«Манас» бурмалоолордон, мазактоолордон мамлекеттик деңгээлде корголууга тийиш!

Бийлик башындагыларга

Кыргыз Республикасынын Президенти С.ЖЭЭНБЕКОВго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.ЖУМАБЕКОВго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.АБЫЛГАЗИЕВге

КАЙРЫЛУУ

2011-жылдын кулжа айынын 28-күнүндө Жогорку Кеңеш “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда: 1) “Манас” эпосун дүйнөгө кеңири таанытуу, жайылтуу; 2) Илимий терең изилдөө; 3) Эпопеяны ар кандай бурмалоолордон бекем жана ыйык сактоо талаптары коюлган.

“Жайсаңчылар” деген топтун мүчөлөрү эпопеянын өзөктүү идеялары жана мазмуну акылга сыйбагандай бурмаланган “Айкөл Манас” аттуу он томдук чыгарышып, аны эпопеянын негизги варианты катарында көрсөтүүгө аракеттеништи. 2017-жылы Жумгал райондук соту алардын аракеттерин экстремисттик көрүнүш катары баалап, андай аракеттерге тыюу салуу тууралуу чечим чыгарган. Ал чечимди Нарын облустук соту, андан соң Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Бирок, улуттук рухтун туу чокусу болгон эпопеянын негизги идеясын жана философиясын коммерциялык максатта пайдалануу аракеттери дале улантылууда. Атап айтсак, “Аюу” фирмасы “Манас” деген аталышта арак чыгарса, “Кыргыз коньягы” ишканасы андан да өтүп,“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деп аталган коньяктарды таркатууда. Элди ууландырып, аракечтерди, андан келип чыкчу дагы башка терс көрүнүштөрдү көбөйтө турган “жинди сууларга” кыргыз элинин ыйык символу болгон, элди биримдикке, ынтымакка чакырган эпопеянын негизги каармандарынын ысымдарын берүү – эпопеяны да, аны жараткан кыргыз элин да мазактоо болуп саналат.

“Манас эпопеясы – улуттук рухубуздун туу чокусу, маданиятыбыздын жана дүйнө таанымыбыздын энциклопедиясы, ЮНЕСКОнун рухий баалуулуктарынын тизмесине кирген баа жеткис жалпы адамзаттык мурас.

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө тарыхый, маданий эстеликтер кол тийгистик макамына ээ болуп мамлекеттик жогорку бийликтин түздөн түз кийлигишүүсү менен корголгондой эле, “Манас” жана ага байланыштуу ыйык түшүнүктөр да республиканын баш жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынышы зарыл деп эсептейбиз.

Жогоруда айтылган жагдайларды эске алуу менен бул терс көрүнүштөргө токтоосуз тыюу салуу максатында, тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды демилгелеп, аны кабыл алуу жана колдонууга киргизүү жагын өтүнөбүз.

“Манас”, Ч.Айтматов Улуттук академиясынын кызматкерлери: Т.ТУРГУНАЛИЕВ – академиянын президенти, Т. КЕНЕНСАРИЕВ – манастаануу бөлүмүнүн башчысы, илимдин доктору, Байас ТУРАЛ– Кыргызтаануу бөлүмүнүн башчысы, илимдин кандидаты, Д.АЛЫШБАЕВА – эл аралык бөлүмдүн башчысы, С.ТУРСУНАЛИЕВ – айтматовтаануу бөлүмүнүн башчысы, илимдин кандидаты, С.КАЙЫПОВ – башкы адис, илимдин доктору, С.БАЙГАЗИЕВ – башкы адис, илимдин доктору, К.АБАКИРОВ – башкы адис, илимдин доктору, Т.КЕРЕКСИЗОВ – академиянын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү, С.ТУРДУМАЛИЕВ – эл аралык ишкерлер боюнча өкүл, Р.БОСТОНОВ – Жалал-Абад облусу боюнча өкүл, Э.АНАРБАЕВ – Талас облусу боюнча өкүл, Н.ЧОМОЕВ – Нарын облусу боюнча өкүл, С.БЕЛЕКОВ – Бишкек жана Токтогул району боюнча өкүл, М.ШАРШЕНБАЕВ –Кыргыз эл артисти, П.ДҮЙШӨНБАЕВ — башкы адис.

Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынан: М.ЖУМАТАЕВ – академиянын президенти, О.ТОГУСАКОВ – вице-президенти, Б.МУРЗУБРАИМОВ – академик, Р.КЫДЫРБАЕВА –корреспондент-мүчөсү, Ы.МУКАСОВ – корреспондент-мүчөсү, И.АШИМОВ – корреспондент-мүчөсү.

КРнын Улуттук жазуучулар кошунунан: Н.КАЛЫБЕКОВ – башкармалыгынын төрагасы, Г.МОМУНОВА– Кыргыз эл акыны, С.ТУРГУНБАЕВ– Кыргыз эл акыны, М.МАМАЗАИРОВА – Кыргыз эл акыны, С.АКМАТБЕКОВА – Кыргыз эл акыны, К.ЖУНУШЕВ – Кыргыз эл акыны, Н.ЖАРКЫНБАЕВ –Кыргыз эл акыны, К.УРМАНБЕТОВ – Кыргыз эл акыны, А.АКБАРОВ – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, З.АЖЫМАТОВ – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ж.СААЛАЕВ – акын.

Тарыхчылардан: К.МОЛДОКАСЫМОВ – “Мурас” фондусунун башчысы, Т.ЧОРОТЕГИН – тарых илимдеринин доктору.

Манасчылардан: Р.ИСАКОВ, Д.СЫДЫКОВ, С. МЫРЗАКАРИМОВ, Н.СЕЙДРАХМАНОВ, Асаналы КАЛИЛ уулу, У.ИСМАИЛОВ, А.БАЙМАТОВ. Кайрылууга бардыгы 124 адам кол коюшкан.