Дүйнөдөгү эң кымбат аттар

Ылдамдыгы жагынан аттар автомашиналар менен жарыша алышпайт. Бирок баасы менен жарыша алышат. Бүгүнкү күндө мыкты пародадагы аттардын баасы асман чапчыйт. Баалуу аттардын тизмегин карап көрсөк.

 Франкел

Франкел — дүйнөдөгү эң баалуу аттардын сап башында турат. Анын баасы 200 млн долллар. Учурда Франкел жарыштарга катышпайт. Анын ээси Сауд Арабиялык ханзаада Халид Абдулла кайрадан жарышка алып чыгам деген тилекте. Ханзаада Франкелди сатуу тууралуу  ою жок экенин айткан. Франкелдин кулундарына жылдап кезекке тургандарга сан жетпейт.

Фусайчи Дигасус

Япониялык Фусао Секучи аны 1997-жылы кулун кезинде 4 млн долларга сатып алып – Фусайчи  Дигасус деген ат койгон. 2000-жылы ал Кентукиде Дербини (баш байге) уткан. Ал көптөгөн жарыштарды жеңүүчүсү. Анын бардык уткан байгелери 1,9 млн долларга жеткен. 2000-жылдардагы эң көп суроо талаптагы ат болуп эсептелинет. Ошол жылдары Ирландиялык атактуу Coolmore Stud компаниясы аны 70 млн долларга сатып алган.

Шрииф Денсе

Англия пародасындагы бул атты 1983-жылы Дубайдын эмири 40 млн. долларга сатып алган. Ал көптөгөн жарыштарда утуп, ат жарышын сүйгөндөрдүн сүймөнчүгү болгон. Алган байгелери 2 млн. долларга жетет.

Моорландс Тотилас

Голландия тукумундагы легендарлуу Моорландс Тотиластын төрт туягы тең ак түстө.  Бул күлүктү ат жарышынын күйөрмандары Тотилас деп аташат. Аны 2011-жылы Германиялык ээси 21 млн. долларга саткан. Бул баа эч кимди тан калтырган эмес, анткени ал мыкты аттардын катарына кирет .Жарышта 90 балл алган жалгыз күлүк, ага чейин да баа алууда рекорд коюп келген. Өз учурунда Тотиластын чабандеси Эдвард Гап ат дүйнөсүнүн рок жылдызы деген аталышка ээ болгон.

«Кыргыз Туусу» Сүйөркул кызы Асел