Жаз майрамында жакшыларды сыйладык

 Кыздары кыйын кыргыздын

Өткөн жумада “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясы 23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө карата жана 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата жыл сайын өткөрүлө турган “Мекенчил инсандар” жана “Кыргыздын кыраан кыздары” номинацияларынын ээлерин аныктоо иш чарасын уюштуруп, республикабыздын бардык булуң-бурчунан эмгеги менен элге таанылган, жогорку номинацияларга татыктуу инсандар чакырылды. Асель ТУРДАЛИЕВА, Майрам ДҮЙШЕКЕЕВА, Роза ШАКИРОВА, Назми БАЙЗАКОВА жана башка белгилүү ырчылар салтанаттын катышуучуларын шаңга бөлөдү. Сыйлыктарды “Кыргыз Туусу” Басма үйүнүн директору-Башкы редактору Эрнис БАЛБАКОВ, Кыргыз эл баатыры Миталип МАМЫТОВ, коомдук ишмер Кемел АШЫРАЛИЕВ тапшырды. Сыйлык ээлеринин айрымдары төмөнкүдөй ойлорун ортого салышты.

Миталип МАМЫТОВ, профессор, академик, Кыргыз эл баатыры:

— «Кыргыз Туусу» алгачкы тун гезитибиз. Гезит коомдо болуп жаткан бардык ийгиликтерди, кемчиликтерди жеткиликтүү чагылдырып келе жатат. Бүгүн үзүрлүү эмгеги менен таанылган кыргыздын кыз-келиндерин, энелерди «Кыргыздын кыраан кыздары” наамы менен сыйлап жатат. Бул кыздарга дем, шык берген өтө чоң сыймык. Ушундай жакшы жөрөлгө жасап жаткан “Кыргыз Туусунун” башкы редактору Эрнис Балбаков баштаган жамаатын да куттуктап кетем.

Кемел АШЫРАЛИЕВ, коомдук ишмер, саяпкер:

— Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн бардык райондорунан, айылдарынан мыкты кыз-келиндер келиптир. Бул дайыма эле кайталана бербей турган көз ирмем. Андыктан, муну уюштурган “Кыргыз Туусуна” ырахматымды айтам. Жашоо мыйзамы боюнча эркектер аялзатысыз, аялдар эркексиз жашай албайт. Андыктан жалгыз бойлор эртерээк түгөйлөрүн тапсын, түгөйлөрү барлар бири-биринин кадырын билсин. Мисалы, мен жубайым менен жашаганыма 55 жыл болду. Менимче, бул экөөбүздүн тең эрдигибиз.

Бегайым БИЯЛИЕВА, Кочкор районунун “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси:

— «Кыргыз Туусу» гезитинин мындай иш-чараларына беш-алты жылдан бери катышып келатам. Бул иш-чара жалаң эле аялдардын эмес жалпы кыргыз элинин маанайын ача турган майрам. Мындай көңүл бөлүү эмгек адамдарына эң сонун стимул болот деп эсептейм. Жылыбыз ушундай жакшы иштер менен баш талса жыл аягына чейин көп ийгиликтерди жаратабыз. Учурдан пайдаланып кыргыз элин, жалпы аялзатын куттуктап, редакция жамаатына да ийгиликтерди каалап кетем.

 

Бактыгүл МАМАДАЛИЕВА, Ноокен районунун Арал айылдык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу:

— «Кыргыз Туусу» илгертен кыргыз элинин сүйүктүү гезити. Редакция ар жылы кесипкөй , коомго салым кошкон, татыктуу адамдарга ушундай сыйлыктарды берип келе жатат. Менимче, кыргыздын тун гезитинин бул иш чарасы сыйлык ээлерин жаңы ийгиликтерге шыктандырат жана дем берет деп ойлойм. Жалпы кыргыз аялзатын 8-март Эл аралык майрамы менен куттуктайм. Элибизде тынчтык, аманчылык болуп, кырманыбызга дан, дасторконубузга нан толсун, майрамыбыз майрамга улансын.

Айзада ТУМАКОВА, Кыргыз эл артисти, балерина:

— Ушундай салтанатка чакырылып, элибиздин кыраан айымдары менен бирге отурганыма абдан кубанычтуумун. “Кыргыз Туусу” мен сыяктуу көптөгөн таланттардын тушоосун кескен гезит. Эсимде, мен Москвадан келгенде да алгачкы интервьюм ушул гезитке жарыяланган. Андыктан, редакциянын иши дагы илгерилеп, кыргыздын атактуу инсандарын даңазалай беришин тилейм. Ал эми өз үй-бүлөсүнүн мээримдүү энеси, бакыты, ырысы, куту болгон кыргыз аялдарына чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, узун өмүр каалайм.

Абдулазим КЫДЫРБАЕВ, Токмок шаарынын Ооган согушунун катышуучулары биргелешкен коомунун төрагасы жана шаардын башкы архитектору:

— Дүйнө жүзү белгилеп жаткан аялдар майрамы менен апаларыбызды, эже- карындаштарыбызды куттуктайм. Ар убак үй-бүлөңүздөрдө бакубатчылык болуп, ден соолукта узак жашагыла, бар болгула демекчимин. Ал эми жакында эле Мекенди коргоочулар майрамын белгилеген азаматтарга биз канчалык мекенге ак кызмат өтөсөк эл дагы бизди ошончолук урматтайт. Андыктан Мекенди сүйүү биздин милдетибиз болсун деп айтат элем. Жигиттер дагы ар дайым бар болушсун!

 Касиет АНАРОВА, Баткен районунун Көк-Таш айылынын Аялдар кеңешинин төрайымы, 13 баланын энеси:

-Бүгүнкү майрамда абдан кубанып, өзүмө батпай турам. СССР убагында “Советтик Кыргызстан” аталышында чыккан бул гезит кыргыз элине өтө чоң кызмат өтөгөн. Учурда “Кыргыз Туусу” болуп чыгып жаткан бул басылмада эл кызыгып окуган жакшы макала, маалыматтар жарыяланып жатат. Иш чарага чакырып, эмгегимди баалаганыңыздарга ыраазымын. Менин 4 уул, 9 кызымдан 45 неберем, 2 чөбөрөм бар. Жалпы кыргыз аялзатына меникиндей бакытты тилеп, чың ден-соолук, бакыбат жашоо каалайм.

Зубайда НИЙМАТОВА, Кадамжай шаарындагы Ж. Мамажанов атындагы маданият үйүнүн китепканачысы:

-Кыргыздын айымдары бүгүн эле эмес, ар дайым ушундай майрамдык маанай менен жүрө беришин тилейм. Ошондой эле Кадамжайдагы эже- cиңдилеримдин, апалардын иштерине ийгилик каалайм. Мен 37 жылдан бе ри китепканада иштеп, “Кыргыз Туусу” гезитин үзбөй окуйм. Кадамжай шаарынын окурмандары дагы гезитти сыйлап, сүйүп окушат.

Акуналы ДОСАЛИЕВ, Транспорт министрлигинин Жол чарба департаментинин директоруну орун басары:

-“Кыргыз Туусунун” чыныгы күйөрманымын. Былтыр бул гезит өзүнүн 95 жылдык юбилейин белгиледи. Ушунча жылды карытып, элге кызмат кылуу оңой эмес. Бүгүн да гезит жамааты республикабыздын төрт бурчунан келген чыныгы мээнеткеч кыз-келиндерди чакырып, ар биринин кылган ишине баа берип, минтип салтанатуу түрдө сыйлап жатат. Гезиттин кадамы артып, эл үчүн кызмат кылып жүрө берсин.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу