтын, 367 күмүш, 497 коло медаль).2019-жылы Мамагенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Медицина  тармагында  консультация берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун базасында «Спорттук реабилитациялык  борбор»  түзүлгөн. Ошондой эле, улуттук спорттук элитаны даярдоо максатында Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайы Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжи болуп өзгөртүлдү.

» Кыргыз Туусу» А Эсенов