Коронавирустун тигүү тармагына таасири

Коронавирус оорусунун чыккандыгына байланыштуу Кытай менен болгон чек аранын жабылышы кыргыз экономикасына кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн таасирин тийгизип жатат. Экономика министрлигинин маалыматтарына таянсак, Кыргызстандын сырткы мамлекеттер менен соода алакасынын бир жылдык көлөмү 6 млрд. Доллардын тегерегинде. Анын ичинен 2 млрд. ашыгыраагы Кытай мамлекети менен болгон соода жүгүртүүлөргө таандык.

Чынында эле, Кытай мамлекети Кыргызстанга жакын болгондуктан, буга чейин ал жактан товар алып келүү биздин ишкерлер менен соодагерлер үчүн өтө ыңгайлуу жана арзан болуп келген. Ошол эле учурда Кыргызстан Кытайга жылына 50-60 млн. доллардын тегерегинде товарларды экспорттоору да айтылып келет.

Расмий маалыматтарда акыркы айлардагы Кытайда чыккан илдетке байланыштуу Кытай менен Кыргызстан бири-бирине товар чыгарбагандыгы жана киргизбегендиги тууралуу айтылууда. Авиакаттамдар жабылып, авиация жолу менен келген товарлар да токтогон. Ошондой эле Кытайдын негизги өндүрүшү карантинге алынган жана жабык турат. Олуттуу өзгөрүүлөр байкалбагандыгы менен өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан айрым бир тармактарда тартыштыктар сезиле баштады. Негизи мурдатадан эле жыл жаңыргандан кийинки Кытайдагы майрамдарга байланыштуу чек ара бир айга жабылып, ишкерлер ошого карата алдын-ала даярдануу менен товарларды көбүрөөк өлчөмдө алып келип алышчу. Быйыл болсо күтүүсүз чыккан илдеттен улам, бир эле Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү кооптонуп турган учуру. Дүйнөлүк соода уюмунун эсептөөсү боюнча коронавирус оорусунун кесепетинен дүйнөлүк дүң өнүмдүн 15%га чейин кемий тургандыгы айтылууда. Илдет эки-үч ай аралыганда жоюла тургандыгын адистер айтышкандыгы менен кырдаал андан дагы узак убакытка созулуп кетүү ыктымалдыгы да жогору.

Жабыр тартып жаткан тармактардын ичинен кийим тигүү тармагын эле алалы. Кыргызстанда расмий түрдө катталган дагы, катталбаган дагы орто жана чакан кийим тигүү ишканалары абдан көп. Алардын ири делгендери гана Кытайга же Түркияга барып, керектүү товарларын өздөрү алып келип алышпаса, калгандарынын бардыгы кездеме, тигүүгө керектүү жип-шуу, тигүү машиналарынын тетиктерин ж.б. Бишкектеги Мадина базарынан алып, иштеп келишет. Биз шаардагы бир катар кийим тигүү иш-каналарынын өкүлдөрү менен байланышканыбызда, алардын көбү тигүүгө көп керектеле турган флизелин, тигүү машиналарынын айрым тетиктери базарларда калбай калгандыгын айтышты. Ошондой эле кездемелердин айрым түрлөрү дагы түгөнүп, баалары кымбаттап кеткен.

Айнура ЭДИЛБАЕВА, тигүүчү:

– Мен шаардын чок ортосундагы тигүү цехинде иштейм. Жаңы жылга чейин ишибиз токтобой, жакшы иштеп жатканбыз. Жыл жаңыргандан бери жематериал жок болуп калат, же флизелин жок болуп калат, ишибиз абдан эле солгундап калды. Кээ күндөрү цехтин жетекчиси башка цехтерден кымбат сатып келдим деп флизелин алып келет. Ал бир партияга эле жетет дагы, кайрадан ишибиз токтоп калып жатат.

Кыял МАМБЕТИСАЕВА, тигүү цехинин жетекчиси:

– Мен Ак-Өргө жаңы конушунда чакан тигүү цехин иштетем. Карамагымда 12 кыз-келин эмгектенет. Буга чейин кытайдан келген кездемелер менен аялдардын көйнөгүн тигип келгенбиз. Кытайдагы чыккан оорудан улам чек ара жабылып, бизге керектүү кездемени базарлардан табуу кыйын болуп калды. Ошондуктан азыр Түркиядан кездеме алып келгендер менен байланышып, эркектердин спорттук кийимдерин тиге баштадык. Кытайдан келген флизелинди табуу кыйын болууда.

Бахадыр АБДИМАТОВ, тигүү цехинин жумушчусу:

Кытайдагы ооруга байланыштуу кездемелерге болгон баа бир аз көтөрүлдү. Ошону менен катар эле цехте иштеген тикмечилерге төлөнүүчү акча бир аз төмөндөдү. Муну цехтин жетекчилери убактылуу деп айтып жатышат. Мурда бир көйнөккө мисалы, 50 сомдон төлөп келишсе, азыр 35 сомго ылдыйлатып жиберишти. Эми ошол бааны кайра көтөрүп беришпесе цехте иштегенге деле тикмечилер калбай калат го деген ойдомун. Чоң цехтерде күнүнө канча деген кийим тигилип келген болсо, азыр жумуш бир топ эле азайып калды.

Ал эми быйылкы 2020-жылдын февраль айынын аягындагы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эриш-аркак жылдын Москва шаарындагы салтанаттуу ачылышы менен эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечеги дагы талкууланды. Кызматташуунун алкагында так ушул тигүү тармагы дагы бар. Кыргызстандын Жеңил өнөр жай өндүрүшчүлөр ассоциациясынын («Легпром») президенти Сапар Асанов эриш-аркак жылы тигүү тармагына пайда алып келет деп эсептейт. “Эки мамлекеттин өз ара кызматташуусу дагы бийигирээк деңгээлге чыкты, биздин тармак үчүн бул пайдалуу иш-чара. Россия Федерациясы — биздин продукция үчүн стратегиялык рынок. Россиянын рыногусуз биздин тармактын келечеги бүдөмүк экендигин дайыма айтып келгенбиз. Андыктан мындай өз ара кызматташууну колдойбуз. Өткөн жылы Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жардамы менен Россиянын соода тармактарынын өкүлдөрү менен В2В форматындагы жолугушуу өткөрдүк. Аталган өлкөнүн эксперттери менен биргелешип орус бренддери жана соода тармактарынын өкүлдөрүнө октябрь айында жолугабыз. Бул ири иш-чарага азыр даярданып жатабыз. Ал биздин ишканалардын буюртмаларын өздөрүнө жайгаштырмакчы”, – дейт.

Кыргызстандагы тигүү тармагы 2000-жылдан тарта өнүгө баштаган. 2004-жылы Кыргызстанда тигилген кийим-кечелердин экспорттук көлөмү 14,7 млн. доллар болсо, он жылдан кийин бул көрсөткүч он эседен ашып, 155 млн. долларга жеткен.Тигүү тармагынын өнүгүүсүнө 2005-жылдан тарта киргизилген патент системасы да жол ачкан. Бул ыкма мурдатан көмүскөдө иштеп келген көп ишканалардын ачыкка чыгуусуна өбөлгө болгон.

Аида НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”