«Манас» эпопеясын спекулятивдик мамиледен коргош керек»

“Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын Манас таануу бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет КЕНЕНСАРИЕВ:

Ташманбет агай, жакында эле сиздердин  академияда  “Манастын”  доору  жана  “Манас” жөнүндө  мыйзамдын  аткарылышы” аттуу тегерек үстөл өттү. Эмне үчүн бул теманы талкууга алып чыктыңыздар?

–  Акыркы  жылдарда  “Манас”  эпопеясынын  айланасында  бир  катар көйгөйлүү  маселелер  чогулуп  калды. Өзүңөр  жакшы  билгендей,  Академиянын “Манас” эпопеясы боюнча негизги миссиясы КР Өкмөтү бекиткен Жобого  ылайык:  “Манас”  эпопеясынын мурастарын,  кыргыздын  башка  фольклордук материалдарын жыйноо; “Манас” эпопеясын улуттук жана эл аралык деңгээлде тереңдеп изилдөө; “Манас” эпопеясын сактоо жана фольклор алып жүрүүчүлөрдү, манасчылардын ишмердигин өркүндөтүү; “Манас” эпопеясын бүткүл  дүйнөгө  даңазалоо;  Манастаануу илимин калыптандыруу. Андыктан, биз “Манас” эпопеясынын айланасындагы  көйгөйлөргө  кайдыгер  карай албайбыз.

Ал эмне көйгөйлөр?

–  2011-жылдын  28-июнунда  КРнын «Манас» эпосу жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган. Бирок, анын аткарылышы толук  кандуу  болбой  жатат.  Маселен, “Манас”  аталышынын,  “Манас”  ысымынын  колдонулушу  чаржайыт  агым менен кетүүдө. “Манас” ысымы ишкердиктин  ыплас  түрүнө  ыктап,  “жапайы бизнестин” объектисине айланып кетти. Спирттик ичимдиктен баштап, аты да, заты да туура келбеген нерселерге Манастын ысымы чапташтырылып, “Манас”  ысымынын  ыйыктыгына,  сакралдуулугуна шек келтирилүүдө. Ошондуктан аталган Мыйзамга толуктоо киргизилиши зарыл.

-Бул  го  Жогорку  Кеңештин деңгээлинде, мыйзамга өзгөртүү жана  толуктоолорду  киргизүү менен  чечиле  турган  нерсе экен.  Талкууда  “Манас”  эпосунун жаралыш доору тууралуу да сөздөр айтылып, ким бирөөлөрдү күнөөлөдүңүздөр го?

–  “Манас”  эпопеясынын  “жаралуу доору”, Манас баатырдын тарыхыйлыгы өтө чоң, олуттуу маселе. Манастагы сюжет кыргыз элинин гана эмес, канатташ  жашаган  башка  түрк  элдеринин, кеминде  3  миң  жылдык  тарыхын  камтып турат. Жер каймактаган, адам цивилизациясы түптөнгөн доордон, Евразия континентинин мейкиндигине түпкү теги  Алтайдан  чыккан  арий  тукумунун таралышынан баштап, кечээки эле жакында, тагыраагы 1758-жылы аяктаган калмак-кыргыз  чабыштарына  чейинки окуяларды,  аларда кезиккен  антропонимдерди,  этнонимдерди,  топонимдерди чагылдырган эпостук кейипкерлерди,  элдерди,  урууларды,  жер-суу аттарын Манастан арбын тапса болот. Бирок, ошого карабастан кийинки мезгилде “Манас” эпопеясынын “жаралуу доору”, Манас баатырдын тарыхыйлыгы  жөнүндө  спекулятивдик  пикирлер пайда  болуп,  “Манас  баатырдын  доору гана эмес, анын туулган жылы, күнү, атүгүл саатына чейин аныктап койдук, “Манастын” сүрөтүн таптык, ал баланча жерде илинип турат” деген сыяктуу теңирден  тескери  антиилимий  пикирлер жарыяланууда, ал пикирлер айрым жерлерде баймабай пропагандаланууда. Мындай пикирлер “Манас” эпопеясынын  салттуулугун  бузуп  жатат.  Натыйжада, айрым бир максаттар менен даярдалган, салттуу вариантка каршы келген  “Манас”  эпосу  деген  атты  жамынган  айтымдар  пайда  болду.  Алар айрым  күчтөр  тарабынан  кыргыз  гана эмес, орус, англис тилдерине котортулуп, мектептерге таңууланууда. Ушуга окшогон, кыргыз элинин элдигине каршы чыккан жасалма чыгармаларды “вариант” деп жарыялашып, чынында Манастын салттуу вариантынын түпкү нугу бузулуп бара жатат. Атүгүл, айрым бир адабиятчылар кара сөз менен даярдал-ган тексттерин вариант катары жарыялаган кейиштүү мисалдар бар. Манасты жаттап алып, аны кичине өзгөртүп да, “менин вариантым” дегендер чыгууда.

Өткөндө ысымы элге белгилүү эле бир манасчы “Манас мусул-ман  болгон”  деген  маек  берип-тир. Буга эмне дейсиз?

– “Манас” эпосун Ислам динине каршы  коюп,  же  “Манас”  эпосун  таптакыр эле исламга байлап берген күчтөр, аны пропагандалагандар бар. Чынында,  “Манаста”  шамандык  да,  отпрастык  да,  теңирчилик  да,  манихейлик да, бутпарастык да, несториандык да, мусулмандык да чагылган. Бири аз, бири көбүрөөк. Бирок, “Манастын” шылтоосу  менен  элибизди  ишеним  жагынан  бөлүп-жаруучулук,  идеологиялык ажырым, диний ажырымды күчөтүшүп жатышат. Бул албетте элдин биримдигине доо кетирүүдө. Барып-барып, ал регионализмге, трайбализмге кетиши мүмкүн. Жогорку көйгөйлүү маселелердин баары жалпысынан кыргыздын жан-дүйнөсүнө сиңип, жүрөгүнөн орун алган Манасыбыздын ыйыктыгына шек келтирип,  “жаштарды  тарбиялоону  тескери нукка  бурууга  шарт  түзгөн  аракеттер” катары сыпатталышы керек.

–  “Манастын”  айланасында  кызыл кулактар көп турбайбы анда?

– Учурда “Манас” эпопеясынын айланасында  бир  катар  коомчулуктун көңүлүн буруучу көйгөй маселелер бар. Аларды чечүүгө, процессти кыргыз элинин кызыкчылыгына карата бурууга уба-кыт келди. “Манас” жана Чыңгыз Айтматов  Улуттук  академиясы  жогоруда айткан  көйгөлөрдү  чечүүгө  үн  кошуу гана эмес, аны чечүүгө активдүү субъект катары аракеттенет деп ишенимдүү айта аламын.

–  Алдыдагы  пландарыңыздар тууралуу айта кетсеңиз.

– “Манас” эпопеясы жана анын сегизилтик  курамы  кыргыз  элинин  гана эмес,  дүйнөлүк  руханий  маданияттын шедеври.  Азыркы  учурда  Академиянын жамааты “Манас” эпопеясын улуттук  гана  эмес,  эл  аралык  деңгээлде изилдөө,  дүйнөгө  даңазалоо,  сактоо жана  өнүктүрүү  боюнча  концептуалдуу  планмерчем  менен  иштөөдөбүз. “Манас” эпопеясын изилдөө жана аны үйрөнүү,  анын  оозеки  вариантын  кагазга түшүрүп, дүйнө элдерине таратуу 200  жылдан  ашуун  болсо  да,  чыныгы изилдөөлөр эгемендик доорунан кийин гана башталды. Биздин Академия манас -таануу  илимин  чыныгы  гуманитардык илимдин түрү катары калыптандырууга белсенип  киришти.  Маселен,  азыркы күндө  “Манастаануу”,  “Кыргызтаануу” илимий багыттары боюнча Мамлекеттик стандарт түзүүгө, КР Өкмөтүнүн ЖАКында ошол илимий багыттар боюнча “Адистик паспорт” иштеп чыгып, аны толук кандуу, өз алдынча адистик шифри бар илимдин тармагы катары жарыялоонун үстүндө иштеп жатабыз.

«Кыргыз Туусу» Болотбек Таштаналиев