Дүйнөнү өзгөрткөн окумуштуу аялдар  

Биле жүр

 Ада Лавлейс (1815-1852), (акын Жорж Байрондун кызы), математик

Ада Лавлейс тарыхтагы биринчи программист аял. Ал Бебидж аталган машинага аналитикалык программма ойлоп тапкан жана “жумушчу клетка”, “цикл” терминдерин биринчи болуп колдонгон. Анын эсептөө машинасы бүгүнкү ЭВМдин башаты болгон. Ал атайын эсептөө программасын ойлоп тапкан жана бул биринчи компьютердик программа болуп саналат.

Мария Сколодская-Кюри (1867-1934), физик, химик

Ал уюлдук көчмө рентгендерди пайдаланууну киргизген. Бул биринчи дүйнөлүк согушта колдонулган. Бул аппарат аскер хирургдарына оор операция кылууда чон жардам берген. Жолдошу Пьер Кьюр менен бирдикте полоний, радийден турган радиоактивдүү элементти ачып, изотопторду бөлүп алуу ыкмасын иштеп чыккан. 1913-жылы физика боюнча Нобелдик сыйлыкты алган биринчи аял болгон.1911-жылы экинчи ирет химия илими боюнча Нобелдик сыйлыкка татыган. Кюри эки ирет бул сыйлыкка ээ болгон жалгыз аял окумуштуу.

Жанаки Аммал, (1897-1984), ботаник

Улуу индия элинин кызы өмүрүн өсүмдүктөрдү изилдөөгө жана чандаштыруу жолу менен асылдандырууга жумшаган. Анын кээ бир өсүмдүк түрлөрү, үрөндөрү коомго жанылык болгон. Ал кант  өсүмдүктөрүн өстүрүү аркылуу адамдардын кантка болгон керектөөсүн камсыз кылууга болорун көрсөткөн. Азыркы биз колдонуп жаткан кумшекер Жанаки Аммалдын эмгеги болуп эсептелинет.

 Кетрин Жонсон (1918-2020), математик

Анын эсептөөлөрү космостук кораблдерде, “Меркурий” “Апполлон” долбоорлорунда колдонулган. Жонсон биринчи америкалыктарды космоско учурууга жардам берген. 2016-жылы ал тууралуу “Көлөкөдөгү фигуралар” аталган кино тартылган.

Розалинд Франклин (1820-1958), биофизик

ДНКнын жуп спиралдуу болоорун биринчилерден болуп тастыктаган. Муну ал кесиптештери Крик менен Жеймс Уостон менен биргеликте изилдеген. Бирок Франклин 4  жыл мурун каза болуп калып, кийинки экөө 1962-жылы Нобель сыйлыгын алышкан. Европалык космостук агенттиги 2020-жылы Кызыл планетага (Марска) жибере турган кораблди Розалинд Франклиндин урматына аташкан.

Вера Рубин (1928-2016) астраномия

Вера Рубин америкалык  окумуштуу. Ал галактикаларды изилдөө иштеринде атагы таш жарган. Биринчилерден болуп ааламда (кара зат) космостук цементтин аалам кезип жүрүүсүн тапкан. Вера Рубиндин ачылышы 20-кылымдын эн маанилүү болуп эсептелет.

Гледис Уэст, математик

 

Бул америкалык окумуштуу аял Жер түзүлүшүн математикалык моделдештирүүнү иштеп чыккан. Анын изилдөөлөрү АКШнын космостук ракеталык системасына киргизилген.

  Флоси Вонг-Стаал, вирусолог

 

Вонг Стаал ВИЧ оорусунун түзүлүшүн чечмелеген, ошондой эле генетикалык карталар системасын түзгөн алгачкы илимпоз аял.

 Женнифер Дудна, биохимик

Ал революциялык технологияларды  (Crispr/caS9) геномдорду ондоо системасын иштеп чыккан. Окумуштуулар бул технология келечекте айыкпас ооруларды айыктыра алат деп эсептешет.

«Кыргыз Туусу» Сүйөркул кызы Асел