Марк Твен

Америкалык жазуучу, юморист -Марк Твен 1835-жылы Миссури штатындагы Флорида кыштагында туулган. Марк Твендин өз аты “Сэм Клеменс” 1863-жылы өзүнө “Марк Твен” деген ат коюп алган. Твен бала чагын ошол эле штаттын Ханнибал шаарында өткөргөн. Ал атасынан 11 жашында айрылып, жергиликтүү гезиттин басмаканасына шакирт болуп ишке орношот, кийинчерээк Сент-Луис, Нью-Йорк, дагы башка жерлердин басмаканаларында мандикер болуп иштейт.

Марк Твен агасы экөө Неваданын аймагынан күмүшкө бай кенди табуу үчүн жөнөйт. Күмүш чайкап ийгиликке жетпегени менен ал журналист катары ийгиликке ээ болот.

1865-жылы “Баканын секириги” аттуу аңгемеси үчүн ал улуттук даңктын алгачкы даамын татат.

1869-жылы “Баёлор чет өлкөдө” деген китебин чыгарат. Бул китеп тамаша, мазак, жана укмуштай мүнөздөмөлөргө бай. “Анын стили бөтөнчө ачык, мааниси айкын жана күчтүү. Анын жөнөкөйлүгүндө жакшы өнөр жатат” – деп жазган бир белгилүү сынчы.

1872-жылы “Чыңалуу” китеби жазылган. Анда Твен өзүн каарман катары сүрөттөп, ал каарман карыганда жаш кезиндеги шумпайлыгын эстейт. Ошондо Американын Батышына саякат кылуу кадамын алгачкы жолу таштаган ишенчээк, акылы тайкы баяндамачыны акылдуу, ийкемдүү жана дүйнөдөгү эң баамчыл адам кылаарын ал айкын көрсөтө алат. Тамашага бай бул китептен окурмандар Европалыктардын башка маданияттар тууралуу жеңил-желпи божомолдору чектелүү жана шылдыңга татырлык экенин түшүнөт. Бул китеп дүйнөгө бир көз чаптырып эмес, туш тараптан көз жүгүртүү керектигине чоң маани берет.

1880-жылы жазылган “Селсаяк чет өлкөдө” деген китебинде Марк Твен Эски Дүйнө аталган Европага кайтып келет. Бул китепти анын саякаты жөнүндө баян эмес эле, эскерүү катары кабыл алса болот. Европанын ак сөөктөрүн туурап отуруп, — деп кыйытат Марк Твен.

Марк Твен Кошмо Штаттардан сырткары абдан көп жерлерге саякат кылган. Ал саякаттарынын бардыгын эле ыңгайлуу же жыргал дебесе дагы, аларды ал пайдалуу деп эсептеген. Ал 1867-жылдагы катында жазгандай: “Менин билгеним жана сезгеним эле, бул чыдамсыздык менен жолдогу кыймыл, кыймыл жана КЫЙМЫЛ”!

1883-жылы “Миссиссиппидеги турмуш” ар кайсы мезгилде жазылган эки бөлүктөн турат. Твен 1875-жылы өзүнүн кемечиге шакирт болуп жүргөн мезгилин сүрөттөгөн. Китептин негизги бөлүгүндө Америкага болгон саякат жана бала чагындагы жана жаш кезинде өзү Түштүктөгү кулчулукка баш ийген мүчөсү болгонун астейдил мойнуна алат. Твен эки саясий максатты көздөйт: биринчиси учур менен мүмкүнчүлүк чоң өзгөрүүлөргө өбөлгө түзөт, экинчиси, кандайча байкап жана сындоону үйрөнбөгөн, үстү байсалдуу болгону менен астындагы татаалдыкты көрө билбеген бир да киши эч нерсени өзгөртө албайт.

 “Шаркыраган сууда кемени башкаргандай эле коомдун үстүнөн дагы байкоо жүргүзүү керек”

“Том Сойердин жоруктары” аталышындагы китеби 1876-жылы чыгып сатылышы өтө начар болчу. Бирок ал Твендин эң атактуу китеби болду.

“Эваторду аралап” деген чыгармасын Твен 60 жашында 1895-жылы Британия империясына караштуу Тынч аралдарды, Австралия, Индустан жана Түштүк Африка өлкөлөрүн кыдырып дарс окуганда, ошол дүйнөгө саякаты жөнүндө маалымат жазган.

Марк Твен беш континетти кыдырган, Атлантик мухитин 29 жолу кезип өткөн, дүйнөнү өзүнүн бай тамашакөйлүгүнөн улам сүйлөшүп жана окуп айланып келген.

Твен Индия жөнүндө минтип жазган: “Менин баамдашымда, күн өз огунда айланып турган мезгилде Индустанды эң бөтөнчө өлкө кылып коюу үчүн адамдар тарабынан да, табият тарабынан да бир дагы аракет четке кагылбаса керек. Менимче, эч нерсе унутулбаса керек, эч нерсе көз жаздымда калбаса керек”.

 

“Алтындын буусуна кармалган доор” (1873) деп Марк Твен бир мезгилге ат койгон. Ошол кезде Америкада Жарандык согуш аяктагандан кийин АКШнын өкмөтүндө, экономикалык турмушунда далдачы, паракор, саясатчы жана ач көз жер саткан чайкоочулар толуп кеткен.

Твендин ажайып, өтө өктөм, өзгөчө көркөм жана даректүү чыгармаларында биз ушул күнгө чейин чече албай жүргөн бир топ татаал, опурталдуу маселелер козголгон. Булар: кул кармап жүргөн кишилер тарабынан эркиндикке таянган улутту кабылдоо маселеси; же технология алдындагы биздин алсыздыгыбызды сезип туруп деле кайра ага ишене бергенибиздин табышмагы; же империализм жана андан кутулуудагы ооручулук маселеси, тукум куучулуктун табиятка каршылык маселеси, жаныбарлардын укугубу? Жыныс чегиби?

Айтор чынында эле, Твен өзүнүн чыгармаларынын жок эле дегенде биринде болсо дагы козгобогон азыркы күндө көзгө көрүнбөгөн маселени табуу кыйын.

Өмүрүнүн акыркы жылдары алынган сыйлык жана сый-урматтар, ардак наамдар менен мааракелери- аялы, кызы каза болгондон кийин жүрөк өксүгүн эч толуктай алган жок. Марк Твен 1910-жылы дүйнөдөн кайтты.

Марк Твен жубайы менен
Марк Твен үй-бүлөсү менен

Мурун бир да америкалык жазуучу алдыга мынчалык умтула алган эмес. Көпчүлүк америкалык жазуучуларга ага жетүүгө да умтулган эмес. Ушундай аракет жасоо үчүн Марк Твендин жүрөгүндө жалы да, шыгы да бар болчу. Анын улуугу ушунда.

Марк Твен: “Биринчи чыныгы америкалык жазуучу” китебинен даярдаган Асель Раманкул кызы “Кыргыз Туусу”