Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Ырыс тыпылдап басып, түз эле жыландын жанына келди  да, быйтыйган колдору менен  эки тизесин таяна эңкейип, анын көздөрүнө карады. Жылан былкылдаган жок. Бирок бу кыздын кылык-жоруктары кудум эле баягы бала Кызмончокту элестетип, муун-жүүнү бошоп, айрыкча, кызыл мончоктордун жөн-жайын биле албай, тырпырап жатты. Кыз жыландын жанына буттарын сунуп, тепейип отурду да, мойнундагы шурусун кармалап, алаксып кетти.

– Ыры-ыс?! – сырттан аялдын кыйкырганы угулду. – Ырыста-ай?!

Сыртка кулак түрүп, тыңшап калган кыз угулар- угулбас гана:

– И? – деп койду. Жылан эмне кылар айласын таппай кетти. Бу жерден кетиши керек болуп калды. Бирок кызды чочутуп аламбы деп, ордунан козголо албай жатты. Сырттагы элдин кужулдагы улам жакындай баштады. Жыландын дөңгөлөктөй түйүлүп жаткан денеси былкылдай түштү.

– Ыры-ыс?! – деген аялдын үнүнө удаа эле эркек кишинин:

– Кызмончок?! – деген үнү Жанды «селт» эттирди. Бул – Бектемир болчу.

Жан эми жата берүүгө болбой турганын билди. Адегенде башын акырын жылдырып, жерге түшүрдү. Анан мойну аз-аздан узарып, тамдын бурчу аркылуу чубалып жыла баштады. Саамга таң калып да, сонуркап да карап калган Ырыска мунусу жага түшкөн  сыяктанды. Кыткылыктап күлүп жиберди. Чубалып кетип бараткан жыланды эрчий карап, бир-эки курдай кармайм деп, колун сунуп барып токтоду.

Короонун ичине эл чогулуп калыптыр. Жарым-жартылай ачык турган эшиктен жыландын башы эми эле чыкканда:

– Жыла-ан!!! – деп, аны озунуп көрө калган бала кыйкырып жиберди. Калгандары баланын сөөмөйү көрсөтүп турган тарапты карап калышты.

– Жан экен! – деди кимдир бирөө. Анткени, күздөгү окуядан кийин айылдыктардын бири калбай, башка жыландарга окшобогон ак жыланды таанып, жадымдарында жаттап калышкан. Атүгүл көпкө чейин жыландар айрымдарынын түшүнө да кирип жүргөн. Бала кезинен алардын ар бирин көрүп, билип өскөнгө, Жанга да жарданып тургандар тааныш болчу. Атүгүл алардын үнү, кулк-мүнөзү да  буга  чоочун  эмес. Айрыкча Абылайды, Сайраны, Бектемирди, Таңырбай менен Ишенбайды, Касенди, Алымканды, Бектемирдин досторун жакшы билчү. Эми деле баары баягыдай… Баарынын көздөрүндө дагы деле жыланга болгон чоочуркоо, коркуу…

Ар биринин бешенесине көз чаптырган Жан ушуну байкады. Бирок бир гана Асылбек, Сырга, Кызмончоктун эмне тагдырга туш болгонун аңдай албай жатты. Ушул эле адамдардын ушул үйдү курчоого алып, өрт коюп, таш жаадырып урган ирмемдер көз алдына элестей түштү. «Балким, мээримсиз адамдар биз  кеткенден кийин аларды так ушинтип тегеректеп келип, жок кылып коюшту бекен?» – деп ойлогон жылан буларга каршылык кылууга даяр боло түштү. Эмнеси болсо да көпкө ойлонуп турууга болбойт эле. Босогодон жыбылжып түшүп, тамдын артын карай сойлоп баратты

Бектемир эмне кыларын, эмне дээрин билбей, эс-мас болуп турду.  Ушу азыр Кызмончок жыланга кубулуп алып, кайдадыр кетип бараткандай сезилди. Каны башына тээп, деми кысылып чыкты.

– Кызмончоо-оок!!! – калч-калч этти.

Бектемирдин  үнүнө жооп кылгандай, эми үйдүн эшиги «кы-ыйч» этип, акырын ачыла баштады. Тургандар артты карай кетенчиктеп барып токтошту. Бектемир гана ордунан жылбай, кирпик ирмебей катып турду.

Үйдөн Ырыс чыгып келатты. Эл ого бетер эс-мас болду. Кызмончоктун кыпкызыл мончогун тагынып алып, эч нерседен бейкапар, ушунчалык бактылуу болуп бажырая күлүп, элди карап турду кыз.

– Ыры-ыс? Кызым?! – жыйырма бештин тегерегиндеги келин элди жиреп өтүп, кызды карай чуркап келатты. Баятан бери: «Ботом, балаңды карабай эмне кылып жүрдүң эле?» – дегендерге, кызынын туруп кеткенин туйбай, өлгөн немедей уктаганын айта албай: «Жанымда ойноп отуруп эле жок болуп кетти», – деп калп айта салган болчу. Эми минтип, эч ким кирбеген ээн үйдөн, болгондо да Кызмончоктун үйүнөн жылан менен ээрчишип чыга келиши келинди жинди кылып жибере жаздады. Орто жолдо этегине чалынып кетип, көмкөрөсүнөн кулады. Энесинин ичинде эмне болуп жатканын наристе билип коюптурбу, ансайын кыткылыктап күлө берди…

Эки-үчөө чуркап келип, келинди  ордунан тургуза койду. Сүрүлүп жыгылганга эки алаканы кызыл-жаян болуп канап кеткен келин аксалаңдап барып, кызын жерден так көтөрүп ала коюп, четке чыга качты.

Бектемир, Абылай, анын артынан Сайра баштаган эл үйдү карай басышты…

– Ай, бала, коё турчу! – деди Абылай алдыда бараткан баласын каруудан кармап. – Мен кирейин, токто!

– Ооба, ошент! – деп ийди араң турган Сайра да чебеленип. Бектемир аларды укпай, болбой эле озунуп үйгө кирип келип, ортодо туруп калды. Эки жагын тегеренип карап, Кызмончоктун жерде жаткан жоолугун таанып, ала койду. Артынан жарданып карагандар күбүң-шыбыңи боло түштү:

– Тиги эмне экен?

– Жоолук го?

– Келиндин жоолугу го! – деди алардан үнүн бийигирээк чыгарган Сайра баары уксун деген кыязда. Экиге тең бөлүнүп, ортосунан уланган жоолукту уучуна тоголоктой кармаган жигит эми төркү үйдүн эшигин ачып кирип барды. «Пыр-р!» этип чабалекей учуп, жолунан адашкандай ары жакка, бери жакка урунуп жатып, терезенин ачык көзүнөн сыртка чыгып кетти. Тамдын боорундагы уядагы сары ооз балапандар чыйпылдап жатышты… Бектемирдин ичи эңшериле түштү.

Ал артына имериле бергенде эрчип жүргөндөр экиге тең жарылып, жол бошотушту.

– Азама-ат!!! – деп бакырды Бектемир элдин арасынан жанагы баланы издеп. Сыртта калып калган баланын:

– Ии?! – деген үнү чыкты.

– Бери кел?!

Эл жол бошото беришти.

Кабагын бүркөп, алда неге күнөөкөр окшоп жалтактаган Азамат кирди.

– Кызмончокту качан көрдүң эле?! – деди Бектемир.

– Жа-ана көргөм. Силердикине баратканда.

– Кайдан?!

– Биякка кирип келаткан болчу.

– Анан?!

Бала андан ары эмне айтаарын билбей, мукактанып калды.

– Кантип көрдүң эле, шашпай айтчы. Коркпо, ботом. Аны биякка сен жетелеп келипсиңби?! – деди баланын энеси. Ошого демдене түшкөн бала эми шыр кетти:

– Мен өтүп баратсам, короонун эшиги ачык экен. Анан… жөн эле карасам, Кызмончок жеңем эшикти ачып, кирип бараткан болчу.

– Анан?!

Бала ийнин куушурду:

– Анан билбейм. Мен силердикине кетип калгам…

– Жанында ким бар эле?

– Билбейм. Ой, жок… эч ким жок болчу.

– Тиги Ырысты көргөн жок белең? – деди ортодон дагы бирөө кепке аралашып. Бала башын чайкады.

– Шурусун тагып коюптур, – деди Ырыстын энеси баланын мойнундагы мончокту көрсөтүп.

– Шумдук! – деди Асанбү адатынча жоолугун кулагына кыстара салып. – Жоолугун чечип ыргытып, шурусун буга тагып… акыры жыланга айланып кеткен го, ыя?! Жанагы ак жылан Кызмончок турбайбы!

Бу жерде тургандар, жада калса Бектемир да буга адегенде ынана түштү.

– Ким билет… – деди Дилдекан. «Мына, ушундай болорун мен силерге айттым беле! Мени укпай, кулак какпай жүрдүңөр беле?!» – дегендей Сайра абышкасы менен Бектемирге карады.

– Эми эмне болот катыгүн?! – чындап эле кабатыр боло, корккондой үн катты аялдардын бири.

– Узатпай табыш керек! – деди жанагы: «Ким көрдү кылмай болдук», – деп кобурап бараткан эркек.

– Тапканда эмне кылабыз? – сөзгө аралашты баятан унчукпай турган узун сары киши. – Ал жалгыз эмес да. Күздө эмне болгонун унутуп калдыңарбы?

– Ооба десең, ачууга алдырбай, акыл калчап иш кылыш керек! Биз го ичерибизди ичип, жээрибизди жедик. Балдарды ойлойлу, – деди бири.

– Бүбү эне менен Акбай атадан кийин акыл чыга турган бир киши жок, капырай! – аялдардын бири «шуу» үшкүрдү. Ишенбай, Абылай, дагы бир-экөө буга теригип кеткендей болушту.

– Дагы бир аз ары-бери жагыбызды байкай туруп, кечинде чогулуп кеңешели. Таңыкем да келип калар, – деди Ишенбай.

– Ой, ошол Таңырбай таякемден эмне акыл чыкмак эле?! – деди Асанбү.

– Анда, акылың даяр болсо, сен айтпайсыңбы?!

Бу жерге кечирээк келип, кеп төркүнүн угуп бүтө элек, айылдын аялдарынын билерманы Дилдекан:

– Ботом, Кызмончок колубузда турганда жакшынакай тилин таап, кептин чоо-жайын жакшылып билип, баарын тынч жайгарып алсак болот беле? – деп кепке аралашты. – Анткендин ордуна кайра «ажыдаардын куйругун басып», өчөштүргөн күнөө өзүбүздө болуп жатпайбы!

Короосуна «таш ыргып кеткен» Сайра аны бир «жалт» карап алып, акшыйды:

– Эмне деп атасың, Дилдекан! «Кыйын, кыйын» деп койсо, тим эле кыябыңды таппай кетесиң да! Көрөт элем сени!..

– Чычалабай эле кой, Сайра! «Отуң менен кирип, күлүң менен чыгып» эле сага баш ийип, кызматыңды кылып жүрдү го бечара. Бир каяша айтып, эшигиңди кайра жапканын көргөн жокпуз. Ата-энеси деле жаман кишилер эмес эле, ошонун эптеп тилин таап алсаң болот беле? Канча айттым сага.

– Апе-ей!.. Сүйлөйт десе эле, адам сүйлөй берет экен да!

Бектемир алардын айтышын уккусу келбегендей, элди аралап өтүп эшикке чыгып кетти. Тамды айланып, жылан кеткен тарапка басты. Бу саам аны артынан эрчиген киши болгон жок. Бектемир тикенек, чөп басып кеткен тегеректи айланта карап, Кызмончок менен Жан ушул эле тегеректе жашырынып тургандай үмүттөнүп, кулак түрдү.

– Кызмончок?! – деди анан жанагыдай эмес, жумшак үн катып. – Жан?!

Жооп болгон жок. Үйдүн ичинде кужулдашып, талашып-тартышып жаткандардын үнү басылып, сыртка кулак түрүп калышты.

– Кызмончо-ок?! Жа-ан?! – Бектемирдин үнүндө  ал экөөнө тең кечирим кылгандай, жибигендей  белги бар эле.

Үйдөгүлөр сүрүлүп сыртка чыга башташты. Баягыдай эле Сайра баарынан озунуп, тамдын артын карай декилдеп чуркап келди. Колуна Кызмончоктун жоолугун кармаган Бектемир тоо тарапты беттенип, элге далысын салып туруптур. Башын саал чалкалата, эки ийни болор-болбос сүлкүлдөп турган жигиттин ыйлап жатканын билүү кыйын эмес болчу…

Сайра уулун карай обдула бергенде, жанындагы аял аны каруудан кармап, токтотуп калды:

– Жайына кой. Көксөөсүн суутуп алсын.

Бектемир көптөн бери минтип ыйлай элек болчу. Бүбү эненин аянына кошул-ташыл, Дилдекандын сөзү да чыны менен эле жүйөөлүүдөй өңдөндү. Эртең мененки: «Кетип кайда барам? Ата-энем болсо бир жөн?» – деп жалооруп, жалдырап турган Кызмончокту эстеди. Ошондо да анын кетип калуусун суранып,  ачууга алдырып талак айтып салбады беле! Өзөгү өрттөнүп, өзүн-өзү жек көрүп, өзүн-өзү жемелеп, өксүп турду жигит.

Жылан мунун баарын так төбөдөн, теректин башынан карап, көрүп жатты.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.