УКМК Сарпашевге козголгон кылмыш ишин токтотту

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Тайырбек Сарпашевге карата козголгон кылмыш иши токтотулганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тастыктады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-июнь күнү, Сарпашев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматтан бошотулгандан кийин расмий билдирүү таратып, анын айланасында болуп жаткан окуялар түшүнүксүз экенин, УКМК ага карата козголгон кылмыш ишти токтотконун билдирген.

Жыл башында Башкы прокуратура Каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кызматынан бошотуу өтүнүчү менен өкмөт башчыга сунуш киргизген. Ага башкы көзөмөл орган Сарпашевдин Скрябин көчөсүндө жайгашкан кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу боюнча соттун чечимин аткаруу тууралуу буйругун себеп келтирген. Прокуратуранын маалыматында аталган мүлк Максим Бакиевдин ишенимдүү адамдарына тиешелүү болчу. Өкмөттүк комиссия түзүлүп, Сарпашев кызматынан убактылуу четтетилген.

Мындан тышкары, ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2013-жылдын 28-мартында Каттоо кызматы жарандык абалды күбөлөндүргөн бланкаларды сатып алууга тендер жарыялаган. Сынакка эки компания катышып, Сарпашев жеңилип калган ишкананын бланкаларын сатып алууга буйрук берген делүүдө.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын 2015-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келген. Ага чейин биринчи вице-премьерликти аркалаган.

Булак: «Спутник»