ЖРТда эң жогорку баллды Бишкектеги №61 мектептин окуучусу топтоду

Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку баллды Бишкек шаарындагы №61 мектептин бүтүрүүчүсү камсыздагандыгы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, ал 236 балл топтогон. 2015-жылы аталган мектептин окуучусу Вадим Курочкин эң жогорку 236 баллды топтосо, 2016-жылы дагы ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү 237 балл алган.

Быйылкы жылдагы ЖРТга республика боюнча 47 миң 523 адам катышып, учурда жыйынтыгы чыгарылды. Ал эми, сертификаттар аттестаттарды берүү учурунда берилет.

Кошумчалай кетсек, бул жылы 55 бүтүрүүчү «алтын сертификатарды» алышат.