Бишкек мэриясы деги эмне иш кылат?

Элдин эсинде болсо ушул жылдын 6-февралында Бишкек вице-мэри Мирлан Амантуров vb.kg сайтына “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ка-тардагы кызматкерлери 5-10 миң сом айлык  алса,  жетекчилери  30-50  миң сом маяна алып жатканын айтып берген эле. Буга улай вице-мэр «Тазалык» кызматкерлеринин маянасына бөлүнгөн 400 млн. сомдун 320 миллион сому гана маянага сарпталганын ачыктаган (80 млн.  сомдун  дайыны  жок).  Ошондой эле ал “Тазалык” жетекчиси 70 миң сом айлык аларын да баса белгилеген эле. Андан көп өтпөй “Тазалык” ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева вице-мэрдин айткандарынын баары жалган экенин айтып, айлык боюнча эсеп баракчаларынын көчүрмөсүн интернет баракчасына койгон.

“Кыргыз  Туусу”  гезити  бул  фактылар  жарыялангандан  көп  өтпөй  эле (13.02.2020)  вице-мэр  Мирлан Амантуровго багышталган суроолорун Бишкек мэриясынын электрондук дарегине жолдогон. Ушул эле күнү мэриянын маалымат  кызматынын  жетекчиси  Назгүл Жамгырчиевага байланышканыбызда ал электрондук катты алганын жана редакцияга  “жардам  иретинде”  вице-мэрге өз колу менен тапшырып коерун убада кылган.  Анын  мындай  жообунан  бери туура  25  күн  өтсө  да  вице-мэрден  же мэриядан эч кандай жооп болгон жок. Кыргызстандагы  бардык  мамлекеттик кызматтар менен тыгыз иштешкен, болгондо да салмактуу өкмөттүк гезиттин катына мэриянын кайдыгер караганын кызматтык шалаакылык дебегенде эмне дейбиз. Же мэриянын электрондук дарегине барган катты вице-мэр Мирлан Амантуровго принтерден чыгарып, карматып  коюу  өтө  эле  машакаттуу,  оор, түйшүктүү ишпи?!

А мыйзам боюнча мамлекеттик кызматтар  электрондук  кайрылуу,  арыз, каттарга  14  күндүн  ичинде  жооп бериши  керек.  Ал  эми  “Жаранда-дын  кайрылууларын  кароо  тартиби жөнүндө»  мыйзамынын  6-1-статья-сынын  4-пунктунда  электрондук  кайрылууну  алган  мамлекеттик  орган  3 күндүн  ичинде  жаранга  кайрылуунун кароого  кабыл  алынганын  же  аны  карроодон  баш  тартылганын  билдирген (датасы, убактысы көрсөтүлгөн) электрондук жооп жөнөтүшү керектиги каш-кайып жазылып турат. Ушул эле статья-нын  6-пунктунда  мамлекеттик  орган электрондук  каттан  сырткары  жаранга кат түрүндө жооп бериши керектиги баса көрсөтүлгөн. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы электрондук жоопту койдук, биздин чалууларыбызга оңураак жооп бере алган жок. Жолдогон катыбыздын дайын-дарегин сураган сайын мэриянын  маалымат  кызматынын  жетекчиси Назгүл Жамгырчиева ар кандай шылтоолорду айтып келет. Бул биринчиден  мыйзамды,  экинчиден,  кыргыз өкмөтүн сыйлабагандык.

Эми  бул  мыйзамдарды  эске  албаганда  да,  Президенттин  2019-жылды  “Аймактарды  өнүктүрүү  жана санариптештирүү  жылы”  деп  жарыялашы жана өлкө башчысынын “бул жылы  ар  кандай  мамлекеттик  органдын эшигин  каккылап,  справка,  же  башка маалымат алуу үчүн элдин кыйналганы токтошу керек” дегенин Бишкек мэриясы  уккан  эмеспи?  Же  мэрия  През-дентти да тоготпойбу? Бир жыл ичинде канчалаган мамлекеттик органдарда санариптештирүү  боюнча  алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, маалымат алмашуу тездетилип жатса мэрия үч суроого 25 күндөн  бери  жооп  бере  албай  жатат. Мэриянын маалымат кызматынан алгылыктуу натыйжа болбогон соң вице-мэр Мирлан Амантуровдун кабылдамасына да беш жолу чалдык. Вице-мэрдин катчысы Гүлдана – бул ишти маалымат кызматы аркылуу гана бүтүрөрүбүздү айтып, кутулуп жатты. Эгер вице-мэрдин катчысы жетекчисине тиешелүү маселеге кызыкпаса ал кызматта эмнеге отурганы  түшүнүксүз.  Гүлдана  айым,  же-текчиси Мирлан Амантуровдун дайыма “выездде” экенин айтат. Эгер ал киши ушунчалык  катуу  иштеп  жаткан  болсо шаардагы жол тыгындары, микроавтобустар ичиндеги азап, шаар ичиндеги башаламандык болбош керек эле. Кыскасы, Бишкек мэриясында азыр “ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт” болуп турганын ушундан эле баамдасак болот. “Кыргыз  Туусунун”  үч  суроосуна  жооп бере  албаган  мэрия  анан  борбордун 1  миилиондон  ашык  калкынын  маселесин чече алабы деген суроо туулат.

Мелис Совет уулу «Кыргыз Туусу»