Унаа тетиктери кымбаттай элек, бирок азайды

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон тарта Кытайдын товарлары менен жан багып келет. Кытайда адамга өтө коркунучтуу коронавирус илдети чыккандан бери эки өлкөнүн чек аралары жабык. Бул арада Кытай товарларынын баасы көтөрүлгөнү да байкалды. Айдоочулар кытай автотетиктери кымбаттай баштаганын айтышууда. Тетик бааларын билүү максатында Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна автотетиктер таралган “Дордой” базарын кыдырып көрдүк.

Толкунбек Бекиев «Дордой» базарында сатуучу:

-Биз бардык эле машинелердин тетиктерин сатабыз. Тетиктердин көбү Кытайдыкы. Азырынча автотетиктердин баалары мурдагыдай эле. Биздеги товардын запасы бир жылга жетет деп турабыз.

НАБИТ, сатуучу:

–  Тетиктерди  дүңүнөн  саткандар  акырындап  ба-аларды  көтөрүп  жатышат.  Мисалы  мен  мурда  400 сомго  алчу  тетикти  кечээ  сурасам  500  сом  кылы-шыптыр. Бирок, азыр бааларды мурдагыдай кармап турабыз.  ªтүмдүү  тетиктер  азайып  баратат.  Мисалы, “Тойота”, “Хонда” машинелеринин тетиктери эки айдан соң түгөнөт. “Ниссан”, “Мицубиси”, “Субарунун” тетиктери азырынча бар. Кытайлык бизнесмендер бул жактан заказ алып жатышканы менен жөнөтө албай турушат. Түштүк Кореядан, Түркиядан келген автотетиктер болсо Кытайдыкынан эки эсе кымбат. Карапайым  эл  болсо  кытай  тетиктерин  алып  көнүп алышкан.

Руслан НИЯЗОВ, сатуучу:

– Сегиз жылдан бери ушул жерде иштейм. Биринчи  жолу  Кытай  ушинтип  көпкө  жабылып  жатат.  Биз жалаң  япон  машинелеринин  тетиктерин  сатабыз. Товарлар бизге Кытайдан, Тайвандан, Араб эмираттарынан, Кореядан келет. Баалар бизде мурункудай эле. Тетиктер азайгандыктан дүңүнөн эмес дааналап сата баштадык. Дааналап сатсак товарларыбыз жа-рым жылга жетет. Кытайдын товары түгөнсө башка өлкөлөрдөн келген фирмалык тетиктерди сата баштайбыз. Бирок, алар эки эсе кымбат. Кытайдыкы арзан  болгону  менен  сапаты  да  жакшы  болуп  калган. Бирок,  тетиктен  мурун  бизге  ден-соолук  маанилүү. Коронавирус толук жоюлмайынча чек аранын ачылбаганы эле жакшы.

Нурлан Үкүев, 15 жылдан бери сатуучу болуп иштейт:

— Автотетик  баалары  5-10  сомго  эле  көтөрүлдү. Биз  “Спринтер”,  “Гигант”,  “Форд-Транзит»  «Фоль-ксфаген», «Мерседестин» жана япон машинелеринин бардык тетиктерин дүңүнөн сатабыз.

Владимир, сатуучу:

– Чынында кытай автотетиктери тартыш боло баштады, айрымдары такыр эле түгөндү. Облустарга тетиктерди  дүңүнөн  таратуучулар  жакшы  өтүүчү,  көп колдонулуучу  тетиктерди  болушунча  топтоп  алышты.  Себеби,  чек  ара  качан  ачылары  али  белгисиз. Негизи автотетиктердин баары Кыргызстанга, башка базарларга “Дордойдон” тарайт. Муну билбегендер  “Кудайберген”  базарына  барып  кымбат  сатып алышы мүмкүн. Ал жакта тетиктер дааналап, кымбатыраак  сатылат.  А  бизде  болсо  баалар  көтөрүлгөн жок.  Суроо-талап  аз  автотетиктер  жарым  жылга жетет.

Кубат КАЛИЛОВ, алты жылдан берки сатуучу:

-Унаалардын аксесуар товарлары азырынча складдарда бар. Баасы деле жогорулаган жок. Бирок, карб, полирол сыяктуу күндө өтүүчү товарлар түгөнүп деле калды.  Азыр  айрым  тетиктерди  тазалоочу,  майлоочу  майлар  Казакстандан  келип  жатат.  Бирок,  алардын  сапаты  Кытайдыкынан  начар.”Дордойдун”  90 пайызы кытай товары менен жан багат. Эгер чек ара такыр  ачылбай  турган  болсо  элге  кыйын  эле  болуп калат.

Ырысгүл, 20 жылдан бери сатуучу болуп иштейт:

–  Кытайдан  Кыргызстанга  дөңгөлөктөр,  дөңгөлөктөрдүн алюфельги (элде титан деп коюшат) диск-тери келет. Товарларыбыз такыр эле аз калды. Азыр бир комплект (төрт диск же төрт дөңгөлөк) 1500 сомго кымбаттады. Бул капчыгы жукаларга чоң эле сумма. Япониянын колдонулган дөңгөлөктөрүн саткандыктан да тартыштык көп билинбей жатат.Кытайдын жаңы дөңгөлөктөрү сапаты жагынан Россияныкынан жакшы болгондуктан эл ага аябай көнүп алган.  Албетте,  Кытай  дөңгөлөктөрү  Европа  менен Японияныкына  жетпейт,  бирок,  биздин  айдоочулар Кытайдын желими жакшы дешет. Чек ара жабылганы соодагерлерге да, элге да кыйын болуп калды. Айдоочулар керектүү тетиктерин таба албай жатышса, биз сооданын начардыгынан кредиттерибизди төлөй албай жатабыз.

МАКСАТ, айдоочу:

–  “Тойота”,  “Хундай”,  “Мерседес”  унааларынын ички тетиктери көбүнчө Кытайдан келгендиктен кымбаттап кетти. А сырткы (кузовной) тетиктер азыр көп болгондуктан кымбаттай элек.

Р.S. Базарды кыдырып көрүп, азырынча бизде кытай автотетиктеринин кору бар экенин жана кыргызстандыктар кытай товарларысыз күн кечире албай калганын баамдадым. Демек, кыргыз-кытай чек арасынын көпкө жабылышынан мамлекет жетекчилери да, кыргызстандыктар да сабак алып, ички өндүрүшкө маани беришибиз керек. Же Казакстан, Кытай, Россия чек арасын бир жылга жапса деле чек ара качан ачылат деп отура беребизби?

Мелис Совет уулу «Кыргыз Туусу»