Шайлоо — 2017: Алгачкы убадаларды БШК берди, аткарылабы?

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги маалымат жыйында алдыда өтө турган Президенттик шайлоого тийиштүү бир канча маслеге токтолуп, шайлоого катыша турган бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк боло турганын билдирди. Ошондой эле БШК бардык эрежелердин сакталышына кепилдик бере турганын кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-июнда быйылкы президенттик шайлоонун календардык планын бекиткен. Ага ылайык, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрга чейин жарыяланышы керек. Ал эми ЖМКлар үгүт өнөктүгүн чагылдырууда кызмат көрсөтүү боюнча тизмени 1-августка чейин БШКга бериши зарыл.

Буга чейин шайлоого катышарын саясатчылар Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жарыялаган. КСДП премьер-министр Сооронбай Жээнбековду, «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн. Айрым маалыматтарга ылайык, соттуулугу бар Ахматбек Келдибеков да Президенттик шайлоого ат салыша турганы атйылып жаткан. Бирок, БШК күзүндө өтчү президенттик шайлоого соттуулугу бар жарандар талапкер болуп каттала албайт. Ошондой эле талапкерлер мамлекеттик тилди жакшы билиши зарылдыгын, бул үчүн атайын тесттен өтө турганына токтолуп өттү.

Бүгүн, 15-июндан баштап президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны расмий башталган. Президент болгусу келгендер 30 миңден кем эмес кол топтоп, шайлоо күрөөсүн жана президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин БШКга тапшырышы керек. Өзүн-өзү көрсөткөндөргө белгиленген формада арыз толтуруп, Боршайкомго берүү талабы коюлган. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: «Биз кайсы бир маселеде депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө даярбыз. Бирок кол топтоого байланыштуу так чечим кабыл алынганга чейин депутаттардын буга аралашпай турууларын суранабыз», — деп, БШКнын ишине кийлигишүү мыйзам бузуу болуп саналарын жана ага жаза колдонуларын эскерттип өттү.

Эрежеге ылайык, жаран президенттикке талапкер болуу үчүн жактоочуларынан 30 миңден кем эмес кишинин колтамгасын топтошу керек. Бирок чогултулган колдун эң көбү канча болушу керек деген маселени эксперттик топ жакында аныктамакчы.

Ошентип боло турган Президенттик шайлоого алгачкы убадаларды БШК берди. Алдыда талапкерлердин толгон-токой убадаларын угабыз. Ал эми, алардын канчасы аткарыла турганын мезгил көрсөтөт.